Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Министр Ибраев Казакстанга берилген электр жарыгына түшүндүрмө берди


Таалайбек Ибраев.
Таалайбек Ибраев.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 13-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөргөн басма сөз жыйынында Кыргызстан Казакстанга берген электр энергиясы боюнча түшүндүрмө берди.

Министрдин сөзүнө караганда, Кыргызстан да Казакстандан 2021-жылы 900 млн кВт/саат электр энергиясын алып, аны 2025-жылга чейин бөлүп-бөлүп кайра кайтарып берген.

“Казакстан бизге “электр энергия берип тургула, кайра беребиз” дешти. Биз “жок, суубуз аз” дедик. Бирок силер кышында кайра бересиңер деп сүйлөшүп, 132 млн 700 кВт/саат электр энергиясын берип туруп, биз кайра 175 млн 510 кВт/саат электр жарыгын алып атабыз. Биз пайда көрдүк. 1 кВт берип туруп кайра 30 кВт коштуруп алдык. Эми кышында алып атабыз”, - деди министр.

Буга чейин казакстандык бир катар маалымат каражаттары Казакстан январь-август айларында 4,3 млн долларга Кыргызстандан 299,4 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алганын жазып чыгышкан.

Кыргызстанда энергетика системасына байланыштуу талкуу президент Садыр Жапаров 9-ноябрда өлкөдөгү энергетикалык абал, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жана буга чейинки бийликтегилердин тушунда энергетикалык ири долбоорлор ишке ашпаганы тууралуу билдирүүсүнөн кийин күчөгөн.

10-ноябрда мурдагы президент, чет жакта жүргөн Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү энергетикалык кризис тууралуу Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жооп берип, анын бийлиги тушунда жасалган иштер тууралуу айтып, аларды жокко чыгарууга болбой турганын жазган.

Бул окуялардан кийин Кыргызстанда криптовалюта чыгара турган майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана “Камбар-Ата-2” ГЭСиндеги “МБТ Строй” ишканалары 2026-жылдын апрель айына чейин ишин токтотту.

Ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатын берүү чектелген. "Акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.

6-ноябрда электр энергиясын сарамжал пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген. Ага ылайык, бул мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектейт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG