Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

ТИМ санкцияларга байланыштуу Еврошаркетке атайын комиссия түзүүнү сунуштады


ТИМ имараты.
ТИМ имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Европа Биримдигинин кыргызстандык эки банкка санкция салганын өкүнүү менен кабыл алганын билдирди. Мекеменин 24-октябрдагы билдирүүсүндө Кыргызстан санкция боюнча эл аралык милдеттенмелерин так сактап жатканы, бул жааттагы тобокелдиктер боюнча Евробиримдик менен тыгыз байланышта иш алып барып жатканы айтылды.

ТИМ Евробиримдиктин Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк куруу ниетин белгилеп, кыргыз тарап да ишенимдүү алака курууга даяр экенин тактады.

“Мындай мамиле бир жактуу санкциялардан айырмаланып, өз ара пайдалуу максаттарга жетишүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасы фактылык жагдайларды текшерүү жана каралып жаткан чектөөчү чаралар ишенимдүү жана тастыкталган маалыматтарга негизделгендигин тастыктоо үчүн Европа Биримдигини көз карандысыз, эл аралык таанылган аудитти өткөрүүгө расмий түрдө чакырат”,-деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Ошондой эле туруктуу маалымат алмашуу, каржылык транзакцияларга байкоо жүргүзүү жана тобокелдиктерди талдоо үчүн эки тараптуу жумуш тобун түзүүнү сунуштады.

23-октябрда Европа Биримдигинин Орусияга салган санкциялык тизмесине кыргызстандык “Толубай” банкы жана “Евразия сактык банкы”, криптовалюта чыгарган компания жана криптобиржа илинген. Тизмеде ошондой эле Орусиянын мамлекеттик колдоосу менен түзүлгөн стейблкоин A7A5 чыгарган компания жана Кыргызстанда катталган Grinex криптобиржасы да бар. Сөз болгон стейблкоин менен Еврошаркеттин аймагында соода кылууга тыюу салынган.

Кыргызстандык бул банктар Украинага каршы согуш ачкан Орусияга төлөм кызматын көрсөткөн жана криптовалюта менен камсыздаган финансылык уюмдар катары каралууда.

Ал эми Grinex "Крым жарым аралын аннексиялап алган жана Украинадагы кырдаалды бейстабилдештирген Орусиянын өкмөтүн колдойт жана андан пайда табат" деп айтылат.

Жайында Британия “Капитал банкка” жана анын директору Кантемир Чалбаевге санкция киргизген. Жыл башында АКШ “Керемет банкка” каршы чектөөчү чараларды жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров 21-августтагы маегинде ал окуяларды комментарийлеп, "бир да факты көрсөтө алышпаганын, азыр да санкцияларды айланып өткөн факты жок экенин" айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG