Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Трамп менен Путин жолукпайт, АКШ "Роснефть" менен "Лукойлго" санкция салды


АКШнын президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолукпай турганын билдирди. Лидерлер жакын арада Будапештте кездешерин ал 16-октябрдагы телефон сүйлөшүүсүнөн кийин жарыялаган.

Ушул эле күнү Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги орустардын “Роснефть” жана “Лукойл” ири мунай компанияларын санкциялык тизмеге киргизгени маалымдалды. Вашингтон Москва Украинадагы согушту токтотууга умтулган жок деп эсептейт.

Путин менен жолукпай турганын Дональд Трамп шаршембиде НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен биргелешкен пресс-конференцияда айтты:

Дональд Трамп
Дональд Трамп

“Путин менен кездешүүдөн баш тарттык. Менимче, биз көздөгөн максатыбызга жете албасак, туура эмес болуп калат деп жолугушууну өткөрбөөнү чечтим. Бирок болочокто жолугабыз”.

Трамп Путин менен байланышкан сайын "жакшы сүйлөшүп, бирок кийин эч кандай өзгөрүү болбогонун" кошумчалады.

Алдыңкы күнү ал Будапешт саммити болбойт деп ачык айтпастан, убакытты текке кетирүүнү каалабаганын билдирген.

Бирок Москва президенттердин жолугушуусуна даярдык жүрүп жатканын айтып келди.

Трамптын соңку билдирүүсү АКШнын Финансы министрлигинин Орусиянын мунай компаниясына каршы салынган санкциялар тууралуу жарыясы менен бир убакытка туш келди.

"Кара тизмеде" ири “Роснефть” жана “Лукойл” компаниялары бар. Санкциялар бул компанияларга караштуу 50дөн ашык туунду ишканаларга да жайылат.

Кошмо Штаттардын финансы министри Скотт Бессенттин билдирүүсүндө мындай чектөөлөр орус бийлигинин “Украинада тынчтык процессин алга жылдырууга олуттуу каалоосу жок болгону” үчүн киргизилгенин түшүндүрдү:

Скотт Бессент
Скотт Бессент

“Путиндин бул мааниси жок согушту токтотуудан баш тартканын эске алып, Финансы министрлиги Кремлдин согуш машинасын каржылаган эки ири мунай компаниясына санкция салды. Министрлик зарыл болсо президент Трамптын дагы бир согушту токтотуу аракеттерин колдоо үчүн кошумча чара көрүүгө даяр. Биз өнөктөштөрдү бизге кошулууга жана бул санкцияларды сактоого үндөйбүз”.

Сөз болгон компаниялардын АКШдагы активдери камакка алынат жана алар менен жаңы келишимдерди түзүүгө жол берилбейт.

Трамп Вашингтон көп убакыт Орусиядан тынчтык орнотуу боюнча иш жүзүндөгү кадамдарды күткөнүн, эми Москвага санкцияларды күчөтүү мезгили келгенин билдирди. Ал Путин согушка чекит коюуга көнбөсө Орусияга каршы олуттуу чараларды кабыл аларын айтканы менен буга чейин бул багытта конкреттүү кадам жасалган эмес. АКШ негизинен орус мунайын алган Индия өңдүү өлкөлөрдү бутага алып келген.

Бейшембиде орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын жаңы санкциялары Украинада тынчтык орнотуу жараянына көлөкө түшүрөрүн билдирди:

Мария Захарова
Мария Захарова

“АКШнын азыркы администрациясы мыйзамсыз санкциялар аркылуу Орусияны улуттук кызыкчылыктарынан баш тарттырууну көздөгөн ага чейинки бийликтен үлгү ала баштаса, ошондой эле кесепетке алып келет. Анын арты ички саясатына жана дүйнөлүк экономиканын стабилдүүлүгүнө чоң залака тийгизет".

Захарова муну менен кошо "атайын аскердик операциясынын" максаттары өзгөрбөгөнүн кошумчалады. Москва кошуна өлкөсүнө каршы урушту дал ушинтип атайт.

Өнөктөштөр демекчи, 23-октябрда Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 19-пакетин кабыл алды. Бейшемби күнкү саммит алдында европалык лидерлер Вашингтондун соңку кадамын кубатташты.

Айрым аналитиктер америкалык санкциялар орус экономикасына чоң сокку урушу мүмкүн, бирок согушту токтоттуруу үчүн дагы башка чаралар көрүлүүгө тийиш деген пикирин айтышат. Ушундай ою менен асыресе Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун изилдөөчүсү Мария Снеговая бөлүштү:

"Орусиянын жалпы бюджетинин 30% түзгөн мунайдан түшкөн кирешенин азайганына карабай бул үлүш бараандуу, абдан сезилерлик бойдон калууда. Ошол эле маалда жалгыз бул чара Путиндин пландарын олуттуу өзгөртөт деп кесе айтууга болбойт. Санкциялар анын согушту улантуу үчүн зарыл болгон ресурстарын натыйжалуу чектеши мүмкүн. Бюджеттин кирешесинин ири бөлүгү аскердик өнөр жайды каржылоого жумшалат".

Ал арада орус аскерлери 23-октябрга караган түнү Украинанын Киев, Харьков, Сумы облустарына сокку урганда бир киши каза тапканы, 15 чактысы, арасында куткаруучулар менен медиктер жабыркаганы кабарланды. Далилдерге карабай, Москва тынч шаар-кыштактарды, жайкын тургундарды бутага алганын танып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG