Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

"Аз көлөмдө келүүдө". Бир аптада күйүүчү май дагы кымбаттады


Кыргызстанда бир апта ичинде күйүүчү майдын баасы дагы 1 сомго кымбаттады. Ушул тапта АИ-92 маркасындагы бензин 75 сом 40 тыйындан сатылууда. Нефтетрейдерлер ассоциациясы ири компаниялардын кампаларында 15-20 күнгө жете турган май бар экенин, күйүүчү май азыраак көлөмдө келип жатканын билдирди.

Бишкектин чет жактарындагы май куйган жайларда эл көп. Күйүүчү майдын кору аз калганы белгилүү болгондон бери айрым айдоочулар бензинди бакка толтура куюп жатканын байкоого болот.

Биз айрым айдоочуларга суроо узатканда төмөнкүдөй жооп беришти:

"Май түгөнөт деп жатышат. Бүгүн көбүрөөк алдым. Кээде бензин калбай да калып жатат".

"Досторумдун көбү машинелерин үйдө эле калтырып, өздөрү жөө басууда. Машинесин айрым күндөрү гана айдап жатышат. Бензин кымбат болуп калды".

"Азыр сурасам, күйүүчү майды сатууда көлөм боюнча эч кандай чектөө жок экен. Бирок баа көтөрүлгөндөн бери эл кыйнала баштады. Эмне кылабыз эми, алабыз да".

Соңку жылдары өлкөдө газ, электр энергиясы менен жүргөн заманбап автоунаалар көбөйгөнү менен басымдуусу бензин менен жүрөт.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү май Орусиядан өкмөт аралык келишим алкагында келип жатканын, мурда күнүнө 1000-1200 тонна кирсе, азыр анын жарымы гана ташылып жатканын билдирүүдө.

Украинанын дрон чабуулдарынан улам Орусияда мунай заводдору жана күйүүчү-майлоочу май сактаган кампалар өрттөнүп, мындан улам бензин менен дизель тартыш болуп, баасы да жогорулаган.

Бул жагдай орус базарынан күйүүчү-майлоочу май алган Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да таасир этүүдө. Белгилей кетсек, өлкө жылына 1 миллион 200 миң тонна бензин жана дизель майын алат.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов мындай дейт:

“Тилекке каршы, биз каалаган көлөмдөн аз болууда. Анткени мурда компаниялар эки ай, андан көп корду сактап турган болсо, бүгүнкү күндө айрым компаниялардын 10-20 күндүк кору гана бар. Ал көлөмдү Орусия тараптан беребиз деген эле убадалар болуп жатат. Бирок мунайзаттын заводдордо жок болгону көйгөйлүү маселе болууда”.

Ассоциациядан билдиргендей, ушул тапта Энергетика министрлиги менен биргеликте Кытай, Түркмөнстан жана Азербайжандан май алуу жолдору караштырылууда. Бирок алардан бензин базар баасында келсе, азыркыдан дагы кымбат болушу ыктымал. Август айынан бери эле Кыргызстанда АИ-92 маркасындагы май алты сомго кымбаттаган.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлү Бейше Сатыгулов күйүүчү майдын баасын туруктуу кармоо боюнча иштер жүрүп жатканын айтты:

“Чындыгында бул биржалык товар. Биржада эки күн мурда эле 821 доллар болчу, бүгүн анализ кылсак 910 доллар экен. Ошондо 89 долларга көтөрүлдү. Бул түздөн-түз баага таасирин тийгизет. Азыр Салык кызматына кандайдыр жолдор менен күйүүчү майдын баасын кармап туруу боюнча тапшырмалар берилди”.

Экономика министрлиги күйүүчү май кескин кымбаттап кетпеши үчүн алдын алуу чараларын сунуштап жатат. Аларга - акциздик салыкты, маркировка жана сертификацияга төлөмдү, экологиялык төлөмдү жана жол фондун убактылуу чектөө кирет. Мунун баары күйүүчү майдын өздүк наркынын 20 пайызын түзөт. Же болбосо нефтетрейдерлерге жаңы баа менен күйүүчү май алуу үчүн насыя берүүгө болот.

Ал арада экономисттер өлкөнүн өзүндө бензин өндүрүүгө убакыт келип жеткенин билдирүүдө. Мурда Орусиядан келген майдын баасы арзан болгону үчүн бул жол рентабелдүү эмес болуп саналса, азыр кырдаал өзгөргөнүн айтууда.

Экономист Бахтияр Игамбердиев мындай сунуштарды айткандардын бири:

“Ушу тапта дүйнөдө мунай баасы арзандап жатат. Узак келечектен алганда өлкө өзү май өндүрүүнү колго алышы керек. Бизде бензиндин кымбатташы Орусиядагы заводдордун ремонтуна байланыштуу экени айтылып жатат. Бирок чындыгында буга Украинадагы кырдаал себеп болуп жатат да. Бизде "Жунда" бар, Жалал-Абадда, Баткенде заводдор бар. Жалпысынан жылына 2 млн тонна күйүүчү май өндүрө алмакпыз. Мунай арзан болуп жаткандыктан азыр аны Казакстандан же ошол эле Орусиядан алып, акча жасасак болмок”.

Ал арада Кыргызстандын айрым аймактарында, мисалы, Баткенде АИ-92 маркасындагы бензин айрым май куюучу жайларда түгөнүп калганы айтылууда. АИ-80 жана АИ-95 маркасындагы май Бишкекке салыштырмалуу баасы бир сомго кымбат болууда.

Коңшуларда абал кандай?

Борбор Азияда күйүүчү май коңшу Тажикстанда да кымбаттаган. Республика күйүүчү майды толугу менен Орусиядан импорттойт. Сентябрдын соңунда бензиндин литрин өлкө жашоочулары 1 доллар 12 центтен сатып алышты.

Дүйнөдөгү баалар жана жашоонун сапаты жөнүндөгү эң ири маалымат базасы Numbeo'нун эсебинде бул чөлкөмдөгү эң жогорку баа.

Өзбекстанда АИ-92 маркасындагы бензиндин орточо баасы 95 центти түзөт.

Мунайды өздөрү өндүргөн Казакстан менен Түркмөнстанда күйүүчү май баасы 45 жана 41 цент. Казакстанда быйыл февраль айында күйүүчү май рынок механизмдери менен аныктала баштаган. Өлкөнүн улуттук статистикалык бюросунун маалыматында, анда АИ-92 маркасы 204 теңге (же 33,11 сом) турган. Бүгүн Алматынын жашоочулары аны 241 теңгеге сатып алышат, бул 45 цент же 39 сом.

Орусиядагы жагдай

Учурда Түндүк Кавказдын жашоочулары бензинди башкаларга караганда өтө кымбат баада алууда. Федералдык бийлик бул туристтик сезон жана айыл чарба жумуштарына байланыштуу экенин айтат.

Росстаттын маалыматында, октябрдагы орточо баа Орусиянын өзүндө 64,82 рублге жетти. Түндүк Кавказ федералдык аймагында күйүүчү майдын бир литри 69,96 рублга чыкты. Чеченстан менен Дагестандын жашоочулары бензинди эң кымбат баада 75,73-73,85 рублге алууда.

Өлкөнүн Экономика министрлиги быйыл бензин, дизель жыл аягына чейин 10-12% кымбатташы болжолдонуп жатканын билдирген.

Акыркы айларда Орусиядагы мунай заводдоруна украин дрондору тынымсыз сокку урууда. Сентябрда эле төрт ири заводго чабуул жасалып, жыл ичинде жалпысынан 40ка жакын ишкана жабыркады. Алардын жарымынан көбүнүн иши токтоп турат. Bloomberg жазгандай, августтун башынан бери Украина Орусиянын негизги мунай иштетүүчү заводдоруна кеминде 28 жолу сокку урду.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин соңку баяндамасына ылайык, украиналык дрондордун орусиялык объектилерге жасаган соккуларынын айынан Орусиянын мунай заводдорундагы мунай иштетүү көлөмүнүн азайышы жок эле дегенде келерки жылдын ортосуна чейин уланат.

Киев Орусиянын энергетикалык инфраструктурасына, анын ичинде мунай иштетүүчү заводдорго, куурларга жана деңиз терминалдарына чабуулдарын күчөтүп, Кремлдин бул тармактагы кирешесин кыскартууну жана фронтко күйүүчү май жеткирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөнү көздөрүн билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG