Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Камчыбек Ташиев эттин баасына көзөмөлдү күчөтүш керектигин айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда азык-түлүктүн баасын жөнгө салуу боюнча өкмөт кабыл алган чечимдер аткарылбай жатканын билдирди.

Атайын кызматтын жетекчиси Region телеканалында элге жасаган кайрылуусунда 4-5 күн айыл-аймактарды кыдырып келгенин, анын негизинде ушундай жыйынтык чыгарганын айтты.

Ал эттин баасы айрым жерлерде 800-900 сомго чейин кымбаттап кеткенин, өкмөт бааны 700 сомдон ашырбасын деген чечим кабыл алганы менен ал иштебей жатканын кошумчалады.

“Этти дүңүнөн саткандар 450-500 сомдон сатат экен. Ал эми ортодогу чайкоочулар эки эсеге чейин кошуп жиберет экен. Ошондуктан биз бааны көзөмөлдөшүбүз керек. Этти 450-500 сомдон алгандар ага 50 сом, ашып кетсе 100 сом кошуп 600 сомдон деле сатса болот. Бизде болсо 700дөн 900 сомго чейин чыгып кетип атыптыр”, - деди ал.

Камчыбек Ташиев мындан ары азык-түлүк анын ичинде эттин баасына Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана жергиликтүү бийлик – президенттин облустардагы өкүлү, мэр, акимдер жооп берип, көзөмөлгө алышы керектигин айтты. Болбосо чара көрүлөрүн эскертти.

Жакында эле Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн 2025-жылдын 31-декабрына чейин узарткан.

Мекеме мындай чечим эттин баасынын кымбатташын, алып-сатарлык иштердин алдын алуу, калк үчүн социалдык маанилүү продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын кабарлаган.

Өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен 11-августтан тарта анын баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилип, 620-690 сомго чейин деп белгиленген. Бирок социалдык тармактарда базарларда, соода түйүндөрүндө азыр деле эт мындан кымбат сатылып жатканын жазышууда.

Кыргыз өкмөтү бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга да убактылуу тыюу салган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG