Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бахтияр Бообековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого уруксат берди. Мындай чечимди Боршайком 13-ноябрдагы отурумунда кабыл алып, БШКнын 11 мүчөсү колдоду. БШКнын жыйынына талапкер өзү жана ишенимдүү өкүлү да келген жок.
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматыны ылайык, Бахтияр Бообеков октябрь айында өзүнүн штаб башчысы (М.З.) аркылуу көк бөрү оюнунда колдонулуучу тай казанды сатып алуу үчүн 800 миң сом берип, аны жеке ишкер (Н.Р.) даярдаган. Тай казан кийин Сосновка айылына жеткирип, жергиликтүү жаштарга пайдаланууга берилген.
“Ушундай жол менен Б.Б. (ред: Бахтияр Бообеков) жана анын тарапташтары шайлоочулардын колдоосун мыйзамсыз жол менен камсыз кылууга аракет көрүшкөн”, - деп билдирди облустук милиция.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция талапкер жана окуяга тиешеси бар адамдар тергөө органдарына жеткирилгенин, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча окуяга мыйзам чегинде баа берилип, тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынарын кошумчалады.
Боршайкомдун сайтындагы маалыматка караганда, 39 жаштагы Бахтияр Бообеков Социалдык фонддун аппарат жетекчиси. “Азаттык” анын жана жакындары же ишенимдүү өкүлдөрүнүн да пикирин берүүгө даяр.
10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Үгүт өнөктүгү 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276ы эркектер, 191и аялдар.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт. (BTo)
Шерине