Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Пакистанда армия менен исламчы активисттер кагылышты


Нааразылык акциясынын катышуучуларына каршы операция. 25-ноябрь, 2017-жыл.
Нааразылык акциясынын катышуучуларына каршы операция. 25-ноябрь, 2017-жыл.

Пакистандын борбору Исламабаддын сыртында исламчыл партиянын мүчөлөрү менен коопсуздук күчтөрү кагылышты. Тирешүү маалында көчөлөрдө автоунаалар өрттөлдү. Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Пакистандын исламчыл партиясына тилектештигин билдирген тарапташтары жекшембиде өлкөнүн бир нече жеринде нааразылык акцияларына чыгышты.

Жекшембиде "Тэхрик-э-Лабаик" ("Тахрик-и Лабайк Йаа Расул Алла") аттуу исламчыл партиянын бир нече миң мүчөсү башкалаа Исламабадда демонстранттарга жасаган полициянын аракеттерине каршы чыгышты.

Нааразылык акциясына чыккандардын бири, атын атабаган тургун "биздин мыйзамдуу койгон талабыбыз боюнча өкмөттүн аракети аёсуз болуп жатат" деп, операциянын дароо токтотулушун талап кылды.

Демонстранттар полицияга таш, бөтөлкө ыргытышканда коопсуздук күчтөрү желим таяктарды, көздөн жаш агызуучу газды пайдаланып, чогулгандарга суу бүрктү. Ондогон адамдар кармалып, 150дөн ашуун киши жарадар болду.

Демонстрациялар башка чоң шаарларга - Карачиге, Самбриалга жана Гужранвалага да жайылды. Колдоруна таяк алган жүздөгөн адамдар Исламабаддагы полициянын аракетине каршылык билдирип, көчөлөрдү бөгөп, желим дөңгөлөктөрдү өрттөштү.

Мындай зордук-зомбулуктан кийин, 25-ноябрдын кечинде Пакистандын Ички иштер министрлиги Исламабадда «тартипке көз салыш үчүн» кошумча күчтөрдү тарткан.

Пакистан бийлиги менчик телеканалдарга башкалаадагы полициянын операциясын чагылдырбоого буйрук берди. Мамлекеттик телеканал дагы өз эфиринде бул жерден тартылган кадрларды көрсөткөн жок.

Полиция ишемби күнү Исламабадда нааразылык акциясына чыккан радикал кыймылдын активисттери менен кагылышып, анда бери дегенде алты киши мүрт кетип, 200дөй адам жарадар болгон. Жабыркагандардын көпчүлүгү – полиция кызматкерлери.

Пакистандын Медициналык илимдер институтунун директору полковник Алтаф журналисттерге: ​«150 кишини ооруканага алып келдик. Алардын 75и полиция кызматкерлери, 44ү алдыңкы катарда жүргөн тартип сакчылары болсо, 49 киши карапайым тургундар», - деди.

Исламабадда нааразылык акциясы эки аптадай мурун башталган. Ага өлкө президенти бере турган анттын текстине киргизилген өзгөртүүлөр түрткү болду.

Миңге чукул адам баш калаанын борборуна барчу көчөлөрдү бөгөп салышкан. Алар укук жана сот маселеси боюнча министр Захид Хамидди "динге акаарат келтирди" деп, анын кызматтан кетишин талап кылышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG