Аксы шайлоо округунан кайрадан шайланган депутат Азимбек Бекназаров Конституцияга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун экс-президент Аскар Акаевдин реформаларынан да алсыз аракеттер катары сынга алууда. Мындай пикирин экс-башкы прокурор 12-декабрда Жогорку Кеңеште өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Бул күнү Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты катары ишин баштады.
Конституцияга өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору ишемби күнү эки саясий партиянын, төрт коомдук уюмдун демилгеси менен уюштурулган тегерек үстөлдө талкууланды. Уюштуруучулардын катарында “Улуу Биримдик” улутчул-демократиялык, «Асаба» улуттук саясий партиялары, «Ашар» козголушу, «Улут ордо-Кут», Элдик курултайды уюштуруу, жаштардын «Ак шумкар» уюмдары бар. Бул уюмдар Башмыйзамга элдик курултай түзүмүнүн киргизилишин, орус тилинен расмий тил макамын алып салуу демилгесин көтөрүп жатышат.
Канттагы аскер базасы үчүн аренда акы төлөнбөгөндүктөн Россиянын Кыргызстандын карызын кечишине жетишүү жөнүндө маселе кыргыз коомчулугунда көтөрүлүүдө. Орусиялык аскер базасынын келечек тагдыры жөнүндө Бишкекте 6-декабрда өткөн тегерек үстөл талкуусуна катышкандар Кыргызстан чет элдик аскер базаларын жайгаштырууда өзүнүн кызыкчылыгын жогору коюшу керек деп белгилешти.
«Кант» аба-аскерий базасынын азыркы жагдайын жана келечегин талдаган тегерек үстөлдөгү талкуу 6-декабрда Бишкек шаарында өттү. Тегерек үстөлдө авиабазаларын Кыргызстанга жайгаштырган АКШ, Орусия мамлекеттеринин саясий кызыкчылыктары, ага байланышкан проблемалар, пайдасы, өксүктөрү тууралуу сөз болду.
1-май райондук соту 2-декабрда 17-июндагы окуя үчүн айыпталып жаткан экс-спикер Мукар Чолпонбаевге байланыштуу ачылган кылмыш ишин кароону уланта алган жок. Буга күбөлөрдүн жетишсиздиги себеп болду. Бирок, бул күнкү отурумунда сот 17-июнда өкмөт үйүндө болгон окуяда таяк жеп, кийин көз жумган жоокердин атасынын арызын кабыл алды.
Кыргызстанда «Демократиялык күчтөр биримдиги» деп аталган республикалык жаңы саясий партия түзүлүп, анын уюштуруу жыйыны 27-ноябрда Бишкекте өттү. Курултай бекиткен саясий кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов, Борбор Азиядагы Америка университетинин вице-президенти, элчи жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бакыт Бешимов, ишкер Өмүрбек Абдрахманов баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер киришти.
Конституциялык реформага көз салган байкоочулар «Баш мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү» калктын кароосуна коюлган жаңы долбоордогу башкы өзгөчөлүктөрдүн бири катары өлүм жазасынын алынып салынышын белгилеп жатышат. Бирок бул маселе жаңы долбоордун алкагында талаш-тартышты жараткан маселелердин бири болууда.
Кыргызстанда март окуясынан кийин башталган конституциялык реформага эл аралык эксперттер кандай баа беришет? Бул маселени Кыргызстандагы коомдук саясий чөйрө 24-ноябрда Бишкекте талкуулоого киришти. Эки күнгө белгиленген тегерек үстөлдөгү бул талкууну президенттик администрация, Жогорку Кеңеш, Бириккен Улуттар Уюму, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана Венеция комиссиясы уюштурууда.
23-ноябрда өзбекстандык укук коргоочулар Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында пикет өткөрүп, Европарламентке жана Германия парламентине төрт талап койгон кайрылуу жолдошту. Төрт журналист жана бир укук коргоочу кол койгон бул кайрылууда Европа Биримдиги Өзбекстандын расмий өкүлдөрүнө карата берген санкциянын аткарылбай жатышына түшүндүрмө берүү талабы коюлган.
22-ноябрда Жогорку Кеңеште премьер министр Феликс Куловдун катышуусунда өкмөттүк саат болду. Бул күнү жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюунун, күйүүчү-майлоочу май менен калкты жабдуунун абалы талкууга алынды. Күн тартибиндеги бул маселе Кыргызстандын бюджетине байланышкан айрым маселелердин козголушун шарттады.
Биринчи май райондук соту оор кылмыш жасагандыгынан шектелип жаткан Рысбек Акматбаев баштаган тогуз айыпталуучуга байланышкан ишти башкы прокуратуранын карамагына кайра кайтарды. Мындай чечимди сот өзүнүн 14-ноябрга белгиленген сот отурумунун башталышында чыгарып, аны жабырлануучулардын жана күбөлөрдүн сот отурумуна толук келбей коюшу менен негиздеди.
Жогорку Кеңеш 11-ноябрдагы отурумунда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» президент сунуштаган долбоорду колдобой койду. Муну төрага долбоордун кыргыз тилиндеги нускасы жок экендиги менен түшүндүрдү. Бирок иш жүзүндө долбоор сессияда кескин сынга кабылды.
90-жылдардан тарта ишкер жана саясатчы катары коомчулукка таанылган экс-депутат Данияр Үсөновдун биринчи вице-премьерлик кызматка 8-ноябрда парламенттен макулдук албай калышын саясатчылар ар кыл өңүттө талдап жатышат. Президент Курманбек Бакиев Данияр Үсөновду биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып 10-октябрда дайындап, 28-октябрда парламентке сунуштаган.
Жогорку Кеңеш 8-ноябрда башкы прокурордук кызматка Камбараалы Конгантиевдин талапкердигине макулдук берди. Ал эми биринчи вице-премьер-министрликке сунушталган Данияр Үсөнов парламентте колдоо таппай калды.
Президент Курманбек Бакиев журналисттер үчүн апта ортосунда уюштурган маалымат жыйынында саясий партияларга байланыштуу эки багытта көз карашын билдирди. Башкача айтканда, мамлекет башчы өлкөнүн бардык кызыкчылыктарына төп келген кубаттуу партия түзүлүшүнө кызыкдар. Экинчиден, партиялардын шайлоого катышуу тууралуу жобосунун Конституцияга киргизилишин жактабайт. Мындай көз караш коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда.
Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал президенттин жана өкмөттүн толук көзөмөлүндө турат. Президент Курманбек Бакиев премьер-министр Феликс Кулов менен бирге 2-ноябрда өкмөт үйүндө уюштурган маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады. Бул маалымат жыйынында эки лидер өлкөдөгү саясий кырдаалга, конституциялык реформага, кыргыз-америка аскерий кызматташтыгына байланышкан суроолорго жооп беришти.
1-ноябрда Кыргызстанга АКШнын аскерий кол башчысы Жон Абизейд келип, президент Курманбек Бакиев баштаган бир катар мамлекеттик ишмерлер менен жолугуштуу. Жолугушууларда аскерий кызматташтык маселелери талкууга алынды.
Кыргызстан аймагында тынч митингдерди уюштуруп, жүрүш жасоого убактылуу тыюу салуу маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. Акыркылардан болуп мындай сунуш менен президентке жана Жогорку Кеңештин төрагасына Кыргызстан жазуучуларынын жамааты кайрылды. Буга чейин мындай демилгени октябрь айынын башында ЖК депутаты, учурда баш прокурордун милдетин аткарып жаткан Камбараалы Конгантиев көтөргөн. Ушул эле өңүттөгү көз карашын президент Курманбек Бакиев акыркы жыйындардын биринде билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев баштаган төрт адамдын №31-түрмөдө атып өлтүрүлүшү Кыргызстандын түзөтүү жайларындагы акыркы жылдары топтолгон проблемалардын бетин ачты. Ушундай пикирдеги адистер реформалоого олуттуу маани бермейинче, системаны иретке келтирүү мүмкүн эмес, деп санашат.
Жогорку Кеңеш 25-октябрда депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланышкан кырдаалды талкуулап, депутаттык комиссия түздү. Парламенттин сессиясында башкы прокурордун милдетин аткаруучу Камбараалы Конгантиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов, юстиция министри Марат Кайыпов, ички иштер министри Мурат Суталинов жана коопсуздук кызмат башчысынын биринчи орун басары Абдижалил Жамалов маалымат беришти.
Дагы жүктөңүз