Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Жээнбеков Түркиядагы кыргыздарга жолукту


Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркиядагы расмий сапарынан тартылган сүрөт. President.kg сайтынан алынды.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркиядагы расмий сапарынан тартылган сүрөт. President.kg сайтынан алынды.

Түркия кыргыз мигранттары көп иштеген өлкөлөрдүн бирине айланды. Бул тууралуу Анкарага расмий сапар менен барган президент Сооронбай Жээнбековдун кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Анда Түркиядагы мекендештер мигранттарга укуктук жардам уюштуруу, аларды жөнөтүүнүн тартибин жөнгө салуу маселелерин көтөрүштү. Президент бул багытта иш алып барууга убада берди. Расмий эсеп боюнча, Түркияда 20 миңге жакын кыргызстандык окуп, иштеп жүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы расмий сапарынын жүрүшүндө бул өлкөдө иштеп, окуп жаткан диаспора өкүлдөрү менен кездешти. Жолугушууга Анкара, Стамбул, Измир, Анталья сыяктуу кыргызстандыктар көбүрөөк жашаган шаарлардагы мекендештер келди.

Президент Жээнбеков Түркиядагы алгачкы сапары ийгиликтүү өтүп жатканын айтып, түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен бардык маселелерди “тууганча” ачык-айкын сүйлөшүп алганын билдирди. Ошондуктан ал бул сапарды "кыргыз-түрк кызматташтыгынын жаңы барагын ачты" деп сыпаттады.

Жээнбеков расмий сапар учурундагы кол коюлган эң маанилүү документтердин бири катары социалдык камсыздандыруу жаатындагы келишимди белгиледи. Анын айтымында, бул келишимдин негизинде Түркияда эмгектенген 15 миңден ашуун кыргызстандык пенсия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Түркиядагы кыргыз мигранттары. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Түркиядагы кыргыз мигранттары. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Мындан соң Түркиядагы кыргызстандыктар өз көйгөйлөрүн, сунуштарын ортого салышты. Негизинен акыркы учурда бул өлкөдө иш издеп келген кыргызстандыктардын маселесине көңүл бурулду.

Маселен, Түркияда бир нече жылдан бери эмгектенип келген Урият Ташматова "иш таап беребиз" деп жарандарга жалган маалымат берген ар кыл фирмаларды тартипке салууну өтүндү:

Ош базары сыяктуу жайлардагы радиотүйүндөрдө “Түркияда миң доллардан иш таап беребиз" деп жарнама бергендерди текшерип, тыйсаңар экен. Ушунчалык уялып жүрөбүз.

- Акыркы убакта өлкөбүздөгү жумушсуздуктун айынан үй кызматына иштегени көптөгөн кыздар, аялдар, жаштар бул жакка агып келип жатат. Бирок маданияттуулук деген да жакшы нерсе да. Ошол жагынан маселе бар. Мен бул багытта Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги сыяктуу мекемелерге кайрылгым келет эле. Жанагы Ош базары сыяктуу жайлардагы радиотүйүндөрдө “Түркияда миң доллардан иш таап беребиз" деп жарнама бергендерди текшерип, тыйсаңар экен. Ушунчалык уялып жүрөбүз. Тил билбей, эч нерсе билбей келип алгандардын ичинен айрым тарбиясыздар чыгып жатат. “Беш кол тең эмес” дегендей алар өздөрү да кыйналып, мамлекетти да уят жатат.

Дал ушундай пикирди колдогон Түркиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири Айбек Сарыгул жумушка орноштуруу жаатындагы фирмалардын атайын реестрин түзүп, мыйзам бузгандарына жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуш кылды:

- Ош базарында, гезиттерде, ар кыл жүгүртмө саптар аркылуу “Түркияга жумуш таап” берем деген фирмалар көбөйүптүр. Алардын лицензиясы барбы, эмненин негизинде иштеп жатат - ага көзөмөл жок экен. Мына ушул сыяктуу фирмалардын атайын реестрин түзүп, эгер мыйзам бузса чара көрсө жакшы болор эле. Мыйзам бузгандарын ИИМ менен сүйлөшүп, “чет өлкөгө кулчулукка жөнөтүү” сыяктуу берене боюнча көзөмөлдөп, чектеш керек болуп калды. Аларга "Түркияга барсаң эле бышырып койгон шорпо бар” дегендей жөнөтүп коюшат. Бул жакка келип көчөдө калгандар баарыбызга маселе жаратууда.

Ошондой эле Түркиядагы мекендештер мигранттар көбөйгөндүктөн аларга укуктук жардам көрсөтүү зарылчылыгы келип чыкканын белгилешти. Бул багытта алар Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы консулдукта атайын юристтерди иштетүүнү суранышты.

Стамбулдагы "Кыргызстан" достук жана маданият коомунун төрагасы Илхам Шасалимовдун айтымында, мигранттарга укуктук жардам көрсөтүү боюнча жергиликтүү активисттер да мамлекетке көмөктөшүүгө даяр:

- Консулдуктар жарандарына ошол мамлекеттин мыйзамы боюнча укуктук жардам көрсөтө албайт. Мындай укугу болсо да чектелген. Ушул маселе боюнча биздин сунушубуз бар. Мисалы, "үч айга чейин визасыз мөөнөттө иштей калайын" деп жарандарыбыз келет. Анан виза мөөнөтү өтүп кеткенин билбей жүрүп, ар кыл жазага туш болуп калып жатат. Ошондуктан консулдук алдында атайын укуктук жардам көрсөтүлүүчү пункт ачылса, биз да өз жардамыбызды берет элек.

Мекендештер мындан тышкары Түркияда жогорку жайларды бүтүргөндөрдүн дипломдорун Кыргызстанда таануу, Анталья шаарында консулдук ачуу, Бишкектен Анкарага түз каттам ачуу сыяктуу маселелерди көтөрүштү.

Буга кошумча башка өлкөдө жарандык алган кыргызстандыктарды жарандыктан толук ажыратпай, айрым укуктары сакталып калган “Мекен карт” сыяктуу системаны тезирээк ишке киргизүү жөнүндө өтүнүчтөр да айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бардык көтөрүлгөн маселелерди жазып алганын айтып, алар боюнча чара көрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдарга табыштоого убада берди:

- Мен бул жакта көтөрүлгөн бардык маселелерди жазып алдым. Мисалы, мыйзамсыз түрдө Түркияга жумушка жөнөтүү, жарнама берип жаткандардын жоопкерчилигин кароо боюнча туура маселе көтөрүп жатасыңар. Бул боюнча бардык маселелерди карап чыгабыз.

Ал эми тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркияда да мигранттардын эмгек укуктарын коргоо боюнча буга чейин Орусияда уюштурулган укуктук жардам көрсөтүү жагы каралып жатканын билдирди:

Эрлан Абдылдаев.
Эрлан Абдылдаев.

- Адвокаттар боюнча сөз болуп жатат. Биз буга чейин Анкарадагы элчиликте бул жактагы мекендештерибиз үчүн атайын адвокаттардын тизмесин илгенбиз. Аларга кайрылып, жардамын алса болот жана элчиликтин көзөмөлүндө турат. Бирок акыркы учурда Стамбулдагы консулдукта юрист алып, бир-эки кызматтык бирдик ачуу маселеси каралууда. Бул эми кошумча каражатты талап кылат.

Расмий эсеп боюнча, Түркияда 20 миңге жакын кыргызстандык окуп, иштеп жүрөт. Бирок башка маалыматтарда алардын саны 30 миңден ашаары айтылууда. Акыркы учурда бул өлкөдө эмгектениш үчүн келген кыргызстандыктар көбөйдү. Буга байланыштуу Түркияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар катышкан бир нече окуялар катталган эле.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Түркияга 9-апрелде эки күндүк расмий сапар менен барган. Президенттин бул сапары акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы мамиле солгундап кеткен учурга туш келди. Сапардын жүрүшүндө Жээнбеков түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган жетекчилер менен жолугушту. Эки өлкөнүн президенттери сапар ийгиликтүү өткөнүн, солгундаган мамиле эми кайрадан жанданарын билдиришти.

Ошол эле учурда бул жолу түрк президенти Эрдоган кыргыз бийлигин бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлендин жолдоочуларына карата чара көрүүгө чакырды. Президент Жээнбеков мындай чакырыкка расмий түрдө жооп кайтарган жок.

Анкара: кыргыз президентин тосуп алуу салтанаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG