Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Пакистанда АКШга каршы демонстрациялар өттү


Пакистандагы нааразылык акциясы.
Пакистандагы нааразылык акциясы.

Пакистанда АКШ президентинин Ооганстан стратегиясын жарыялап жатканда жасаган билдирүүсүнө каршы нааразылык күчөп жатат. Карачи шаарында антиамерикалык демонстрацияны кууп таркатуу үчүн полиция күч колдонсо, Исламабадда Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын расмий делегациясынын визитин кийинкиге жылдырганын маалымдады.

Жекшембиде Карачи портунда АКШ президенти Дональд Трамптын билдирүүсүнө нааразылыгын билдирип чыккан демонстранттар америкалык консулдукка карай жүрүш жасоону көздөшкөн. 100-150 чакты киши “Трамп, оозуңду жап” деп жазылган АКШ президентинин сүрөттөрүн көтөрүп, антиамерикалык ураандарды кыйкырып жатышты. Тартип коргоочулар алардын жолун тороп, көздөн жаш агызчу газ колдонушту. Маалыматтарга караганда ортодо чыккан тирешүүдө бир полициячы жарадар болду.

"Биз тынч демонстрация өткөрөлү, консулдукка чейин жүрүш жасап аларга Пакистан элинин атынан Американын өнөктөшү болуу менен ката кетириптирбиз, жетекчилерибиз АКШнын пландарына кошулуу менен жаңылышыптыр деген кайрылууну тапшыралы дегенбиз", - деди уюштуруучулардын бири Акил Муса.

Шиит мусулмандардын “Имамиа студенттер тобу” уюштурган жүрүшкө келгендер алардын лидерлери менен полиция сүйлөшкөндөн кийин нааразылыгын тынч отуруп билдиришти.

Баш калаа Исламабадда дагы бир топ “Пакистанды коргоо” деген аталышта акция өткөрүштү. Ошол эле күнү Пакистандын премьер-министри АКШ президенти Дональд Трамптын Ооганстан стратегиясы өтөлүнө чыкпайт деп билдирди.

"Башынан эле Ооганстан боюнча аскердик стратегия иштебей жатат жана иштебейт деп айтып келатабыз, урушту саясий жол менен токтотуу керек", - деди Шахид Хакан Аббаси Bloomberg News 27-августта жарыялаган интервьюда.

Үч апта мурда кызматка келген премьер Аббаси "Исламабад кошуна өлкөдөгү террорчуларга каршы күрөштү колдоп жаткан чакта жаңжал Пакистанга жайылып кетпейт", - деди.

21-августта президент Дональд Трамп Вашингтон администрациясынын Ооганстан боюнча стратегиясын жарыялаган. АКШ баштаган коалиция Кабул өкмөтүн төңкөрүүнү көздөгөн "Талибан", "Ал-Кайида" жана башка экстремист топторго каршы 16 жылдан бери согушуп келатат.

Трамп АКШ ал урушту жеңээрин айтып, жаңы стратегия кайсы бир мөөнөткө байланбай, жериндеги шарттарга жараша болоруна басым жасаган.

Көп узабай Пентагондун башчысы Жим Мэттис Вашингтон жана айрым өнөктөштөрү Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүшү мүмкүн деген.

Трамп стратегиясы менен тааныштырып жатып Пакистан экстремист топторго өз аймагында башпаанек берип жатат деп айыптаган.

Вашингтон ошондой эле Исламабад террочуларга каршы жетиштүү чара көрбөсө, стратегиялык өнөктөш деген статусунан, жардамдан кол жууп калышы ыктымал деп эскерткен.

Ал эми расмий Исламабад Пакистан согушкерлерге башпаанек берүү менен Ооганстандагы согушту создуктурууда деген Вашингтондун сынын четке какты. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети 24-августта жасаган билдирүүдө АКШ ооган урушундагы өз кемчиликтери менен каталарын Пакистанга оодарууда деп айткан.

Пакистан Ооганстандагы тынчтык процессине активдүү катышып, он миңдеген аскерлери, карапайым адамдар терроризмге каршы күрөштө набыт кеткени АКШнын көз жаздымында калууда деп сындаган.

Ал тапта Пакистан Тышкы иштер министрлиги америкалык жогорку өкүлдүн расмий сапары кийинкиге которулганын билдирди. Мамлекеттик катчынын жардамчысы, Ооганстан жана Пакистан боюнча өкүлү Элис Уэллс Исламабадга 28-августта бармак.

“Пакистан өкмөтүнүн өтүнүчү менен мамкатчынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Уэллстин визити эки тарапка ыңгайлуу убакыт табылгыча кийинкиге калды”, - деп билдирди АКШнын Исламабаддагы элчилиги.

Пакистан расмий адамдары ачык айтпаганы менен, бул кадам Трамптын билдирүүсүнө байланыштырылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG