Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Пакистанда исламчылар министрди кетирди


“Тэхрик-э-Лабаик" ("Тахрик-и Лабайк Йаа Расул Алла") партиясынын жактоочулары. Исламабад, 27-ноябрь, 2017-жыл.
“Тэхрик-э-Лабаик" ("Тахрик-и Лабайк Йаа Расул Алла") партиясынын жактоочулары. Исламабад, 27-ноябрь, 2017-жыл.

Пакистанда исламчыл топтор бир нече аптадан берки демонстрацияларын токтото турган болду. Өкмөт юстиция министрин кызматтан кетирүү боюнча алардын талабына көндү. Ага чейин апта соңунда полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан кеминде алты адам өлүп, эки жүздөй киши жараат алган.

Пакистандын шайлоо мыйзамдарындагы жоболордун биринде Мухаммед пайгамбарга шек келтирилди деген исламчыл топтун жактоочулары акыркы үч аптадан бери өлкөнүн юстиция министри Захид Хамиддин кызматтан чегинишин талап кылып жатышты.

“Тэхрик-э-Лабаик" ("Тахрик-и Лабайк Йаа Расул Алла") деген партиянын үндөөсүнө кошулгандардын борбор Исламбаддын кире беришин тосмолоосу соңку күндөрү кыянатчылык менен коштолуп, коопсуздук күчтөрүнүн демонстранттарды таратуу операциясы учурунда бери дегенде алты кишинин өмүрү кыйылды. 200дөйү жараат алды.

Эми мына ушул окуялардын артынан пакистандык исламчылар өлкөнүн юстиция министринин кызматтан кетип жатышына канааттанып турушкандай:

- Кудайдын ырайымы менен министр кызматтан кетет. Биз ийгиликке жана жеңишке жетиштик. Биздин кыймылдын добушу бүткүл дүйнөдө угулуп, пайгамбарыбыздын ыйыктыгын урматтагандардын баары көтөрүлдү. Кудай кааласа, ийгиликке жетишкенден кийин биз ар- намысыбыз менен тарап кетебиз, - дейт жергиликтүү диниятчылардын бири Мохаммед Шахид “Ассошиэйтед пресс” агенттигинин кабарчысына.

“Тэхрик-э-Лабаик" ("Тахрик-и Лабайк Йаа Расул Алла") партиясы 27-ноябрда билдиргендей, алар эми өкмөт менен жетишилген макулдашууга ылайык өлкө боюнча ар кайсы лагерлерде чогулган адамдарын таратууда.

Демонстранттар полиция менен кагылышкан учур. 27-ноябрь, 2017-жыл.
Демонстранттар полиция менен кагылышкан учур. 27-ноябрь, 2017-жыл.

Пакистандык исламчылар кызматтан кетүүгө арыз берген юстиция министри Захид Хамидди шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү даярдады деп айыпташкан.

Алардын көз карашында, шайлоо мыйзамынын ант берүүгө арналган жоболорунда Мухаммед пайгамбардын ысымынын жазылбай калышы Кудайга акараат келтиргендик.

Бул үчүн министр өзү да кечирим сурап, мыйзамды басып чыгарганда ката кеткенин айтып актанган.

Жергиликтүү Dawn гезитинин жазганына караганда, “Шайлоо жөнүндөгү” мыйзамда талапкерлердин Мухаммед пайгамбардын пайгамбарлыгынын айныксыздыгына болгон ишенимине байланыштуу “Мен салтанаттуу ант берем” деген жобосу “Мен ишенем” деген сөздөр менен алмаштырылган.

6-ноябрда Исламбаддын кире беришинен башталган нааразылык акциясы соңку күндөрү Пакистандын тогуз, анын ичинде өлкө түштүгүндөгү порттук Карачи шаарына да жайылган.

26-ноябрда демонстрациялардын масштабы кеңейип, ал эми катышуучулардын саны көбөйүп бара жатканы белгилүү болгон.

Карачидеги нааразылык. 27-ноябрь, 2017-жыл.
Карачидеги нааразылык. 27-ноябрь, 2017-жыл.

Пакистан парламентиндеги оппозициячыл партиялар өкмөттүн демонстранттарга күч колдонгонун сынга алышты.

Бийликтеги “Мусулман лигасы - Наваз” партиясы менен ага өнөктөштөр өкмөттүн аракетин сот чечимине негизделген, тартипти сактоону көздөгөн чара катары мүнөздөштү:

- Өкмөттө демонстранттарды чачыратуудан башка чара калган жок. Өкмөт алар менен сүйлөшүп, талабы орундала турганына ишендирген. Демонстранттар болсо тескерисинче өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылды. Бирок дүйнөнүн башка бир жеринде да мындай нерсе болбойт да, - дейт башкаруучу коалицияга кирген “Паштунхва Милли Авами” партиясынан депутат Кахар Вадан.

Пакистандын азыр саны 207 миллиондон өткөн калкынын 95% ашууну мусулмандар.

Исламчыл партиялар федералдык өкмөттө үстөмдүк кылбаганы менен Пакистанда жергиликтүү талдоочулардын сөзү менен айтканда, “көчө бийлигине” ээ маанилүү саясий күч катары саналат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG