Бул сот жараяны ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыштарды иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Чыныбек Алиевди, кылмыш дүйнөсүнүн барктуу адамы саналган Азиз Батукаевдин жездеси Хаважи Заурбековду жана Нурлан Бердикеев аттуу дагы бир атуулду өлтүргөндүгүнөн шектелген 9 адамдын айланасында 28-октябрга белгиленген. Андан бери белгиленген үч жолку отурумга тең жабырлануучу тараптан маркум Чыныбек Алиевдин туугандарынан башкалар келишкен жок. Ошондуктан судья Аманбек Сариев сотко чектелген убакыт бүтүп калды деп эсептеп, тиешелүү жабырлануучулар менен күбөлөрдү толуктоо сунушу менен кылмыш ишин башкы прокуратурага кайтарып берүү тууралуу чечим чыгарды.
Чечимде көрсөтүлгөнгө караганда, кылмыштарды карап жаткан сот ишти тараптардын толук катышуусунда жүргүзүүгө, айыптоочу тарап алардын катышуусун толук катышуусун камсыздоого милдеттүү.
Бирок өткөн жылдын 5-майында атып өлтүрүлгөн, март окуясынан кийин генералдык наам ыйгарылган маркум Чыныбек Алиевдин туугандары иштин улам создугуп баратышына кабатырланып жатышат. Буга байланышкан пикирин маркумдун агасы Аскер Алиев билдирди:
- Бир жыл болду. Шектүү адамдардын баарын былтыр бошотуп жиберди. Мурдагы бийлиги да бошоткон. Бул бийлиги да бошотуп атат. Туура эмес эле көрөбүз биз муну.
Аскер Алиевдин көз карашында, минтип отурса соттук териштирүүлөр дагы жарым жылга чейин барышы мүмкүн. Оор кылмыш катары каралып жаткан бул топ иш бир жылда бүтө каларына айыпталуучу Дамир Сейитбековдун адвокаты Сергей Литвиновдун да көзү жетпейт:
- Азыр баштай албай жатканыбызды эске алганда эле, бир жылда да бүтпөйт. Бул мүмкүн эмес.
Айыпталуучулардын бири Эркинбек Мамбеталиевдин жактоочусу Сергей Манукян сот ырааттуу башталгандан кийин жагдай аныктала баштайт деген көз карашта:
- Адатта, бир айлык мөөнөт берилет. Бирок айыптоочу тарап кол койдуруп, милдеттенмесин алуу өңдүү иштерди канча мөөнөттө бүтүрсө, ошондон кийин анан мөөнөтү белгилүү болот го.
Рысбек Акматбаевдин адвокаты Рысбек Нагаевдин оюнда, ушинтип созуп отурбай эле ишти баштай берүү жөндүү болмок:
- Мисалы, прокуратура деле, биз - жактоочулар деле, жабырлануучулардын өкүлдөрү деле баштай берсек болмок деп айтпадыбы, ушинтип чоюп отурбай. Мыйзам жол бермек.
Бирок Нагаев соттун ишти башкы прокуратурага кайра кайтарып беришинен саясат жасоонун кереги жок деп эсептеди.
Анткен менен, бул күнү Рысбекти актоону сурап, энелердин атынан сотко кайрылуу тапшырылды. Ушул эле күнү Рысбек Акматбаевдин туугандары, ал акталбаса, куугунтуктоо токтобосо, 25-ноябрдан баштап премьер-министр Феликс Куловду кызматтан кетирүү, парламентти таратуу талаптары менен акцияга чыгышары тууралуу кабарлашты.
Жогорудагыдай акция алгачкы ирет 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин түрмөдө өлтүрүлүшүнө байланыштуу башталган. Маркумдун Рысбек Акматбаев баштаган туугандары депутаттын өлүмүнө премьер-министр Феликс Куловдун тиешеси бар деп, анын кызматтан кетишин талап кылышкан. Бул акция президент Курманбек Бакиев менен 27-октябрдагы жолугушуудан кийин токтотулган.