Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:36

Шарифтин жакындары айыпка макул эмес


Пакистандын мурдагы премьер - министри Наваз Шариф.
Пакистандын мурдагы премьер - министри Наваз Шариф.

Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф, анын кызы жана күйөө баласы чет өлкөлөрдө катылган жашыруун мүлкү боюнча айыпталууда. Шарифтин адвокаты айыпталуучулар күнөөнү моюнга алышпаганын билдирди.

19-октябрдагы соттук угууларга Наваз Шарифтин кызы Мариям Шариф жана анын күйөө баласы Мохаммад Сафдар катышты. Алар өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып, бул жана гана өч алуу деп билдиришти.

Мариям Шариф ​чалгын кызматтары аларга каршы кутум уюштурулуп жатканын ишара кылды:

- Эгер алар өч алууну көздөп жатса, анда өкүмдү дароо чыгарганы оң. Күнүгө мындай соттук угууга окшогон оюнду көрсөтүүнүн кереги барбы? Алар өз убактысын, мамлекеттин, улуттун жана биздин убактыбызды текке коротууну токтотушу зарыл. Эгер жазалоону каалап жатышса, өкүмүн чыгара берсин. Болгону мыйзамдын үстөмдүүлүгүн, Конституцияны жана адам укуктарын тепселегенди токтотушсун.

Мариям Наваз.
Мариям Наваз.

​Мариям Шариф "1999-жыл кайталанып жатат" деп кошумчалады. Анда Наваз Шариф аскерий төңкөрүштөн кийин өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Ал үч жолу -1990, 1997 жана 2013-жылдары премьер-министрликке келген. Үч жолу тең Шариф бийликтен өз ыктыяры менен кеткен эмес. 1993-жылы президент экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам саясий кризис жаралып, кызматын тапшырууга аргасыз болгон.

Бул ирет Шарифке каршы парламенттеги оппозициячыл "Пакистан элдик партиясы" жана спорт жылдызы Имран Хан жетектеген "Адилеттик үчүн Пакистан кыймылы" партиясы каршы чыкты. Буга 2016-жылы "Панама кагаздарынын" алкагында ачыкка чыккан маалыматтар себеп болгон.

Иликтөөчүлөр тобу офшордук компанияларда Шарифтин төрт баласына караштуу миллиондогон доллардык байлыгы катылган деген бүтүмгө келген. Уулдарынын бири Хуссайн Наваз бул маалыматты ырастап, чет жактагы бизнеси мыйзамга ылайык жүргөнүн маалымдаган. Мындан улам июль айында Пакистандын Жогорку Соту коррупция айыбына кабылган Наваз Шарифти иштен кетирген.

Экс-премьер-министр 26-сентябрда өткөн соттук угууларда бул коррупциялык айыптоолорго каршы күрөшөрүн белгилеп, 2018-жылдын сентябрында өтө турган парламенттик шайлоодон кийин баары өз ордуна келерин билдирген.

- Бул адилетүү мыйзамдын үстөмдүүлүгүбү? Адилеттүү иликтөөбү?Мен жалган маалыматка негизделген ишке каршы күрөшөм жана бул окуя сөзсүз жазаланат. Кудайдын чечими буюрса 2018-жылы болот. Ошондо буга чейинки адилетсиз иштердин баары чечилет, - деген.

Наваз Шарифтин тарапташтары.
Наваз Шарифтин тарапташтары.

​Наваз Шарифтин каршылаштары соттун 19-октябрдагы чечимин кубатташты. Ал эми оппозициядагы "Техрик-Ин-Инсаф" партиясынын лидери Имран Хан сот чечимин "Пакистан элинин феноменалдык жеңиши" деп атады.

Шариф азыр Лондондо жүргөн кези. Анын аялы Калсум Наваз Британиянын борборунда рак илдетинен дарыланууда. 43 жаштагы Мариям Шариф атасынын партиясынын жаштар канатын жетектейт. Ал буга чейин үй-бүлөлүк кайрымдуулук фонддун иштери менен гана алектенип келсе, 2013-жылы атасынын шайлоо компаниясында маанилүү орунду аркалаган. Пакистандагы айрым жергиликтүү басылмалар Мариямды атасынын мураскери деп атап келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG