Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Сирия: адашкандар мекенге кайткысы келет


Сириядагы лагерлердин бири.
Сириядагы лагерлердин бири.

Сирия аймагы “Ислам мамлекети” радикал уюмунан тазаланып калды деген маалда туткундалган согушкерлер менен алардын үй-бүлөсү бир катар өкмөттөрдүн баш оорусуна айланды.

Президент Башар Асаддын армиясы жана оппозициядагы Сириянын Демократиялык күчтөрү “Ислам мамлекети” радикал тобун сүрүп чыгарына аз калды.

Бирок көптөгөн аналитиктер жеңишти майрамдоого эрте экенин айтышууда. Ар кандай маалыматтарга караганда, Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” тобунун 20-30 миңдей согушкери жашырынып жүрөт. Алардын көбү мекенине кайта албаган чет өлкөлүктөр.

Радикалдашуу маселесин иликтеген лондондук борбордун маалыматына ылайык, 2013-2018-жылдар аралыгында Сирия менен Ирактагы жихадчылардын катарын 40 миңден ашуун чет өлкөлүк жарандар толуктаган.

Эми ошол жоочулардын жесирлери, жубайлары менен балдары Сириянын Демократиялык күчтөрү түзгөн талаа абактарында жана качкындар лагерлеринде кармалып турат. Айрым маалыматтар боюнча ал жайларда согушкер деп шектелген 800дөй киши, 700гө чукул аял жана 1500 бала бар.

Өткөн жылдын аягында АКШ президенти Дональд Трамп Сириядагы контингент чыгарыларын жарыялагандан кийин өзөгүн күрт кошуундары түзгөн Сириянын Демократиялык күчтөрү лагерлер менен түрмөлөрдү мындан ары кайтара албасын эскертишти.

Ошол күчтөргө колдоо көргөзүп келген Вашингтон европалыктарды жана башка мамлекеттерди “согушкерлери” менен алардын үй-бүлөсүн алып кетүүгө, жоопкерчиликти өздөрүнө алууга үндөдү.

Франциялык журналист Сами Букелифа Сириянын түндүгүндөгү качкындар лагерине бир нече жолу барып, ал жактагы абал менен таанышып келген.

- Салгылашуудан жер которууга мажбур болгон качкындар жайгаштырылган лагерлердин ичинде, бардыгында болбосо да, айрымдарында, өзүнчө бөлүнгөн лагерлер бар. Аларды жихадчылардын үй-бүлөсү пааналап келет. Арасында чет өлкөлүктөр бар экени чын. Тагыраак айтсам, көбү чет өлкөлүктөр. Европалыктар, орустар, марокколуктар, алжирдиктер... Кыскасы, түрдүү улуттун өкүлдөрү. Негизинен жихадчылардын аялдары менен балдары.

​Франциялык журналисттердин ошондой лагерден тартып келген репортаждарынын биринде кыргыз паспортун көрүп калдык эле. Бирок Букелифа кыргызстандыктарды жеке өзү жолуктурбаганын айтты:

- Сибирден, Дагестандан чыккан орусиялык кыз-келиндерди көргөм. Сибирлик бир аялды сөзгө тартсам, Ирактын Мосул шаарына күйөөсү менен турист болуп келгенин айткан. Анан бизди коштоп жүргөн Сирия демократиялык күчтөрүнүн аскери “калп сүйлөп, коркуунун кереги жок” дегенден кийин буга чейинки кебин 180 градуска өзгөртүп, Жакынкы Чыгышка кандайча келип калганын баяндап берди. Күйөөсү Сириянын Ракка шаарында экстремисттердин катарында согушканын моюнга алды. Бир нече жыл бою “Ислам мамлекети” террорчу уюмунун көзөмөлүндөгү чөлкөмдөрдө жашап келгенин, күйөөсү окко учканын айтты. Ал чөлкөмдөн чыгарууга көмөктөшкөн атайын ортомчу адамдар да бар экен. Алар бир кишиден 5 миң доллардан алышарын билдик. Тигил аял мекенине кайткысы келбейт экен, себеби өз өмүрү үчүн коркот.

Жогоруда сөз болгон күрт кошуундарынын өкүлү Махмуд Салахты сөзгө тартканыбызда улам бир жерди “Ислам мамлекетинин” террорчуларынан бошоткон сайын аларга кайрылган карапайым кишилер көбөйүп жатканын, арасында борборазиялыктар да бар экенин баяндады:

- Кыргызстандык аялдар менен балдар жөнүндө менде так маалымат жок. Бирок лагерлерде кыргызстандыктар бар экени анык. Жихадчылардын үй-бүлөсүн атайын лагерлерге чогултканбыз. "Кызыл Чырым" жана башка уюмдардын жардамы менен дары-дармек, тамак-аш, башка эң керектүү нерселер менен камсыздап келебиз. Биз бир катар өкмөттөргө кайрылып, жарандарыңарды алып кеткиле деп айтканбыз. Себеби, көбүнүн документи жок, баргыла, үйүңөргө кеткиле деп лагерден чыгарып сала албайбыз да. Элчиликке, кайсы бир каналдар, адамдар аркылуу кайрылганбыз. Тилекке каршы көбү баш тартып коюшту. Мисалы, Казакстан өз жарандарын чыгарып кеткен. Судан, Марокко бийликтери да реакция кылышты. Аялдар менен балдарда эмне жазык? Биз аларды күнөөсүз деп санасак, алардын өлкөлөрү маселеге олуттуу карашпай, жардам бергилери жок. Расмий документтери, паспорттору болуш керек дешет. Бул жагынан кыйынчылыктарга туш болуудабыз.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети Сирияга кеткен жарандардын саны 800гө жеткенин билдирип келет. Алардын арасында аялдар жана балдар бар. 1-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сирия жана Ирактагы кыргыз жарандарын кайтарып келүү аракети, алардын санын тактоо иши жүрүп жатканын “Азаттык” радиосуна билдирген.

Буга чейин күрт лагерлеринде отурабыз деген кыргызстандык кыз-келиндер бийликке кайрылып, өздөрүн алып кетүүнү суранышкан.

Ал эми Батыш мамлекеттери жарандарын алып кетүүгө канчалык дилгир?

- Мен Сириянын чыгышындагы Хасаке деген жердеги Сирия Демократиялык күчтөрүнүн маалымат катчысы менен сүйлөшө алдым. Анын айтымында, алар бир нече күн, бир нече жыл бою Батыш өлкөлөрүнө – Франция, АКШ, Британия жана Орусияга кайрылып жарандарын алып кеткиле деп келет. Кээ бирлери укмаксан болуп коюшса, башкалары "алып кетпейбиз" деп ачык эле айтышты. Менин билишимче, Орусия акыркы жылдары ондогон жарандарын чыгарып кеткен. Буга чейин Батыш мамлекеттери ал адамдар кылмыш жасаган, Сирия жана Ирактагы террорчулардын катарында согушкан, демек, ошол Ирак менен Сирия аларды эмне кылыш керектигин чечсин деген позицияда болуп келишкен. Бирок өткөн декабрда АКШ Сириядагы аскерлерин чыгара турганын жарыялагандан бери Париждин саясаты өзгөрдү. Француз бийлиги “Ислам мамлекети” экстремист уюмунун мүчөлөрү болгон жихадчылар, террорчулар туш-тушка тарап кетет деп чочулайт. Андыктан аларды көзөмөлгө алуунун бирден бир жолу Францияга кайтаруу деп чечишти.

Журналист Букелифанын айтымында, Сириянын Демократиялык күчтөрү лагерлердеги кыз-келиндерге жагдайына жараша мамиле кылат.

- Адегенде чалгындоо кызматтарынын жардамы менен маалымат чогултушат. Тигил же бул аялдын ”Ислам мамлекети” террордук уюмунун согуштук бригадасынын мүчөсү болгону аныкталса, аны "жихадчылардай" мамиле күтөт. Ал эми согушкерлердин жубайлары эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт. Себеби, алардын көбү уруш зонасына өз эрки менен эмес, күйөөсүнүн кысымы менен келген, - дейт журналист.

Үйүнө кайтып келген согушкерлердин ыктымал коркунучунан чочулаган өлкөлөр аларды түрдүүчө кабыл алат. Айрымдарын сот жообуна тартып, абакка отургузса, башкаларын реабилитация кылып, реинтеграциядан өткөрүшөт.

2015-жылы Кыргызстандын мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, чет мамлекетте согуштук аракеттерге катышкан жарандардын жазасы күчөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG