Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Клинтон жоопкерчиликти өзүнө алды


АКШ мамкатчы Хиллари Клинтон жана коргоо министри Леон Панетта CNN телеканалында. 2012-жылдын 16-октябры.
АКШ мамкатчы Хиллари Клинтон жана коргоо министри Леон Панетта CNN телеканалында. 2012-жылдын 16-октябры.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон өткөн айда Ливияда америкалык дипломаттардын өмүрүн алган окуяда коопсуздукту камсыздай албаганын мойнуна алды.

Хиллари Клинтон CNN телеканалына курган маегинде чет жердеги бардык америкалык дипломаттардын коопсуздугун камсыздоо анын түздөн түз милдети экенин айтып, Ливиядагы окуяда президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден кайсы бир чечимдерди кабыл алууга кийлигишпегенин кошумчалады.

- Жоопкерчиликтин баары мага жүктөлгөн. Мен бүт дүйнө боюнча 275 пунктта иштеген 60 миңден ашуун мамлекеттик департаменттин кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн жооп берем. Президент жана вице-президент дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн тегерегинде атайын чечимдерди кабыл алуу боюнча кабары жок.

Анын айтымында, 11-сентябрда Ливиянын Бенгази шаарындагы АКШ элчилигине кол салынып, элчинин жана үч дипломаттын өмүрүн алган окуянын кеңири жагдайы али да ачыктала элек. Окуянын чын-бышыгын билбей туруп эч бир чечим кабыл алууга аралашпаган президент Обаманы айыптай берүү жаңылыштык деди Клинтон:

Ливиядагы АКШнын консулдугу, чабуулдан кийин
Ливиядагы АКШнын консулдугу, чабуулдан кийин
- Биз бул окуяда күнөөнү бири-бирибизден издегендин ордуна, окуянын чын-бышыгына жетип, кандайча болгонун түшүнүп, мындай кырдаалда дипломаттарыбызды коргоо чараларын ойлонуп, анан ким жасаганын, аларды жоопко тартуу жагын карашыбыз керек деп ойлойм.

Мамлекеттик катчынын бул билдирүүсү президенттикке талапкерлер Барак Обама менен Митт Ромнинин экинчи жолку телетаймашынын алдына туш келди.

Сенатор Жон Маккейн жана дагы эки республикачы сенатор Клинтондун бул билдирүүсүн Обамага карата “мактоочу белги” деп сындашты. Сенаторлор кандай болгон учурда да дипломаттардын өлүмү үчүн жоопкерчиликти өлкө башчысы Барак Обама алышы керектигин айтышты.

Президент Обаманын атаандашы Митт Ромни да, вице-президенттикке талапкер Пол Райан да Бенгазидеги окуяны "Обаманын тышкы саясаттагы чон катасы" деп, шайлоо алдында бетке кармап келатышат. Пол Райан муну жакында эле өткөн теледебатта да мындайча сындаган:

- Бенгазидеги бул окуянын өзү эле чоң трагедия, бирок, тилекке каршы, үлкөн проблеманын көрсөткүчү болуп калды. Бул – Обаманын тышкы саясатынын кыйрашы. Анын айынан дүйнө башаламан, биз үчүн кооптуу болуп калды.

Пол Райан менен Жо Байден теледебат учурунда
Пол Райан менен Жо Байден теледебат учурунда
Бирок өткөн жумада вице-президенттик кызматка демократтардан талапкер Жо Байден "Бенгазидеги элчиликте коопсуздукту күчөтүү өтүнүчүн, мен да, президент Обама да билген эмеспиз",-деди.

11-сентябрда АКШда жеке продюссер тарабынан тартылган "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасына нааразы болуп толкундаган топ АКШнын Бенгазидеги элчилигине кол салып, анда элчи Кристофер Стивенс жана америкалык үч жаран өлтүрүлгөн эле.

Бул окуя АКШдагы президенттик шайлоодо талапкер Обамага карата жабылган көө болду. 17-октябрдагы телетаймаш учурунда Обаманын атаандашы Митт Ромни бул окуя үчүн аны дагы бир ирет айыптап сүйлөөрү турган иш.

АКШда телетаймаш шайлоонун жыйынтыгына чоң таасир берээри белгилүү.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG