Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

ӨКМ адистери сел кырсыгына каршы жаңы ыкмаларды үйрөнүүдө


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери сел, суу ташкыны сыяктуу жаратылыш кырсыктарынын оор кесепетин алдын алуунун заманбап ыкмаларына үйрөнүүдө. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Швейцария өкмөтү бул долбоорду Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырууда. 10-ноябрда башталып, 18-ноябрда жыйынтыктала турган окутуу программасы алкагында жаратылыш кырсыктарын алдын алуу, коркунуч деңгээлин аныктоо, баалоо багытында иштеген кызматкерлер кошумча билим, маалымат ала алышат.

Ачылышына БУУ программасынын өкүлү Кожиро Накай, министрдин орун басары Акылбек Мазарипов жана Швейцария элчисинин орун басары Андрес Мюллер катышты.
Ачылышына БУУ программасынын өкүлү Кожиро Накай, министрдин орун басары Акылбек Мазарипов жана Швейцария элчисинин орун басары Андрес Мюллер катышты.

"InSAR технологиясынын жардамы менен министрликтин кызматкерлери “мурун жана кийин” алынган деталдуу спутник сүрөттөрүн талдап, жер кыртышындагы өзгөрүүлөр, мисалы, суу ташкын алдындагы суу деңгээлинин көтөрүлүшүн же селдин алдындагы суу кыймылын аныктай алышат. Ал эми сел жана суу ташкынын моделдөө адистерге суунун көлөмүн, агым ылдамдыгын жана кайсы багытта жайылышы мүмкүн экенин алдын ала айтууга жол берет. Башкача айтканда, бул моделдер суунун жер үстүндөгү кыймылын жана дарыялардагы, каналдардагы агымын аныктоого жардам берет", - деп билдирди элчилик.

Маалыматта белгиленгендей, мындай моделдөө коркунучтарды баалоо жана эрте эскертүү системалары үчүн өтө маанилүү, анткени бул ыкма адистерге сел жана суу ташкыны кайсы жерде болушу мүмкүн экенин алдын ала аныктоого жана калк үчүн мүмкүн болгон коркунучту баалоого шарт түзөт.

Адистердин белгилешинче, Кыргызстан Чыгыш Европа менен Борбор Азиядагы жаратылыш кырсыктары эң көп катталган үчүнчү өлкө болуп эсептелет. Көбүнчө сел, суу ташкыны болуп турат жана алар жаратылыш кырсыктарынын жалпы санынын 40 пайызын түзөт. Соңку жылдары табигый кырсыктардын саны жана экономикага келтирген чыгымы кескин көбөйдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы эле селдердин саны 30 жылдагы эң жогорку чекке жетип, инфраструктурага 14,5 миллион долларлык зыян келтирди. Бул ошол жылы катталган кырсыктардын айынан учураган бардык материалдык чыгымдардын 90 пайызына барабар көрсөткүч. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG