Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:24

Жардырууга шектүү кыргызстандык бошотулду


Хуснидин Зайнабидинов.
Хуснидин Зайнабидинов.

Магнитогорскидеги жардырууларга шек саналып, 13 ай камакта отурган кыргызстандык Хуснидин Зайнабидинов эркиндикке чыкты.

Жалал-Абадда туулуп-өскөн 30 жаштагы Хуснидин Зайнабидинов былтыр 16-январда Орусиянын коопсуздук органдары тарабынан камакка алынган.

Екатеринбургда ашпозчу болуп иштеп, үй-бүлөсүн багып жүргөн мигрант Магнитогорскидеги көп кабаттуу үйдү жардырууга шек саналып кармалган.

Хуснидин Орусиянын Ички иштер министрлигинин Челябинск облусу боюнча бөлүмүндө кармалып, ал жакта кыйноого кабылганын келинчеги Халимахон ошондо эле «Азаттык» радиосуна айтып берген болчу.

Федералдык коопсуздук кызматынын тергөө абагында жети ай, кийин Магнитогорскидеги депортациялык борбордо алты ай камакта отурган Хуснидин 10-февралда эркиндикке чыкты. Аны Магнитогорскидеги жарылууларга айыптоого эч кандай далил табылган эмес.

Федералдык коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери аны электр тогу менен кыйнап, мурдун жана кабыргаларын сындырып, ур-токмокко алганын айткан Хуснидин эми акыйкаттык үчүн күрөшөрүн айтты:

"Мени ушунча ай негизсиз кыйнашты. Денемди талкалап салышты. Эгер ошондо мени көрсөңөр коркмоксуңар. Орусияда жок дегенде бир мыйзам иштеши керекпи?! Москвага мен адилеттүүлүк издеп келдим. Бул кызматкерлерди жоопко тарттыргым келет. Керек болсо, Европа сотуна чейин кайрылам".

Магнитогорскиде 2018-жылдын 31-декабрында он кабаттуу үйдө болгон жарылуудан 39 кишинин өмүрү кыйылган. Эртеси 1-январда жарылуу болгон үйдөн үч чакырымдай жерде “Газел” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, үч киши каза болгон.

Бул кезде Магнитогорскидеги туугандарына үй-бүлөсү менен конокко келген Хуснидин Зайнабидинов дүкөнгө чыккан маалда аны кармап кетишкенин баяндады:

"Мен дүкөнгө чыккам. Жарандык кийимчен эки адам келип, документтеримди сурашты. Текшерип, «жайында» деп, кое беришти. Анан эле дүкөнгө чоң автоунаа келип, башыма баштык кийгизип, салып кетишти. Колумду артка таңып, бир жерге алып барып, кайдагы бир сүрөттөрдү көрсөтө башташты. Аларды тааныбасымды айтсам, жертөлөгө алып кирип, алты саат бою сабашты. Көкүрөгүмө аккумуляторго окшогон бир нерсе коюп, электр тогу менен кыйнашты. Эки күндөн кийин аялыма жолуктурушту. Ошондо денем шишип кеткен болчу. Кабыргаларымды, мурдумду, колумду сындырышкан".

Хуснидин ФСБнын кызматкерлери аны Магнитогорскидеги жарылуу боюнча айыпты моюнга алып, кагаздарга кол койдуруш үчүн кыйнашканын белгилейт. Кийин ага айып тагууга эч кандай далил таба алышпай, 2010-жылы Кыргызстандагы июнь коогасына байланыштуу «эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер» катары Кыргызстанга экстрадиция кылуу маселесин көтөрүшкөнүн кошумчалады.

Буга чейин Хуснидиндин аялы Халимахон Зайнабидиновдордун үй-бүлөсү июнь коогасынан кийин Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болушканын айтып берген.

Хуснидин Зайнабидиновду Жалал-Абад шаардык соту «массалык башаламандык уюштуруу», «бирөөнүн мүлкүн кыйратуу», «улут аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча айыптап, камакка алуу чечимин чыгарганы тууралуу маалымат бар.

"Мени тергөө абагында жети ай, депортациялык лагерде алты ай кармашты. Адегенде прокуратурага, андан кийин ФСБга алып келип, үч саат сабашты. Шаардагы тергөө абагына алып барышканда, анын башчысы кебетемди көрүп, «бул өлүп калса, ким жооп берет?» деп албай койгон. Кайра жертөлөгө алып келип, денемдеги шишиктер тараганда абакка өткөрүштү. Жардыруу боюнча алар таккан күнөөнү моюнга албай койгондон кийин мени департациялык борборго алып барып, «2010-жылы Кыргызстандагы окуяларга катышкансың, издөөдөсүң» деп таштап салышты", - деди Хуснидин.

Хуснидин Зайнобидинов 2020-жылы 10-февралда Магнитогорскидеги чет өлкөлүк жарандарды убактылуу камоочу жайдан бошотулду. Учурда ага Москвадагы «Ёрдам» деп аталган укук коргоочулардын тобу укуктук көмөк көрсөтүүдө.

Бахром Хамроев.
Бахром Хамроев.

Уюмдун башчысы Бахром Хамраевдин айтымында, бир жыл мурда Магнитогорскидеги окуялардан кийин борбор азиялыктар массалык түрдө камакка алынып, кысымга кабылган.

"Ал күндөрү дайыны чыкпай калган мигранттар көп болгон. Полиция, ФСБ көчөлөрдөн, базарлардан адамдарды кармап, бүт шаарды тинтип чыгышкан. Ал кезде жүздөгөн борбор азиялыктар кармалып, ур-токмокко алынганын кабарлашкан. Күнөөнү Борбор Азиядан келгендерге оодарууга аракет кылышкан. Анда жоголгондордун кээ бири табыла элек".

Магнитогорскидеги жардыруулар үчүн «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу жоопкерчилик алып, Москва муну четке каккан. Орусиянын тергөө комитети көп кабаттуу үйдөгү жарылууга газ түтүгүнүн бузулушу себеп катары каралып жатканын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG