Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:03

Ооганстандагы зилзала кеминде 20 кишинин өмүрүн алды


Ооганстандын Саманган провинциясынын Ташкурган айылындагы кыйраган үйдүн тургуну, 3-ноябрь, 2025-жыл.
Ооганстандын Саманган провинциясынын Ташкурган айылындагы кыйраган үйдүн тургуну, 3-ноябрь, 2025-жыл.

Ооганстанда 3-ноябрдагы жер титирөөдөн кеминде 20 киши каза тапты, жүздөгөнү жабыркады. Магнитудасы 6,3кө жеткен зилзаланын очогу өлкө түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарынын жанында жайгашкан. Августтун этегинде өлкө чыгышында 6 магнитудасындагы жер титирөө 2 миңден көп кишинин өмүрүн алып кеткен.

Мындай жаратылыш кырсыктары “Талибан” кыймылы бийликти басып алгандан бери обочодо калган өлкөдөгү гуманитардык кризисти ого бетер тереңдетип жатат. Зилзала кошуна Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Пакистанда да сезилди.

Саманган провинциясынын тургундары кечээ эле үйлөрү турган жерлерди тазалап жатат.

"Жер түнкү саат бирлерде силкинди. Ушунчалык катуу титирегендиктен мен сырткы эшикти ача албай койдум. Үч жолу аракеттенип, ача алган жокмун. 15 секундадан кийин тышка чыктым. Айлананы чаң каптаган экен, эч нерсе көрүнбөйт. Чатырдын жыгач түркүгү сынып кетип апамды кыпчып калды, агам урандылардын астынан чыга албай жатты. Кудайга шүгүр айылдаштардын, жигиттердин жардамы менен биз аларды куткарып калдык. Апам менен агам ооруканада жатат" - дейт Мохаммад Рахим.

Хумайун Жандын айтымында, зилзала анын тууганынын өмүрүн алды.

"Мен бир тууганым менен аялын, үй-бүлөбүздүн башка мүчөлөрүн куткарууга жетиштим, бирок бир киши дайынсыз болуп жатты. Мен аны ар кайсы жерде издедим, кийин урандылар көмүп калганын түшүндүм. Тилекке каршы өтүп кетти, жакында эле үйлөнгөн".

"Талибан" өкмөтүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү болгон жер титирөө Балх жана Саманган провинцияларында бери дегенде 20 кишинин өмүрүн кыйганын, 320дан ашууну жаракат алганын бышыктады. Мекеме бардык ооруканаларга жабыркагандарга жардам көргөзүү көрсөтмөсү берилгенин билдирди.

АКШнын Геологиялык кылматынын маалыматына ылайык, силкинүүнү магнитудасы 6,3тү түздү. Куткаруу иштери уланып жатат, каза тапкандар мындан көп болушу ыктымал.

Зилзаланын очогу Балхтын борбору, 500 миң калктуу Мазари-Шарифте орун алган.

Талибдердин Балх чөлкөмүндөгү өкүлү Хажи Заид калаанын түштүк тарабындагы Шолгара районунда “көп киши жарадар болгонун” Х социалдык тармагына жазды.

Кабар агенттиктери жер силкингенде шаардын тургундары сыртка чуркап чыкканын жазууда.

Видеолордо Мазари-Шарифтин белгилүү Көк мечитинин аймагында сыныктар жатканын көрүүгө болот. Ал жактагы күмбөзгө диний майрамдарда миңдеген зыяратчы агылат.

Кабул шаарынын полиция өкүлү Халид Задран тартип коргоочулар абалга байкоо салып турганын жазды.

Ооганстан: Зилзалада 20дан ашуун киши набыт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00

Ооганстан Инд жана Евразия тектоникалык плиталары кесилишкен жерде орун алгандыктан, жер титирөөлөр өзгөчө Гиндукуш тоосунда көп болот.

Августтун этегинде Ооганстандын чыгышында 6 магнитудасындагы жер титирөө 2 миңден көп кишинин өмүрүн алып кеткен.

Элет жериндеги жыгач менен чоподон курулган үйлөр кыйраганда бир топ жашоочулар урандылардын астында калган.

2023-жылы Иран менен чек арадагы Герат чөлкөмүндө, анын алдыңкы жылы Нангархарда жүздөгөн киши өлгөн, миңдеген турак жай бүлүнгөн.

Улуттар Уюму жана гуманитардык топтор тое тамактанбаган адамдардын көбөйгөнүнө көңүл бурууда.

Кургакчылык, экономикалык чектөөлөр, Иран жана Пакистандан миллиондогон оогандыктын кайтып жатканы “Талибан” кыймылы бийликти басып алгандан бери обочодо калган өлкөдөгү гуманитардык кризисти күчөтүп жатат.

Жаратылыш кырсыктары болгон жерге жардам жеткирүү сааттап, атүгүл бир нече күндөп созулушу мүмкүн.

Зилзала кошуна Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Пакистанда да сезилди. Алсак, Казакстандын Чымкент шаарында силкинүүнү күчү 2 баллга жетти. Өзбекстандык сейсмологдор жер титирөөнүн магнитудасы 6,8 болгонун маалымдашты. Силкинүү өзгөчө катуу Сурхандарыя облусунда сезилди. Ташкентте интенсивдүүлүгү 2-3 балл болду.

Дүйшөмбүнүн тургундары акыркы кезде мындай күчтүү жер титирөөнү сезбегенин айтышат. Айрымдары коркконунан көчөгө чуркап чыкты. Тажикстандын чукул кырдаалдар комитети расмий комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG