Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Ооганстанда суу ташкын 33 кишинин өмүрүн алды


Суу ташкындын кесепетинен арылууну көздөп жаткан ооган жигит. 14-апрель, 2024-жыл. Кандагар провинциясы, Ооганстан.
Суу ташкындын кесепетинен арылууну көздөп жаткан ооган жигит. 14-апрель, 2024-жыл. Кандагар провинциясы, Ооганстан.

Ооганстанда бир нече күн катары менен тынбай жааган нөшөрдөн улам башталган суу ташкын 33 кишинин өмүрүн алды. Баш калаа Кабулду жана башка аймактарды каптаган селден жүздөгөн үйлөр кыйрады. Бул тууралуу Ооганстандын башында турган “Талибан” кыймылы билдирди.

“Тилекке каршы, 33 адам набыт болду, 27 киши жараат алды. Айыл-кыштактарда 600дөн көп үй талкаланды”, - деди талибдердин өкүлү молдо Жанан Сайик.

Гилменд провинциясында Баст айылынын тургуну “Азаттыктын” ооган кызматына билдиргендей, суу ташкындан улам мал-жанынан, үй-мүлкүнөн айрылгандар көп.

Учурда Орусиянын бир катар аймактарында дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, жүз миңдеген үй-жайларды каптады.

Миңдеген адамдар коопсуз жактарга көчүрүлдү. Жабыркагандардын арасында теги кыргызстандыктар да бар. Ал эми Казакстанда суу ташкындан улам он облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Жүз миңдей киши эвакуацияланды.

XS
SM
MD
LG