Кыргызстан эгемендигинин 31 жылдыгын белгилөө алдында турат. Бул маанилүү датанын алдында өлкөнүн дүйнөдөгү орду, азыркы шарттагы мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси, саясатчы Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" маек курду.
Ал Кыргызстандын чыныгы эгемендигин камсыз кылчу долбоору катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун атады.
- Биз эгемендиктин 31 жылдыгын белгилөө алдында турабыз. Сиз ушул эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдардан бери саясатта жүргөн, мамлекеттик башкарууда жүргөн адам катары Кыргызстандын учурдагы дүйнөдөгү ордуна баам салып турсаңыз керек. Кыргызстандын бүгүнкү геосаясаттагы ордун сиз кандай баалайсыз? Адатта дал ушул азыркы шартта, азыркы дүйнөдө Кыргызстан эгемендиктин алгачкы жылдарында кыялданган максатка жетпей калды деген пикирлер да айтыла калып жүрөт.
- Эң негизгиси, биз көз каранды эмес, эркин, эгемен улуттук мамлекетибизди түздүк. Албетте, алдына койгон көп максаттарыбыз болгон, тилекке каршы, өзүбүз ойлогондой ийгиликтерге, бийиктиктерге жетише алганыбыз жок. Мунун ар кандай себептери бар. Союз убагында биз он беш республиканын ичинен он экинчи-он үчүнчү орунда турганбыз. Турмуш деңгээли боюнча, илим менен маданияттын деңгээли боюнча бүгүн деле ошол он экинчи-он үчүнчү орундабыз.
Мындай алып караганда региондогу, постсоветтик мейкиндиктеги ордубуз салыштырмалуу өзгөргөн жок. Бирок биздин максат – региондогу алдыңкы өлкөгө айлануу, мурунку постсоветтик өлкөлөрдүн ичинде алдыңкы чекке чыгуу болгон. Мен орду толгустай трагедиялуу абалдабыз, өтө артта калдык деп айта албайм. Биздин бүгүн да чоң секирик менен алдыга жылууга зор мүмкүнчүлүктөрүбүз, ресурстарыбыз бар.
Мен дүйнөдөгү азыркы геосаясий өзгөрүүлөрдү Орусия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатактан эле келип чыкты деп эсептебейм. Бул чоң тарыхый процесс. Ал эми Орусия-Украина чыр-чатагы бул өзгөрүүлөргө катализатор болду, аны тездетти. Мына ушундай жагдайда Борбор Азия өзүнүн жалпы келечегин, жалпы кызыкчылыгын аңдап-баамдай баштады.
- Сиз Кыргызстандын учурдагы геосаясаттагы ордун аныктоо үчүн Борбор Азиядан бөлүп карай албайбыз деп жатасыз. Бул боюнча акыркы аракеттерди да мисал келтирдиңиз. Чындыгында дүйнөдө чиелешкен абал пайда болду, Европада реалдуу согуш жүрүп жатат. Ушундай шартта Борбор Азиядагы өлкөлөр өз алдынча саясий бирикме катары канчалык деңгээлде мунаса таба алат? Анткени биздин региондогу өлкөлөр ортосунда да коопсуздукка, экономикага, саясатка байланышкан ар кандай маселелер бар, ар түрдүү турумдар айтылып жатат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Ар бир элдин, ар бир мамлекеттин өз кызыкчылыгы болот. Эгер ал өз таламын талашса, кошуна мамлекеттер буга түшүнүү менен мамиле кылыш керек. Биз башкаларга душман эмеспиз жана жамандык кылбайбыз, биз өз кызыкчылыктарыбызды гана коргоп жатабыз. Бөлөктөр биздин аракеттерибизди ушундай кабыл алышы керек. Биздин тышкы саясатыбыз, биздин дипломаттарыбыз, биз кызматташып жаткан, мамиле түзүп жаткан мамлекеттердин баарына ушул ниетибизди жеткиргендей болуш керек. Мен азыр Кытайдан Кыргызстан аркылуу Жакынкы Чыгышка өтүүчү темир жол жөнүндө айтканы баратам. Кыргызстан бүгүн эгемендигинин 31 жылдыгын белгилеп жатканы менен, биз иш жүзүндө толук саясий эркиндикке ээ боло элекпиз. Анткени биздин экономикабыз Орусия менен байланышкан. Биз жашаган чөлкөмдө Орусиянын өзгөчө кызыкчылыгы бар экендигин биз дагы билебиз, ири державалар дагы билет. Биз бул жагынан да байланып калганбыз. Бирок биздин саясат, Кыргызстандын саясаты ачык жана биз реалдуу эркиндикке жеткенге, көз каранды эмес мамлекет болгонго аракет кылабыз.
Анүчүн биз өзүбүздүн соода-экономикалык байланышыбызды Орусия, Казакстан менен эле чектебей дүйнөнүн төрт тарабы менен – бул жагы Кытай, Индия, Жакынкы Чыгыш, ал жагы Европа өлкөлөрү менен – соода-сатык жүргүзүшүбүз абзел.
Бир жактан болбосо экинчи жактан товар алып келгенге, альтернативүү жолдорубуз болгонго жетишүүбүз зарыл. Муну коңушу өлкөлөр, ошол эле Орусия кызганыч менен эмес, түшүнүү менен кабыл алышы шарт. Буга чейин темир жолдун курулушун Орусия ар кандай шылтоо айтып жактырбай келген, ошол себептүү кура албай келгенбиз. Биз эле эмес, Кытай дагы "алар нааразы болбойт бекен" дегендей Орусиянын көзүн карап турган.
Азыр кырдаал өзгөрдү, Орусия биздин өнөктөшүбүз болгону менен өзү азыр кыйын абалга туш келип турат. Бүгүн ал Кытай, Кыргызстан, Өзбекстанга ушул жол туура эмес курулуп жатат деп айтканга, атүгүл ишаарат кылганга да шайы жок. Мындайча айтканда, геосаясий кырдаал бизге мүмкүнчүлүк берип жатат. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, биз темир жолду өзүбүзгө пайдалуу багыт (маршрут) аркылуу, нугу өзүбүзгө ыңгайлуу болгондой курушубуз зарыл.
- Сиз өз сөзүңүздө дал ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, Кыргызстанды азыркыдай оор геосаясий абалдан аман-эсен, түгөл алып чыгуу өлкөнүн жетекчилигинин дараметинен, деңгээлинен жана саясат жүргүзүү жөндөмүнөн көз каранды экендигин белгиледиңиз. Бүгүн күндөгү Кыргызстандагы саясий абалды эске алуу менен, сиз айткандай талаптарга жооп берүү үчүн учурдагы бийлик эмнелерге көңүл буруш керек?
- Биринчиден, улуттук кызыкчылыктарды так аныктап алышыбыз абзел. Андан кийин ошол кызыкчылыктардын биринчи кезекте кайсынысы эң маанилүү, артыкчылыктуу – ошону такташыбыз зарыл. Андан ары ошого жетүүнүн жолдору кандай, кандай ресурстар керек, кандай геосаясий кырдаал керектигин так аныктап алууга тийишпиз. Соң, кезек-кезеги менен, учуру келгенде аларды улам алдыга илгерилетип турушубуз шарт.
- Албетте, сиз мамлекеттик кызматкерсиз, дипломатиялык кызматкерсиз. Бул суроо адептүү болобу-жокпу билбейм, бирок бүгүнкү бийликтин аракети сиз айткан талаптарга жооп берип жатабы?
- Кыргызда "Ойчул ойлонгуча, тобокелчи кыр ашат" деген макал бар. Мен азыркы бийликтегилерди абдан акылдуу, ойчул дебейм, бирок алар тобокелчи. Мен 2020-жылы шайлоого катышып жаткандагы жолугушууларда бийликтин кемчилигин аябай сындагам. Бирок ушул темир жолду коркпой, тобокелге барып куруп жиберсе, темир жол бүткөнчө бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып бири-бирибизди колдоп турушубуз керек, себеби биздин келечек ушул темир жол менен байланышкан деп айткам.
Сентябрь айындагы Самарканд шаарында боло турган жолушууда үч тараптуу келишимге кол коюлганы жатат. Мурда да кол коюлуп келген, мурда да техникалык-экономикалык негиздемелер түзүлгөн, бирок ар кандай көзгө көрүнбөгөн саясий кырдаалдардын айынан башталбай келген. Эми башталып кетсе, ошого жараша баа беребиз.
Маекти толугу менен видеодон көрө аласыз: