Быйыл он айда Кыргызстанда 7443 жол кырсыгы катталып, 750 киши каза болду. Бул 2024-жылдын ушул убактысына караганда 30% көп. Жалпысынан жолдогу кырсыктардан 10 миң 767 адам ар түрдүү жараат алган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Он айда мас абалында унаа башкарган 12,5 миң учур катталса, 12 миңге жакын айдоочу тийиштүү документи жок машина айдаганы аныкталган. 112 миңден ашуун айдоочу коопсуздук курун тагынбаса, 426 миңге жакыны жол белгилерине жана жол чийиндерине баш ийген эмес.
Аталган мекеменин маалыматына караганда, соңку беш жылда жолдогу авариянын кесепетинен 3127 киши каза болгон.
Октябрдын соңунда Ош облусунун Алай районунда эки күн ичинде удаа катталып, кеминде он адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан соң оор жүк ташууга көзөмөлдү күчөтүү талабы айтылууда.
30-октябрда катталган кырсыктан чоң машине менен кагылышкан жеңил унаадагы беш кишинин баары мүрт кеткен. Алардын улуусу 56да, кичүүсү 37 жашта болгон. 1-ноябрда ошол эле автожолдо дагы оор жүк тарткан унаа катышкан кырсык болуп, 33 жаштагы беш жаран (классташтар болгон) каза тапты.
Ушу тапта коомчулукта оор жүк ташуучу унааны башкарууда айдоочулук тажрыйбасы жетиштүү жарандар айдасын деген талаптар айтылып жатат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) былтыркыга салыштырганда жол кырсыгынын саны өсүп жатканын, 90% учурда айдоочулар күнөөлүү деп табылганын билдирүүдө.
Ички иштер министрлиги бардык аймактарда жол кырсыктары кескин өсүп кеткендигине байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисин алмаштырган. (КЕ)
Шерине