Литванын бийлиги орусиялык рэпер Алишер Моргенштернге өлкөгө он жылга чейин кирүүгө тыюу салды. Миграция департаментинен билдиришкендей, музыкант улуттук коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн.
Миграциялык мекеме чечимди Литванын Тышкы иштер министрлиги кошумча маалымат топтогондон кийин кабыл алганын түшүндүрдү. Буга чейин рэпердин келишине тыюу салууну ТИМден Вильнюстун мэри Валдас Бенкунскас суранган. Бул музыканттын концертинин алдында болгон.
"Вильнюска "Крым кимдики?" деген суроого жөндөп жооп бере албаган, Путинге сый-урматын ачык билдирген, Украинанын Маданият министрлиги улуттук коопсуздукка коркунуч туудурат деп тапкан аткаруучунун үчүнчү жолу келе жатканына алакан жайып карап отургум келбейт", - деген саясатчы.
Ага чейин артисттин Вильнюста өткөн мурдагы концерттеринде күйөрмандардын "кабыл алынгыс жесттери" тартылган видео тараган дейт Delfi. Полиция Z символун ачык көрсөткөн маалыматты текшерип, бирок аны ырастаган эмес.
Орусиянын өзүндө Моргенштерн 2022-жылы чет элдик агент деп таанылып, ага каршы иш козголгон. Ал өлкөдөн чыгып кетип, Израилдин жарандыгын алган.
Шерине