Ысык-Көл облустук милициясы Ак-Суу районунун 38 жаштагы тургуну аялына зордук-зомбулук көрсөтүүгө шектелип кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, 25-ноябрда анын жубайы, 33 жаштагы И.А. аттуу жаран күйөөсүнөн узак убакыттан бери кордук көрүп жүргөнүн айтып, милицияга кайрылган.
“2025-жылдын 3-март күнү И.Э. кол көтөрүп сабагандан кийин И.А. Ак-Суу райондук ооруканасына кайрылган. Ал ошол учурда балдарын ойлоп, жараатын жыгылып кеткем деп айтып койгонун билдирген. Ооруканадан кийин дагы үч ай өткөн соң кайрадан уруп-сабап, мойнунан муунтканын айткан. Ошондой эле, 2025-жылдын август айында И.А. ажырашуу чечимин кабыл алып, балдарын алып, ата-энесинин үйүнө кеткен. Андан тышкары, 2025-жылдын 20-ноябрында Ак-Суу райондук сотуна ажырашуу боюнча жарандык арыз менен кайрылганын, бирок И.Э. орой мамилесин токтотпой, телефондон коркутуп, ыплас сөздөр менен сөгүп, видео тасмаларды жөнөтүү менен И.Анын абройуна шек келтирип жатканын билдирген”, - деп жазылган милициянын маалыматында.
Тергөөнүн жүрүшүндө келинге дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, алган жаракаты “анча оор эмес дене жаракаты” деп аныкталган.
Бул факты боюнча 5-декабрда Кылмыш-Жаза кодексинин 131-беренесинин (“Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү”) 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. 6-декабрда келиндин күйөөсү суракка алынып, ошол жерден камакка киргизилген.
Түгөйлөр 2010-жылы баш кошкону жана ортодо төрт баласы бар экени маалым болду.
Мунун алдында үйдө жубайын жерге жаткырып тепкилеп жаткан кишинин жоругу тартылган тасма социалдык тармактарга тараган.
Өлкөдө быйыл сегиз айдын ичинде (январь-август) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 277 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 35,1% же 3710 окуяга көп.
Шерине