Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:25

"Желмаян" атка конуп, Африкада рекорд койгон Тобокел Мамыров


СССР спортунун чебери Тобокел Мамыров.
СССР спортунун чебери Тобокел Мамыров.

Журналист жана публицист, "Азаттыкта" көп жыл эмгектенген Амирбек Азам уулу "Тобокел Мамыровдун бийиктиги" деп аталган эмгегин жарыкка чыгарды. Китепте XX кылымдын 50-жылдарынын экинчи жарымында бийиктикке секирүүдөн Азиянын рекордчусу болгон Тобокел Мамыровдун өмүр жолу баяндалат.

Китепте Мамыровдун 1950-1961-жылдары спорттун бештен ашык түрүнөн жетишкен ийгиликтери менен катар ошол кездеги ири спорттук мелдештер, өлкөдөгү маанилүү окуялар да камтылган.

"Кыргыз гезиттеринде Мамыров тууралуу маалымат көп, орус гезиттеринде жок"

1950-жылдардын башынан тарта спорт дүйнөсүндө жылдызы жанган Тобокел Мамыров жеңил атлетиканын бир нече түрүнөн Кыргызстандын чемпиону, бийиктикке секирүүдөн Борбор Азиянын жана Азиянын рекордсмени болгон.

Волейболдон республиканын курама командасында ойносо, ордо атуудан Кыргыз ССРинин биринчилигинде байгелүү орунду уткан. Легендарлуу инсан тууралуу китепти журналист жана публицист Амирбек Азам уулу жазды.

"Тобокел Мамыровдун бийиктиги" китебинде спортчунун балалыгы, спортко келген жолу, жетишкен ийгиликтери жана окутуучулук жылдары хронологиялык тартипте фактылардын негизинде баяндалат. Ошондой эле эмгекте Кыргызстанда спорттун, анын ичинен жеңил атлетиканын өнүгүүсү, СССРде каарман катышкан ири спорттук мелдештер жана башка маанилүү коомдук окуялар тууралуу да азыноолак кеп болот.

СССР спортунун чебери Тобокел Мамыров VII республикалык спартакиаданын жабылышында. 1959-жыл. "Спартак" стадиону.
СССР спортунун чебери Тобокел Мамыров VII республикалык спартакиаданын жабылышында. 1959-жыл. "Спартак" стадиону.

Эмгектин автору Амирбек Азам уулу Мамыров тууралуу бул эмгекти жазууга эки-үч жылын сарптаганын, ал тууралуу эл ичинде айтылып жүргөн бардык кептерди иликтөөгө аракет кылганын айтты:

"Мамыровдун бардык маектерин окуп чыктым. Кыргыз тилиндеги маектеринин баарында ал “бийиктикке секирүү боюнча Азиянын рекордун койдум, менден мурда жапон спортчусу койгон экен, мен андан аштым” деп жатат. Ошондой эле ал “мен 2 метр 2 см бийиктикке секиргенде машыктыруучум жүгүрүп келип, Азиянын эле эмес, Африканын да рекордун койгонумду айтты” деп жатат. Анын өмүрү кыргыз спорт журналисттеринин арасында легендага айланып калыптыр. Бирок орус гезиттеринде эмнегедир анын ийгиликтери тууралуу маалымат жок. Мындан тышкары ал кыргыз жигиттеринен турган волейбол командасын түзгөнү үчүн куугунтукталган деген имиш кеп айтылып жүргөн. Мен өзүмө ушулардын баарынын чын-бышыгын далилдейм деп максат коюп, анан ушул эмгекти жаздым".

Амирбек Азам уулунун китеби.
Амирбек Азам уулунун китеби.

Автор Тобокел Мамыров тууралуу бул эмгекти жазуу үчүн кыргыз жеңил атлетикасынын, анын ичинен бийиктикке секирүү спортунун соңку 100 жылдык тарыхын, Кыргызстанда кандай өнүккөнүн, эмне үчүн бул спортто кыргыздар аз чыкканын изилдеген.

Анын айтымында бир ууч кыргыз жеңил атлетчилердин ичинен Мамыров өз учурунун туу көтөргөн алтаны болуп, орус улутундагы мыкты спортчулар менен тең ата жүргөн.

"Мен окуган, уккан маалыматтарга караганда, Мамыров 1950-жылдардын башында бийиктикке секирүү, узундукка секирүү, үч аттап секирүү, мылтык атуу, 110 метрге тоскоолдук менен чуркоо боюнча Кыргызстандын рекордун коюп чемпион болгон. Анан баскетболдон, волейболдон Кыргызстандын курама командасында ойногон. Кытайдагы мелдешке өлкөнүн курамасынын машыктыруучусу жана оюнчусу катары барган. Мунун баарын иликтеп, китепте аларды материалдар менен көрсөттүм", - дейт Азам уулу.

Тобокел Мамыров 2 метр бийиктиктен ийгиликтүү секирип жаткан учур. 1957-жыл.
Тобокел Мамыров 2 метр бийиктиктен ийгиликтүү секирип жаткан учур. 1957-жыл.

"Желмаян" атка конуп, тасмага түшкөн спортчу

Тобокел Мамыров 1950-1960-жылдары СССРдин 15 республикасынын мыкты спортчулары менен кыл чайнашкан таймаштарда өлкө намысын коргогон. Дал ушул жылдары Союз ичиндеги бийиктикке секирүүчү 10 мыкты атлеттин катарына кирип, тандалма курамага чакырылган. Жаңыдан телчигип бараткан кыргыз спортун Кытай, Монгол, Корея өлкөлөрүнүн атлеттери жана Ооганстандын волейболчулары менен болгон беттештерде даңазалаган.

1956-1962-жылдары Азиядагы эң мыкты бийиктикке секирүүчү атлеттердин тобуна кирген. 1957-жылы 2 м 01 см бийиктикке секирсе, бир жылдан кийин 1958-жылы 2 м 02 см бийиктикти багындырып, Азияда рекорд койгон.

Үч аттап 12 м 61 см ыргып, өлкө чемпиону болгон учур. 1953-жыл.
Үч аттап 12 м 61 см ыргып, өлкө чемпиону болгон учур. 1953-жыл.

Чапчаң жүрүм-туруму үчүн жолдошторунун арасында “Куюн Мамыт”, “Желмаян” атка конгон Мамыров 50 жаштан өткөндөн кийин да волейбол турнирлерине катышып келген экен.

Баса, Тобокел Мамыров спорт менен эле чектелбептир. Шыңга бойлуу турпатынан улам аны “Кыргыз кереметин” жараткан чыгаан режиссерлор да тасмасына тартып калышкан тура.

Маселен Төлөмүш Океев аны “Уркуя”, Геннадий Базаров “Каныбек” жана “Көчө”, Дооронбек Садырбев “Арман” тасмаларына тартса, англиялык режиссер Кен Купер Эннакиндин бүтпөй калган “Чыңгызхан” тасмасына да түшкөн.

Тобокел Мамыров "Уркуя" тасмасында милиционердин ролун ойногон (оң тарапта). 1971-жыл.
Тобокел Мамыров "Уркуя" тасмасында милиционердин ролун ойногон (оң тарапта). 1971-жыл.
Мамыров "Каныбек" көркөм фильминде (солдон экинчи). 1970-жыл.
Мамыров "Каныбек" көркөм фильминде (солдон экинчи). 1970-жыл.

"Улутчул катары сыпатталып куугунтукталган"

Амирбек Азам уулу мына ушул кызыктуу маалыматтардын баарын “Тобокел Мамыровдун бийиктиги” китебине камтыган.

Бул китептин таанытымы 14-февралда борбор калаада өттү. Ага атайын АКГШдан келген автордон сырткары Тобокел Мамыровдун ага-туугандары, жакындары, бир катар ардагер спортчулар жана китеп сүйүүчүлөр катышты.

Китептин таанытымы. 14.02.2025-ж. Бишкек.
Китептин таанытымы. 14.02.2025-ж. Бишкек.

Иш-чарага катышкан кыргызстандык оор атлетчи, 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, Мамыров тууралуу мындай эскерүүсүн уктук:

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

"1955-60-жылдар Тобокел агайыбыздын спорттогу эң бийиктикте жүргөн учуру экен. Эми биз анда кичинекей бала элек. Бирок кийин биз окуп жүргөндө дагы радиолордон ал тууралуу “Тобокел Мамыров мынча метр секирди, мындай ийгилик жаратты” деген маалыматтарда көп угуп калчубуз. Анан биз да агайдын ийгиликтеринен таасирленип спортко маани берип, акырындан талпынып олтуруп ийгиликтерге жете баштадык. Агайдын адамгерчилиги, өз өлкөсүн, элин сүйгөндүгү аны дагы да бийик кылып турчу. Көп жолу бир жүрүп, чогуу олтуруп, насааттарын угуп калдым. Азыр жаштарды кантип тарбиялайбыз деген маселе менен баш оорутуп жатпайлыбы. Агай болсо өз учурунда эле жаштарды тарбиялоо маселесин жолго коюп, мугалимдик иш менен алектенип жатат. Анан кыргыз спортун өнүктүрөм деп илгери эле волейболдон кыргыз балдардан турган курама команда топтоп, бирок курулай жааланын айынан бул кадамы улутчул катары сыпатталып, бир топ балдар менен куугунтукка алынганы айтылып жүрөт. Ошондуктан биздин сыймыктуу Тобокел Мамыровду мен тартынбай эле ошол учурдагы кыргыз спортундагы Гагарини деп айтам”.

Мамыров Фрунзедеги орус тили жана адабияты пединститутунун волейбол командасынын катарында. (2-номерде) 1985-жыл.
Мамыров Фрунзедеги орус тили жана адабияты пединститутунун волейбол командасынын катарында. (2-номерде) 1985-жыл.

"Китеп чыкпаса, ал тууралуу билбей калмакпыз"

Мамыровдун өмүр-бейнесине арналган китептин таанытымында анын ички мазмуну тууралуу талкуулар болуп, автор менен эркин маектешүү да орун алды.

Эмгекти иш-чарага чейин окуп бүткөн студент Айчолпон Абылкосимова андан алган таасирлеринен бөлүшүп, китепти башкаларга да сунуштаарын айтты:

Айчолпон Абылкосимова.
Айчолпон Абылкосимова.

"Китепти бир дем менен окуп чыктым. Чындыгында спорт жаатында чоң ийгиликтерди багындырган ушундай инсан бар экенин буга чейин билген эмесмин. “Өлгөндөр баркталмайынча, тирүүлөр даңкталбайт” дейт эмеспи. Ошондуктан ушул эмгектин жаралганына кубандым. Бул китеп чыкпаса, жаш муун Мамыровдой улуу инсанды тааныбай калмакпыз. Анын жасаган эмгектери, койгон рекорддору окурман катары мени абдан таасирлентти. Өрнөктүү өмүр сүргөн инсандар тууралуу менден башка да жаштар көбүрөөк билиши керек деген ойдомун. Ошондуктан мындай эмгектер жарала берсин".

Эмгек өлкөдө спорттун, анын ичинде жеңил атлетика менен волейболдун өнүгүүсүнө багытталып, көрүнүктүү инсандардын өмүр жолуна кызыккан жалпы окурмандар журтуна сунушталат.

Мамыровдун жалындуу жаш чагы. (Сүрөттөр Амирбек Азам уулунун "Тобокел Мамыровдун бийиктиги" китебинен алынды)
Мамыровдун жалындуу жаш чагы. (Сүрөттөр Амирбек Азам уулунун "Тобокел Мамыровдун бийиктиги" китебинен алынды)
Жогорудагы сүрөттө Мамыров (ортодо) ошол кездеги Мамлекеттик энергетика комитетинин башчысы У. Матиев жана ошол учурдагы президенттин кеңешчиси А. Какеев менен. Ылдыйдагы сүрөттө улуттук олимпиадалык комитеттин ошол убактагы президенти Э. Кутманалиев менен. 2000-жыл.
Жогорудагы сүрөттө Мамыров (ортодо) ошол кездеги Мамлекеттик энергетика комитетинин башчысы У. Матиев жана ошол учурдагы президенттин кеңешчиси А. Какеев менен. Ылдыйдагы сүрөттө улуттук олимпиадалык комитеттин ошол убактагы президенти Э. Кутманалиев менен. 2000-жыл.

СССР спортунун чебери Тобокел Мамыров 1932-жылы Чүй облусундагы Кегети айылында туулган. 1949-1952-жылдарда Кыргызстан мамлекеттик университетинин дене тарбия бөлүмүндө окуган.

1953-жылдан баштап узак жылдар бою Фрунзе шаарындагы кыз-келиндер институтунун дене тарбия кафедрасында мугалим болуп эмгектенген. Кыргыздардан чыккан 1-спорт чебери, легендарлуу спортчу 2006-жылы 74 жашында Бишкек шаарында акка моюн сунган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Шерине

XS
SM
MD
LG