Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:09

“Талибан” ондогон кишиге эл алдында балак урду


Ооганстандын Гор провинциясында аялды жазалоо учуру. Иллюстрация
Ооганстандын Гор провинциясында аялды жазалоо учуру. Иллюстрация

“Талибан” кыймылы “адеп-ахлакка жатпаган мамилелерге кириптер болгон” деп айыпталган ондогон кишиге Ооганстандын түндүгүндөгү спорт стадионунда эл алдында балак урду.

Талибдердин жогорку соту маалымдагандай, Сар-и Пол чөлкөмүндө 63 киши, арасында 15 аял жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн алдында жазаланды.

Сот ал адамдар уурулук жана “адеп-ахлак” кылмыштарына – ала жипти аттоо, кумсалыкка айыпталганын билдирди. Бул тууралуу “Азаттыктын” ооган кызматы жазды.

2022-жылдын ноябрында “Талибандын” руханий лидери Хайбатулла Ахундзада шарият сотуна кайтуу буйругун бергенден бери эл алдында жазалоо учурлары көбөйдү.

Жүздөгөн кишиге эл алдында балак урулуп, уурулук кылган же ала жипти аттаган деп колунун же бутунун ампутациясына дуушар болду.

Экстремисттик уюм адам өлтүрүү үчүн айыпталган бери дегенде беш кишини калын эл алдында дарга асты.

Мындай жазалоо адам укуктарын коргоочулардын жана оогандардын катуу сынына кабылды. Укук коргоочу Шахразад Акбардын айтымында, “Талибан” мындай “театр” менен калктын жүрөк үшүн алууну максат кылат.

Талибдер бийликте турган 1996-2001-жылдары эл алдында соттун жазасын ишке ашыруу көнүмүш көрүнүш болуп калган.

2021-жылдын августунда бийликти кайра басып алган талибдер Ооганстанды башкача башкарууга, аялдар менен азчылыктардын укуктарын урматтарына убада беришкен. Анткен менен адам укуктары өлкөдө одоно бузулуп келет.

“Талибандын” өкмөтүн дүйнө өлкөлөрүнүн бири да тааныган эмес. Ашынган саясаты көптөгөн катардагы оогандардын каршылыгын жаратты.

XS
SM
MD
LG