Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:26

"Убада кылынган акча берилген жок". Мариуполдо аң казууга тартылган мигранттар


Мариупол шаарында талкаланган имарат.
Мариупол шаарында талкаланган имарат.

Өзбекстандык жана тажикстандык жумушчулардын тобу Украинанын Орусия оккупациялаган Запорожье облусунда аң (окоп) казгандыгы үчүн айлык акы албаганына даттанып чыгышты. Tүркиялык ишкер Исмаил Хажыоглу, борборазиялык мигранттардан башка түркиялык курулушчулар да иштеп атканын билдирди. Алар да айлык акысын ала албай убара.

Тажик мигрант полицияга арыз жазды

17-февралда Baza Телеграм-каналы Запорожье облусунда аң (окоп) казган айрым борборазиялык мигранттар айлык акысын алалбай полицияга арыз жазганын кабарлады. Басылманын маалыматына ылайык, бир аң үчүн аларга 800 миң рубль (930 миңдей сом) убада кылышкан.

Запорожьеге барган 33 мигрант ээн калган үйлөргө жайгаштырылган. Аминжон аттуу тажикстандык жумушчулардын бири ага 595 миң рубль (690 миң сом) гана төлөшкөнүн, медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып берди.

"Акчаны бизди жумушка жалдаган Сергей Евгеньевич деген кишиден талап кылып жатабыз. Азыр жумушчулардын бир бөлүгү Москвага кайтып келе алган жок. Кимдир бирөө сокур ичеги болсо, башкасы колунан жараат алды. Бирок аларга тыңгылыктуу медициналык жардам көрсөтүлгөн жок", - деп жазылат маалыматта.

Аминжон Москвага кайтып баргандан кийин ал полицияга арыз жазганын, ошондон бери аны белгисиз бирөөлөр коркутуп телефон чалып жатканын аталган басылма маалымдады.

"Аминжондо Сергей Евгеньевич тууралуу башка эч кандай маалымат жок. Жумушка киришип жатканда алар эч кандай келишимдерге кол коюшкан эмес. Мигрант өтө коркуп калгандыктан, үйдөн чыга албай отурат", – деп жазды Baza Телеграм-каналы.

Маалыматка караганда, ушундай эле арыз менен полицияга дагы үч тажикстандык жумушчу кайрылган.

Телеграмда тараган жарнамалар

Буга чейин орусиялык компаниялар Украинанын аннексияланган облустарындагы аскердик курулуштарга борборазиялык мигранттарды байма-бай жалдап жатканы маалымдалып келген.

Мариупол шаарын калыбына келтирүү иштерине кыргызстандыктар да тартыла баштаганы акыркы кезде көп чыгып жатканы байкалууда.

Мигранттар көп кирген Телеграм-каналдарда күнүнө 4000 рубль маяна убада кылган жарыялар утур-утур чыгып жатат. Анда жатакана, кийим-кече акысыз деп белгиленип, "ал жакта уруш болгон жок, окоптун жанына такта кагылат" деп жазгандарды да окуса болот.

"Мариупол шаарында иштеп жаткан жигиттер. Донецкиде иштеп аткан жигиттер. Окопто жумуш бар күнүнө накталай 4000 рубль.
100 адамга чейин керек. Кыргыз, өзбек балдар керек".

"Мариупол шаарына балдар керек, согуш жок. Окопко тактай төшөлөт. Күнүмдүк акы 4000 рубль. Кийим бекер, тамак бекер. Москвадан алып кетебиз".

Орусия каратып алган аймактарда ишке тартылган борборазиялыктар тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Мариуполго тартылган түркиялыктардын даттануусу

Москвадан Мариуполго тартылгандардын арасында Түркиядан Орусия аркылуу барган жумушчулар да бар экени, алар Орусияда катталган түрк курулуш компаниялары аркылуу Украинанын окупацияланган аймактарына мыйзамсыз кетип жатканы айтылууда.

Исмаил Хажыоглу (солдо) жана мечиттин имамы Мехмет Йуже (оңдо).
Исмаил Хажыоглу (солдо) жана мечиттин имамы Мехмет Йуже (оңдо).

"Султан Сулайман" фондунун жетекчиси, түркиялык Исмаил Хажыоглу Москвадан Мариуполго 200 түркиялык курулушчу кеткенин, айлык акы албаганын, алардын отузу Грузия аркылуу Түркияга чыгып кеткенин "Азаттыкка" билдирди.

"Учурда Мариуполдогу Султан Сулайман мечити Кадыровчулардын колуна өткөнүн билдик. Алар мечитти кайра куруу менен алек экен. Курулушта кыргыз, өзбек, тажик мигранттар иштеп атканын билебиз. Ошондой эле Орусия аркылуу Мариуполго түркиялык курулушчулар да барганын билдик. Эки айдан бери алардын да айлык акысы берилбей атыптыр. Айрымдары Грузия аркылуу Түркияга кайтты. Алар Түркиянын Тышкы иштер министрлигине арыз менен кайрылды. Көбү атын атагысы келбейт, анткени коркушат. Ал эми мариуполдуктардын маяналарын берип атышканын уктук. Башында мигранттарга олчойгон айлык убада кылып, кийин аны төлөй албай турганы башынан эле белгилүү болчу".

"Азаттык" айтылып жаткан жумушчулар тууралуу тийиштүү министрликтен комментарий ала алган жок. Ал эми Мариуполдон мекенине кайткан түркиялыктар баштан өткөндөрүн ачык-айкын айтып берүүдөн баш тартышты.

Түркиялык ишкер учурда Мариуполдогу курулуштарда жүздөгөн борборазиялык мигранттар иштеп атканын жашырбайт. Бирок алар иш берген фирма тарабынан катуу текшерилип, жума намазга келген күнү тыкыр көзөмөлдөнүп турганын билдирди.

Жабыркаган Султан Сулайман мечити. Мариупол шаары. 19-апрель, 2022-жыл.
Жабыркаган Султан Сулайман мечити. Мариупол шаары. 19-апрель, 2022-жыл.

Исмаил Хажыоглу орус аскерлери Мариупол шаарын аткылай баштаганда эвакуацияланган. Ал шаарда атайын фонд куруп, 2007-жылы Султан Сулайман мечитин курууга киришкен. Мечит шаардагы жеке ишкерлердин каражатына курулуп, ачылышына түркиялык жана азербайжандык белгилүү инсандар катышкан.

Акыркы убактарда түрдүү Телеграм-каналдарда Украинанын Орусия басып алган аймактарында калыбына келтирүү иштерине мигранттарды чакырган жарыяларда андай иштерди "коопсуз" деп сыпаттап, 100 миң рублге чейин берүүнү убада кылган билдирүүлөр бар.

Орусия каратып алган аймактарда ишке тартылган борборазиялыктар тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Бир нече күн мурун Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко кыргызстандык мигранттарды Орусия басып алган аймактарга барбоого чакырган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG