Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Париж-2024: Жөө күлүк Сардана Трофимова 14-орунду ээледи


Сардана Трофимова Париж Олимпиадасында. 11-август, 2024-жыл.
Сардана Трофимова Париж Олимпиадасында. 11-август, 2024-жыл.

Париж Олимпиадасында кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова марафондук жарышта 14-орунду ээледи. 42 чакырым 195 метр аралыкты Трофимова 2 саат 26 мүнөт 47 секунд аралыкта чуркап өттү. 1-орунду нидерланддык Сифан Хассан алды. Ал аралыкты 2 саат 22 мүнөт 55 секундда чуркап, Олимпиаданын рекордун жаңыртты. Буга чейинки рекордду 2 саат 23 мүнөт 7 секунд көрсөткүчү менен 2012-жылы эфиопиялык Тики Желана койгон.

2-орунга эфиопиялык Тигист Ассефа (2:22:58), 3-орунга кениялык Хеллен Обири (2:23:10) жайгашты. Бул жарышка жалпы 91 атлет катталып, алардын 11и марага жетпей калды.

Париж Олимпиадасында 14-орунду алуу менен Сардана Трофимова улуттук рекорд койгонун Париж Олимпиадасынын расмий сайты белгиледи. Буга чейин Токио Олимпиадасында кыргызстандык Дарья Маслова 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 35 секундда чуркап 36-орунду ээлеген.

36 жаштагы теги якутиялык марафончу Сардана Трофимова 2022-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. Марафондук жарышта Азия оюндарынын коло байгесинин ээси (2023-ж.). Жарым марафон боюнча Азия чемпионатынын коло байгесин уткан (2023-ж.).

Жарым марафон боюнча командалык жарышта Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча кыз-келиндер курамасы менен Азия чемпионатын жеңген.

Олимпиадага Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму берген квотанын негизинде катышууда.

Орусиянын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мурдагы мүчөсү. Марафондук жарышта Орусиянын беш жолку чемпиону болгон.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда Кыргызстандын капчыгында эки күмүш, төрт коло байге бар. 11-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло байге үчүн беттешке чыгат. Бүгүн Париж Олимпиадасында мелдештер жыйынтыкталат. (ECh)

XS
SM
MD
LG