Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:16

САЯСИЙ УЮМДАРДЫН БАШМЫЙЗАМГА СУНУШТАРЫ


Конституцияга өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору ишемби күнү эки саясий партиянын, төрт коомдук уюмдун демилгеси менен уюштурулган тегерек үстөлдө талкууланды. Уюштуруучулардын катарында “Улуу Биримдик” улутчул-демократиялык, «Асаба» улуттук саясий партиялары, «Ашар» козголушу, «Улут ордо-Кут», Элдик курултайды уюштуруу, жаштардын «Ак шумкар» уюмдары бар. Бул уюмдар Башмыйзамга элдик курултай түзүмүнүн киргизилишин, орус тилинен расмий тил макамын алып салуу демилгесин көтөрүп жатышат.

Аталган уюмдар Башмыйзамга толуктоо, өзгөртүү киргизүү жөнүндөгу мыйзам долбооруна мамлекетти башкаруу формасы, депутаттарды шайлоо тартиби, дин өңдүү жети маселеге байланыштуу өзгөчө сунуштарын билдирип жатышат. Алардын ичинен негизги талаш-тартыш мамлекетти башкарууга элдик курултай институтун киргизүү жана орус тилинен расмий макамды алып салуу сунуштары жаратууда. Демилгечилердин түшүндүргөндөрүнө караганда, маселен, элдик курултайды Башмыйзамга киргизүү мамлекеттик бийликтин жоопкерчилигин арттырат, анын үстүнө парламенттик түзүлүшкө да каршы келбейт. Бул тууралуу «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиянын лидери Эмил Каптагаев мындай дейт:

- Азыркы парламент мыйзам чыгаруу жыйыны катары конгресстин ордун, ал эми курултай болсо сенат сыяктуу эл өкүлү катары элдин бийлиги болуп калат. Бул жерде карама-каршылык болбойт.

Эмил Каптагаевдин айтымында, демилгечилер элдик курултайдын жобосун, механизмин иштеп чыгышты. Ага ылайык курултайга жер-жерлерден 700 мүчө шайланып, алар райондук, облустук бийликтен тартып президентке чейинки мамлекеттик жетекчилердин ишин көзөмөлдөп турушат. Бул демилге Конституциялык реформанын биринчи этабында да бир катар саясатчылар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү тарабынан көтөрүлүп, бирок, колдоо тапкан эмес. Муну демилгечилер элге түшүндүрүүнүн жетишсиздиги менен байланыштырышууда. Тегерек үстөлгө катышкан Махмуд Кашгари Барскани атындагы чыгыш университетинин ректору Асан Ормушев демилге бул сапар колдоо таап кетишин жокко чыгарбайт:

- Жалпы эл чечкен маселе чындыкка жакын келет да, кыргыз элинин эртеңки келечегине өбөлгө болуп, өзүбүздүн улуттук менталитеттин өзгөчөлүгү катары да айырмаланып турабы деп ойлойм.

Бирок, бул өндүү демилгени ар кандай саясий кызыкчылыктар менен байланыштыргандар да болуп жатат. Мындай көз карашын тегерек үстөлдө философия илимдеринин кандидаты Эмил Каниметов да билдирди. Анын «Азаттыкка» берген интервьюсунда белгилегенине караганда:

- Муну элдин бийликти көзөмөлдөп туруу аракети катары түшүнсөк болот. Бирок, муну дагы ар кандай адамдар ушул саясий оюн үчүн пайдаланганга аракет кылып жаткандай көрүнүштөр байкалууда.

Тегерек үстөлдө элдик курултай сыяктуу эле бүйүрдү кызыткан маселе орус тилинен расмий макамды алып салуу демилгеси болду. Демилгечилер расмий макамды алып салуудан орус тили өксүбөйт, ал эми анын расмий макам алышынан мамлекеттик тил өксүп калганын айтышат. Мындай көз караштарды реалдуулуктан алыс деп караган саясатчылардын бири Роза Отунбаеванын көз карашында азыр расмий тилди алып салуу чыңалуу жаратышы ыктымал:

- Эми азыр атайылап чыгарып салуу чоң толкунга алып келиши, эки өлкө ортосунда кандайдыр бир чыңалууну жаратышы мүмкүн.

Ошондуктан, Отунбаева расмий тилди жайына коюп, улуттук тилди өнүктүрүүнүн башка жолдорун табуу керек дейт.

Тарыхчы Баяс Туралдын көз карашында, кыргыз тили улуттун, мамлекеттин негизги белгиси катары жоголуу жолуна түшүп, саясаттын куралы болуп калды. «Курманжан датка» фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева расмий макамды алып салуу этикага дал келбейт дейт:

- 2003-жылы расмий тил деп Конституцияга киргизбеш керек болчу. Эми киргизгенден кийин алып салуу этикага жатпайт. Эларалык мамиледе да ушундай. Анын үстүнө бул өнүгүү тили. Орус тилин билбесең кантип дүйнө жүзүндөгү жаңылыктарды угасың. Эгер элибиз англис тилин, башка тилдерди жакшы билсе, орус тилдерин чанса болот эле. Азырынча биздин эл орус тилин түшүнөт. Ошон үчүн орус тили калышы керек.

Анткен менен, демилгечилер аталган сунуштарды эл колдооруна бекем ишенимде. Айрым байкоочулар болсо муну саясий жана коомдук уюмдар маселенин ишке ашыруу кыйынчылыкты туудурган маселелерди өздөрүнүн атын чыгаруу максатында атайылап дуулдатып жатканын белгилешүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG