Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

БШК алты айдан ашык чет өлкөдө болгон жаранды талапкер кылып каттоодон баш тартты


Курманбек Жоошбаев. БШК тараткан сүрөт.
Курманбек Жоошбаев. БШК тараткан сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы соңку беш жылда Кыргызстанда туруктуу жашабаган Курманбек Жоошбаев аттуу жаранды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартты. Мындай чечим Боршайкомдун 22-октябрдагы отурумунда кабыл алынды.

Жоошбаев №3 шайлоо округунан талапкерлигин көрсөтүү үчүн 4-октябрда арыз жазган. Анын документтерин текшерүү учурунда БШКнын жумуш тобу талаптарга туура келбесин эскертип, ага талапкер болуудан баш тартууну сунуштаган.

Сөз “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 59-беренесине жаңы кирген талап жөнүндө болууда. Анда Жогорку Кеңештин депутаты болом деген жаран соңку беш жылда Кыргызстандын аймагында туруктуу жашашы керек деген норма кирген. Эгер зарылчылык болуп калса, бир жылда алты айга чейин чет өлкөгө чыгууга уруксат берилет.

“Тагыраак айтканда, Жоошбаев 2022-жылдын 28-февралынан тартып, 2022-жылдын 27-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында болгон эмес. 2025-жылдын 22-октябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда Жоошбаев Курманбек Абдиназарович онлайн катышып, жогорудагы маалыматты тастыктаган”, - деп айтылат БШКнын маалыматында.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров июнда президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо жөнүндөгү жаңы мыйзамга кол койгон. Парламент 30-апрелде кабыл алган мыйзамга ылайык, 90 депутат үч мандаттуу 30 шайлоо округунан шайланып келет. Жоошбаев туш болгон өлкөдө туруктуу жашоо боюнча талап да ошол документте камтылган.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG