Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Башкы прокуратура талкуу жараткан мыйзам долбооруна түшүндүрмө берди


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процесстик кодексине жана Граждандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмө берди.

Мекеме документ маалыматтык сайттарда жана социалдык түйүндөрдө туура эмес чечмеленип калганын, Кыргызстандын Конституциясына ылайык, мүлктөн ажыратуу соттун чечими менен гана ишке аша турганын билдирди.

“Мыйзам долбоорунда сунушталган өзгөртүүлөрдүн максаты — айыпталуучулардын, анын ичинде издөөдө жүргөн адамдардын мыйзамсыз жол менен алынган мүлкүн мамлекеттин менчигине өткөрүү механизмдерин өркүндөтүү жана бул чаралар соттук териштирүүнүн толук жыйынтыгында кабыл алынган соттун чечиминин негизинде гана ишке ашырылат”, - деп айтылат маалыматта.

Башкы прокурор Максат Асаналиев мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү соттун өкүмү чыкканга чейин конфискациялоо өндүрүшүн киргизүү сунушун берген.

Документтин маалымкат-негиздемесинде кылмыштуу жол менен киреше тапкан айрым адамдар тергөөдөн жашырынып кетип, күбөлөргө басым жасап, далилдерди жок кылып же каза болуп калган учурда анын активдерин мамлекетке алуу мүмкүн болбой калып жатканы жазылган. Андан тышкары мыйзамсыз алынган мүлкүн жакындарына же тааныш-билиштерине каттатып койгон учурлар мисал кылынган.

Конституциянын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргызстанда менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылбайт. Адам мүлкүнөн соттун чечими менен гана ажыратылат.

Максат Асаналиев конфискация соттун өкүмүнөн көз каранды экенин, кылмышкерлердин байлыгы мамлекет үчүн жеткиликсиз болуп жатканын кошумчалаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG