Калемгердин бул китебине соңку 33 жыл ичинде “Асаба”, “Агым”, “Алас”, “Де-Факто” гезиттерине, “Жетимен”, “Чалкан” журналдарына байма-бай чыгып келген карикатура жана шарж түрүндөгү сүрөттөрү топтолгон.
- Төлөгөн ага, сизди кыргыз окурмандары сүрөтчү, сатирик, жазуучу катары жакшы тааныйт. Мына жакын арада эле “Карыке-тура сабактары” деген жаңы китебиңиз жарык көрдү. Бул эмгекке чейин “Кимбайке” деген китебиңиз чыккан. Бирок эки китептин аралыгында көп жылдар өтүптүр. Кепти жаңы эмгектен баштасак.
- Туура, “Кимбайке” деген алгачкы китебим 2008-жылы чыккан. Анын ачылышын ошол жылдын 1-апрелинде күлкү күнүн утурлай өткөргөнбүз. Саамалыкка ошол учурдагы оппозиционерлердин баары келип катышкан. Анда Бакиевдин заманы эле. Куугунтук көп болуп турган. Ошого карабастан “Кимбайкени” чыгарганбыз.
Албетте, ал китепке учурунда бут тосуу болбосо да ачылышына келгендерге басым болсо керек.
Андан бери бир топ жыл өтүп, “Карыке-тура сабактары” деген бул китебим жарыкка чыкты. Мунун биринчи китептен өзгөчөлүгү - жалаң карикатуралык сүрөттөрдөн түзүлдү. Ошондой эле мында достук азил, сын иретиндеги шарждар да бар. Сүрөттөрдүн дээрлик баары кезинде гезиттерге чыккан. Алардын баарын менин азыркы "Де-Факто" гезитиндеги редакторум Амантур Мусагул уулу топтоду. Анын “жалаң сүрөт менен чыгаралы, мындай китептер азыр жок” деген сунушун туура таптык.
Эмгектин чыгышына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абтандил Кулбараков колдоо көрсөттү.
- Мындан 15-20 жыл мурун азыркыдай жайнаган социалдык тармактар жок болуп, гезиттер абдан актуалдуу эле да. Мен окуучу кезде гезит беттеринен көргөн карикатуралар, азыр ойлосом, сиздин эмгектер экен. Дал ошол учурда саясий жана турмуштук карикатуралар гезиттин көркү болгон окшойт. Азыр бул жаатта иштеген сизден башка да кесиптештериңиз барбы?
- Чынын айтсам, ошол кезде деле карикатуристтер аз эле болчу. Менден кийин эле журналист Азамат Кыязов карикатура, сатира менен алектенип жүрдү. Ал экөөбүз бир гезитте бир топ жыл канаатташ болуп да иштеп калдык. Кийин мен башка гезит-журналдарга кетип калдым.
Андан кийин чын эле гезиттердин доору өтүп кетти. Карикатура жанрынын артынан кубалап, ушул менен алектенгендерди көргөн жокмун, чынын айтсам.
Сүрөтчүлөрдүн арасында, албетте, карикатура тарткандар көп эле. Бирок алар аны эрмекке эле тартып жүрүшөт. Өзүнүн кесиби катары колдонгондор азыр жокко эсе. Себеби карикатура менен биздин өлкөдө эч ким жан бага албайт. Буга жарытылуу деле акча төлөнбөйт. Ал эми айрым чет өлкөлөрдө карикатура абдан бааланат.
- Чынында эле азыр бизде таланттуу сүрөтчүлөрдүн көп экени айтылып жүрөт. А бирок саясий карикатураны жаратуу үчүн дагы өзүнчө тубаса жөндөм-шык, билим, бекем жарандык позиция керектир?
- Албетте, карикатураны сүрөтчүнүн баары ишке ашыра албайт. Буга атайын даярдык керек. Жашоодо аркы-беркини көрөсүң, кагылып-согуласың, анан ой жүгүртүп анализ кыласың. Ушулардын негизинде даярдык түптөлөт.
Анан тарткан карикатура ошол даярдык, өзүңдүн интеллектиңе жараша жаралат. Бир эле теманы ар кайсы сүрөтчү ар кандай берет. Менин деле жаңы баштагандагы сүрөттөрүм менен азыркы тарткандарымды салыштырсам, айырма чоң. Демек, бир топ жылдык мектептен өттүм.
- Жогоруда “Кимбайке” аталган биринчи китебиңизге бийликтин куугунтугу күчөп турганда жарыкка чыкканын айтып өтпөдүңүзбү. Ошол учурда эмгектериңиз үчүн кимдир бирөөлөрдөн, айрыкча жогорку кызмат адамдарынан куугунтук көргөн, кысымга кабылган учур болду беле?
- Жалаң карикатура үчүн жеке мага ачыктан-ачык бут тосуу же кысым болгон эмес. Бирок чатактар болгон. Бул эми турмуштук чатактар да, азыр аны тереңдетип айтуунун деле кажети жок.
Бирок аны ошол учурдагы бийлик уюштурган болушу керек деп ойлоп коём. Андан сырткары редакторлорума менин сүрөттөрүм боюнча кимдир бирөөлөрдөн “муну сен кылдың, сен буюртма кылып чыгарттың” дегендей учурлар болгон.
Мындай реакциялар “Асабада” деле, “Агымда” деле болуп жатты. Гезиттерде эми сүрөттү ким тартканы боюнча маалыматтар жок да. Ошондуктан редакторлорго чалышат.
- Өнөр адамдары жасаган кызматы үчүн ар кандай мамлекеттик сыйлык менен сыйланат эмеспи. Сиздин өмүр баяныңызды окусам, башка сүрөтчү же жазуучулар алып жүргөн сыйлыктар деле жок экен. Бул да саясий карикатуралардын айынан эмеспи?
- Мен мамлекеттен эч кандай сыйлык алган эмесмин. Балким, чуркасам, жок дегенде Ардак грамота алып калмактырмын. Бирок мен сыйлыкка чуркаган дагы, кызыккан дагы жокмун. Болгону мындан төрт жыл мурун “Кыргыз тили” коомунун “Ыйык тил” төш белгисин эле алдым. Ушул мага чоң сыйлык.
- Азыркы күндө чыгармачыл эркиндик барбы, чыгармачыл инсан катары аны туясызбы? Жаңы китебиңизди деле бир топ кишилер барактап көрүп, пикирлерин айтып жатса керек?
- Китептин чыкканына 2-3 жума эле болгондуктан эч кимге деле кеңири тарай элек. Редакторум “азыр таратпай коё туралы, бет ачарын өткөрөбүз” деп жаткандыктан күтүп турабыз. Эгер китеп тарай турган болсо, сөзсүз чалуулар болот го деп турам. Себеби ичиндеги кээ бир сүрөттөр айрымдарды нааразы кылат болуш керек. Эми муну алдыдагы убакыт көрсөтөт го.
- Китепти барактасам, кыйла эле көп сүрөт бар экен. Эми 33 жылдык мээнет деле оңой эмес го. Мындагы карикатуралар боюнча атайын көргөзмө уюштурса да болчудай.
- Көргөзмө уюштуруу максатым бар. Бирок буга көп убакыт, мээнет керек. Ал үчүн китептеги сүрөттөрдүн баарын көргөзмөгө ылайыктап кайрадан тартып чыгыш керек, жасалгалоо иштери болот дегендей. Азыр гезит иштеринен кол тийбей, убактым аз болуп жатат. Бирок ойлор бар.
- Атайын убакыт бөлүп, маек курганыңызга ыраазычылык билдирем.
“Кимбайке” деген ат менен таанылган көп өнөрдүн ээси Төлөгөн Карыкеев 1961-жылы Чүй облусунун Онбир-Жылга айылында жарыкка келген. Айылдык мектепти бүткөндөн кийин борбор калаадагы азыркы Сүймөнкул Чокморов атындагы окуу жайда бир жыл окуган. 1980-81-жылы Чуйков атындагы сүрөт окуу жайында билим алган. Андан кийин Политехтин архитектура бөлүмүн аяктаган.
1992-жылдан 2003-жылга чейин “Асаба”, андан кийинки жылдары “Агым”, “Алас”, “Де-Факто”, “Чалкан” басылмаларында иштеген. Учурда “Де-Факто” гезитинде эмгенет.
Шерине