Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Садыр Жапаров Кыргызстанда криптовалюта тармагында иш кызуу жүрүп жатканын белгиледи


Президент Садыр Жапаров Кыргызстан криптовалютарларды кабыл алуу боюнча жалпы индексте 19-орунда экенин жана Борбор Азия боюнча алдыда баратканын билдирди. Бул тууралуу ал 24-октябрда Бишкекте өтүп жаткан Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында айтты.

Президент өлкөдө виртуалдык активдер рыногу активдүү калыптанып жатканын, лицензияланган катышуучулардын санынын өсүүсүн, ченемдик базанын бекемделип жатканын белгиледи.

Мамлекет башчы бул багытта улуттук кеңештин түзүлгөнүн туура кадам катары баалап, анын алкагында мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүктөрү бириктирилгенин билдирди.

Алдыда инфраструктуралык демилгелерди ишке ашыруу, пилоттук долбоорлорду баштоо, жасалма интеллект жана блокчейн технологиялары жаатында кадрларды даярдоо, коопсуздук стандарттарын жана тобокелдиктерди башкаруу маселелери турганына токтолду.

“Санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана адистерди даярдоо негизги артыкчылык болушу керектигин өзгөчө белгилегим келет. Биз билимге инвестиция салып, жаңы шарттарда иштей ала турган кадрларды чыгарууга тийишпиз. Ошондой эле инновациялар ачык-айкындуулук, так эрежелер жана ишенимдүү инфраструктура чөйрөсүндө өнүгүшү маанилүү” , - деди президент.

Жыйынга Binance криптовалюталык компаниясынын негиздөөчүсү, президент Жапаровдун коомдук кеңешчиси Чанпэн Чжао да катышып жатат.

Кыргызстанда быйыл май айында Виртуалдык активдер жана блокчейнтехнологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, анын катчылыгынын жетекчиси болуп 25-августта Фархад Иминов дайындалган.

Кеңеш бул тармакта инвестициялык климатты жакшыртуу жана чет элдик компаниялар менен кызматташууну күчөтүү максатында түзүлгөн. Жарлыкта кеңеш виртуалдык активдерди жана блокчейнди жөнгө салуучу мыйзамдык базаны өркүндөтүү, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстандын экономикасын дүйнөлүк процесстерге интеграциялоого көмөк көрсөтөт деп жазылган.

АКШ президенти Дональд Трамп криптовалюта биржасындагы ири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаого ырайым бергенин Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт билдирди. Анын айтымында, Трамп “өзүнүн конституциялык ыйгарым укугун колдонуп, Байдендин администрациясынын криптовалютага каршы күрөшүндө куугунтукка алынган Чжаону кечирди.”

Шерине

XS
SM
MD
LG