Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Түркмөнстанда эгемендиктин 20 жылдыгы белгиленди


2009-жылкы майрамдагы парадда президент Г.Бердымухаммедовдун портретин көтөрүп чыгышкан
2009-жылкы майрамдагы парадда президент Г.Бердымухаммедовдун портретин көтөрүп чыгышкан

Түркмөнстан бүгүн көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын белгилеп жатат. Баш калаа Ашгабадда аскерий парад өттү. Бир топ жерлерде ири концерттер, майрамдык иш-чаралар, парктарда элдик сейилдөө болду. Ал арада мекенинен алыс жакта жашаган түркмөн саясатчылары, адам укугун коргоочулар соңку эки он жылдыкта жарандык эркиндик эң төмөн чегине жеткенин айтышат.

Аскерий параддар быйыл постсоветтик көп өлкөлөрдө жаңырууда. 1991-жылдын 27-октябрында Советтер союзунан күнкорсуздук түркмөн элине да жетип, өлкө өз алдынча өнүгүүгө бет алды. Ал кезде жумуриятты жетектеп турган Сапармурат Ниязов бир жылдан кийин июнда президенттик шайлоо өткөрүп, жалгыз талапкер катары 99,5% добуш менен жеңген.

Ошондон тарта 2006-жылга чейин, Ниязовдун көзү өткөнчө, президенттик кызматка андан башка эч ким келген жок. Анын макамы бүтүн түркмөн элинин атасы катары “Түркмөнбашы” деп расмий түрдө парламент тарабынан да бекитилген. Дал ушул жылдары өлкөдө авторитардык режим, бир адамга сыйынуу күчөдү.

Авторитаризм чыйыры

Ушул тапта Орусияда жашаган түркмөнстандык аналитик Сердар “Азаттык” радиосу менен маегинде алгачкы жылдардагы өзгөрүүнү эскерди.

“Башында баары биримдик тууралуу айтып жатышкан. “Бизге коңшу өлкөдөгүдөй жарандык согуштун кереги жок (Тажикстанды айтат – ред.), тынчтык болсун, ыркты кетирбей, баарыбыз бир адамды угалы” деген чакырыктар болду, - дейт аналитик. - Сөз, албетте, атаандашы жок Ниязов жөнүндө эле. Ал барган сайын бүт бийликти өзүнө тартып алып, билгенин жасады. Эгер биз ошондо башка жолду, балким, парламенттик башкарууну тандаганыбызда, баары башкача болмок деп ойлойм”.

Мына ушул 20 жыл ичинде өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшүн аналитиктер Түркмөнстандын жаратылыш ресурстарынын байлыгы менен түшүндүрүшөт. “Эл турмушунун башка тармактарында өнүгүү эмес, артка кетүү гана байкалды”, - дейт түркмөн парламентинин мурдагы депутаты, азыр Швецияда жашаган оппозиционер Калмурат Сүйүнов.

“Соңку 20 жылда, Советтер союзундагы акыбал менен салыштырганда, биз социалдык колдоону дээрлик жоготуп койдук: медициналык коргоо, билим берүү өңдүү коомдун өнүгүшү үчүн эң зарурат тармактарды жоготуп алдык. Элдин билим деңгээли мурдагыдан 5-10 эсе түшүп кетти. Мына ушунун баары Ниязовдун саясатынын жемиши эле, - дейт мурдагы депутат. - Бирок ошол саясатты азыркы президент Гурбангулы Бердымухаммедов улантып жатат. Ал түркмөн элин маңкурттун деңгээлине түшүрдү”.

"Түркмөнбашизм"

Президентке болсо көзкарандысыздык майрамынын алдынан парламент “Баатыр” наамын ыйгарууну колдоду. Мындай демилгени түркмөн аксакалдар кеңеши көтөргөн болчу. Бердымухаммедов эгемендик майрамына карата шаршембиде өткөн Ашгабаддагы концертте “Биз ишенимдүү түрдө жаркын келечекке жол алдык” деп айтты.

“Ушул кыска мөөнөттө эгемендигибиз элди, өлкөнү бүтүн дүйнөгө таанытты. Түркмөн элинин мартабасын арттырып, атагын ааламга таратты”, - деди президент.

Түркмөнстандын өмүр бою президенти деп жарыяланган Сапармурат Ниязов 2006-жылы жүрөк оорусунан улам көз жумганда, ордуна келген Гурбангулы Бердымухаммедов алгач бир адамга сыйынууга каршы чараларга чечкиндүү киришкендей туюлган. Ашгабаддын борборундагы Ниязовдун килейген эстелигин башка жерге жылдыртып, өлкө боюнча илинген Ниязовдун сүрөттөрүн азайткандай болду эле.

Азыр эми “Баатыр” наамын алуу менен Бердымухаммедов өлкөдө “түркмөнбашылыкты” жанданта баштады деп жатышат. Көзү тирүү кезинде Ниязов өзүнө бул наамды үч ирет ыйгарганы бар.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG