Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:25

Тышкы карыз: бийликтин билгени барбы?


Кыргызстандын тышкы карызынын негизги бөлүгү жолдорго жана энергетикалык долбоорлорго жумшалган.
Кыргызстандын тышкы карызынын негизги бөлүгү жолдорго жана энергетикалык долбоорлорго жумшалган.

Президент Садыр Жапаров соңку маегинде буга чейинки карыз өзүн-өзү актабаган долбоорлорго салынып келгенин айтып, айрымдар "карыз көбөйүп кетти деп манипуляция кыла бериши мүмкүн, мындан ары ага көңүл бурбайбыз" деди. Ал мындан ары тышкы карыз боюнча маалымат берилбей турганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган кезектеги маегинде 30 жылдан бери чогулган 5 млрд доллар тышкы карыз өзүн-өзү актабаган иштерге жумшалып, ашкере ысырап болуп кеткенин кайталады.

Чет элдин насыялык каражатына курулган долбоорлордун эң урунттуулары Бишкек Жылуулук электр борбору, Түндүк-Түштүк жолу жана “Датка-Кемин” энергодолбоору болгону менен, алар 40 жылда да өзүн актабаган, республикалык бюджетке жүк болгон карыз экенин белгиледи.

“Азыр алып жаткан карыздардын ар бир долларын конкреттүү долбоорлорго жумшайбыз. Өзүн өзү актай турган долбоорлорго алып жатабыз. Бир эле мисал келтирейин. “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушуна 5-6 миллиард доллардын тегерегинде каражат жумшалат. Бул долбоор бүтүп ишке киришкен күндөн баштап 13-15 жылда өзүн толук актайт. Бул долбоорго кеткен карызды кайтаруу убагы келгенде эл төлөбөйт. Карызды кайтаруу мөөнөтү келгенче эле “Камбар-Ата 1” ГЭСи өзүн-өзү актап бүтөт. Ошондуктан сырткы карызыбыз 10-15 миллиард долларга чыкса дагы эч кам санабай эле отура берсеңиздер болот. Эң негизгиси, буга чейинки карыздарыбызды 2035-жылга чейин толук төлөп бүтөбүз. Андан ары канча суммада карыз болсок дагы ал карыздарды ар бир долбоор өзүн актап, өзү төлөп кете берет. Республикалык казынага, элдин чөнтөгүнө күч келтирбейт. Албетте, жолдорду курууга алынган карыздарды эсепке албаганда. Мен ири долбоорлорду гана атадым. Жети-сегиз жылда өзүн өзү актай турган кичи жана орто ГЭСтердин долбоорлору бар. Аларга да инвестиция тартышыбыз керек”, - деди президент Садыр Жапаров.

Президент мындан кийин тышкы карыз боюнча талкууларга жооп берилбей турганын, бул тема аркылуу чайкоочулук кылгысы келгендер көп болгондуктан, бийлик коомдогу сын-пикирлерге көңүл бурбай турганын белгилеген.

Жапаров атаган үч ири долбоор тең мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда башталган. Кытайдын "Эксимбанкынан" Бишкек жылуулук электр борбору үчүн 386 млн доллар, “Датка-Кемин” долбооруна 389 млн доллар насыя алынган. Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун салууга "Эксимбанк" жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары 857 млн доллар насыя берген.

"Карызды экономикаң туруктуу болсо гана ал"

Кыргызстанда тышкы карыз маселеси экономикалык эле эмес, биринчи кезекте саясий маселеге айланган. Буга чейинки бийликтердин тушунда алынган карыз боюнча оппозиция катуу сындап, өлкөнүн эгемендигине да доо кетирет деген учурлар болгон. Алсак, азыркы өкмөт башчы Акылбек Жапаров тышкы карыздын коркунучу тууралуу эң көп эскерткен саясатчылардын бири эле.

Учурдагы бийлик тышкы карызды төлөй албай калуу коркунучун башкарууга келген жылдары чочулоо менен айтып келсе, соңку мезгилде башкача сүйлөп калды. Тагыраагы, экономика өнүгүп жатканын мисал кылып, сырттан каражат алуу коркунучтуу эмес экенин билдирип жатат.

Инвестициялар боюнча эксперт Шумкарбек Адилбек уулу тышкы институттар менен чет өлкөлөрдөн насыя алуу үчүн Кыргызстандын экономикасы өзүнө ишенимдүү болушу шарт деген пикирин бөлүштү:

“Биздин экономиканы структурасы турукташтырылган, өндүрүштүн көлөмү жакшы, ошого жараша алдыдагы 15-20 жылда экономикабыз сөзсүз туруктуу болот, киреше булактарыбыз сөзсүз туруктуу болот деп айтуу кыйын. Муну айтып аткан себебим, биздин экономиканын жарымы кичи-жана орто ишкерлер тарабынан кызмат көрсөтүү тармагында жаралгандыктан, кызмат тармагы геосаясий абалга, ички социалдык туруктуулукка байланыштуу. Ошондуктан экономиканын структурасын бүт бойдон карап, анан карыз алуу керек. Ал эми 10-15 млрд доллар карыз алабыз, эч кабатыр болбогула дегенин экономист катары мен абдан кооптуу сигнал десем болот. Карызды качан алса болот? Качан гана экономиканын структурасындагы, ичкеридеги реформалардын жыйынтыгынын негизинде, келечектеги кирешелерибиз менен сөзсүз карызды кайтарабыз деген ишенич менен алса болот. Андай ишенич болбогондон кийин сөзсүз түрдө ойлонуп иш кылыш керек”.

2024-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 270,50 млн долларга (560 млрд 081,34 млн сомго) жетти. Бул ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 44,50% түзөт. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, мунун ичинен 4 млрд 627,07 млн доллары (413 млрд 289,45 млн сом) - тышкы карыз. Ал эми 1 млрд 643,44 млн доллар (146 млрд 791,90 млн сом) - ички береселер.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын мамлекеттик карызы эң оор болуп саналат. Эл аралык валюта корунун маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызынын ички дүң өндүрүмгө карата үлүшү 53,53% болгон.

Карыз каражат мамлекеттеги зарылчылыкка байланыштуу алынат. Көпчүлүк учурда өкмөттүн өзүндө бош каражат болбой калганда, социалдык-экономикалык маселелерди жана масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекет эл аралык уюмдардан же чет мамлекеттерден ресурстарды тартат.

Эксперттер тыштан карыз алууда үч тобокелдикти эске алуу зарыл деп эсептешет.

Биринчиден, дүйнөлүк тажрыйбада мамлекеттик карыз өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 65% ашып кетсе, ал дефольттук же кудуретсиз абалга абалга кириптер болду деп эсептелет. Мындай жагдай жаралган учурда өлкөгө инвестиция, технологияларды тартуу, эл аралык соода-сатык иштери кыйындайт.

Экинчиден, экономикада өсүш билинбеген, шал болуу (стагнация) абалында калган учурда тышкы карыз коркунучтуу деп эсептелет. Анткени экономикадагы өсүш гана тышкы карызды төлөө мүмкүнчүлүктөрүн ача алат.

Үчүнчүдөн, тышкы карыздын чет элдик валютада алынышы улуттук экономикага коркунуч алып келиши мүмкүн. Тышкы карыз чет элдик валютада алына турган болсо, инфляциялык көрүнүштөрдөн улам карыздын көлөмү өсүп кетет.

"Карыз тууралуу коомдо ачык талкуу жүрүп турушу керек"

Бир катар эксперттер мурдагы бийликтердин тушунда мамлекеттик карыздар жана алардын иштетилишинин ачык-айкындуулугу боюнча маалыматтар бир кыйла кеңири болгонун айтат. Азыркы конституциялык түзүлүшкө байланыштуу бул жааттагы маалымат азайып, коомдук көзөмөлдүн мүмкүнчүлүгү чектелип баратканын белгилейт.

Экономикалык эксперт Эрлан Камалов карыздар тууралуу маалыматтын жетишсиздиги жана бийликтин коомдук пикирди кенебестиги ар түркүн күмөн ойлор менен шектенүүнү жаратарын айтты:

“Ар бир мекенчил жаран тышкы карыз болобу, ички карыз болобу – бул жөнүндө ойлонбой койбойт. Бул дайыма бардык мамлекеттерде ачык талкууланат. Талкууга бийлик өзүнө тиешелүү аргумент, далилдер менен жооп берип турганы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш деп эсептейм. Мындан бир трагедия кылыштын же болбосо аны ашкере саясатташтырып жибериштин деле кереги жок. Чын-чынына келгенде биринчи кезекте бул экономикалык маселе. Аны бизде саясий курал катары пайдаланган учурлар кездешип жүрбөйбү. Андайга жол бербеш керек. Анүчүн коомдо болуп аткан ар түрдүү ой-пикирлерге убагында жооп берип, көңүл туруп турса эле, менимче, бул маселе эч кандай көйгөй жаратпайт деп ойлойм. Себеби көбүнчө элде маалымат жетишпестигинен улам ар түрдүү күмөн ойлор, экономикалык мүмкүнчүлүктөргө ишенбеген маанай жаралат”.

Буга чейин коомдо өлкөнүн тышкы карызы улам өсүп баратканы тууралуу талкуулар жүрүп келген.

2022-жылы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентке барып, тышкы карыздын тобокелдиктери тууралуу эскертип, өлкө карызды төлөй албай калса Кыргызстанда карызга салынган стратегиялык объектилер башкалардын колуна өтүп кетиши мүмкүн экенин, бул эгемендикке шек келтирерин билдирген.

XS
SM
MD
LG