Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Президент Жапаров экономикадагы өсүштөр, тышкы карыз боюнча маек берди


Садыр Жапаров. 2024-жылдын 15-январы.
Садыр Жапаров. 2024-жылдын 15-январы.

Президент Садыр Жапаров 13-апрелде "Кабар" агенттигине курган маегинде экономикадагы өсүштөр эмненин эсебинен камсыздалып жатканына токтолгон.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "2024-жылдын 1-кварталында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 8,8% түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда ал 3 эсеге жогорулаганын, бул президенттин командасынын акыркы үч жылдагы күжүрмөн эмгегинин натыйжасы" деп айткан.

Садыр Жапаров бул көрсөткүчтөр Улуттук статистикалык комитети менен Экономика жана коммерция министрлиги көзөмөлдөп турган сан экенин белгилеп, өсүшкө бардык тармактар салым кошуп жатканын айткан.

Президент алдыңкы салык төлөөчү компаниялардын атын атап өткөн. Алар: "Кумтөр", "Альянс алтын" (Жерүй), "Алтын кен", "Нур телеком" ("О"), "Скай Мобайл" ("Bitel"), "Альфа Телеком" ("MegaCom"), "Ред Петролеум" ("Альфа Ойл"), "Партнер нефть", "Газпромнефть", "Топ ночь", "Айыл Банк", "Оптима".

Жапаров Улуттук банкты "экономиканын өсүшүнө салым кошуп, инфляцияны кармап турат" деп белгилеп, эл аралык резерв бүгүнкү күндө 3 миллиард 491 миллион долларды түзөрүн, ал 2020-жылга чейин "2 миллиард 424 миллион доллар болгонун" айткан.

Садыр Жапаровдун маалыматы боюнча, 2020-жылга чейин (30 жыл аралыгында) 16 тонна алтын чогулса, азыр Улуттук банкта 51 тонна алтын бар (3 жылда 35 тонна).

Мамлекет башчысы тышкы карыз боюнча маалымат берип, "түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбеген жарандарыбыз тышкы карыз көбөйүп кетти деп манипуляция кыла бериши мүмкүн, мындан ары ага көңүл бурбайбыз" деген пикирин айткан.

Маектеги маалымат боюнча, Кыргызстандын 2020-жылга чейин 5 млрд доллар тышкы карызы болгон.

"Бул акчага "Датка-Кемин, түндүк-түштүк авто жолу жана Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон башка көрүнүктүү иштер жасалган эмес, бирок бул 3 долбоор дагы өзүн-өзү актабаган долбоорлор, алар бизге керек болгон, бирок ал долбоорлор 2-3 эсе кымбат жасалган, Европада мындай долбоорлор 2-3 эсе арзан бүткөн" деген пикирин айткан Жапаров.

Долбоорлордун мындай кымбат бүтүшүнө Жапаров "Кытай тарап эмес, өзүбүздүн бийлик, өзүбүздүн чиновниктер күнөөлүү", деп "акчалар уурдалган" деген бүтүмгө келген.

Садыр Жапаров 5 млрд доллар тышкы карызды "2035-жылга чейин өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болуп турса Кыргызстан кыйналбай төлөйт".

Маалыматка караганда, "азыр алынып жаткан карыздардын ар бир доллары конкретүү, өзүн өзү актай турган долбоорлорго жумшалат". Мисал катары Жапаров “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушуна алына турган 5-6 млрд доллар 13-15 жылда өзүн өзү толук актайт" деген оюн айткан. Карыз бюджеттин, элдин эсебинен эмес, “Камбар-Ата 1” ГЭСинин өзүн өзү актоосунун эсебинен төлөнөт.

"Ошондуктан тышкы карызыбыз 10-15 млрд долларга чыкса дагы эч кам санабай эле олтура берсеңиздер болот", дейт Садыр Жапаров маегинде.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн долларга жетти. Бул 559 млрд 503,58 млн сом.

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 45,53% түзгөн.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, мунун ичинен 4 млрд 652,73 млн доллары (414 млрд 490,20 млн сом) тышкы карыз. Ал эми 1 млрд 627,80 млн доллар (145 млрд 13,37 млн сом) ички береселер.

Президент Садыр Жапаров былтыр “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстан мамлекеттик карызды жабууга 2022-жылы 33,6 млрд сом, 2023-жылы 48,6 млрд сом төлөгөнүн, ал эми казынадан 2024-жылы 64,7 млрд сом, 2025-жылы 75,1 млрд сом тышкы карызды төлөөгө каралганын билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө тышкы карыздын тобокелдиктери тууралуу эскерткен. Ал өлкө карызды төлөй албай калса, Кыргызстанда карызга салынган стратегиялык объектилер башка мамлекеттердин колуна өтүп кетиши мүмкүн экенин, бул көз карандысыздыкка шек келтирерин айткан болчу. (КО)

XS
SM
MD
LG