Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Тажикстанда ата-энесин бакпагандар соттолот


Тажикстандык карыя.
Тажикстандык карыя.

Тажикстанда улгайган ата-энесин карабагандар эми үч жылга чейин абакка кесилет. Мындай мыйзам жыл башынан тарта күчүнө кирди. Коңшу мамлекеттеги карыялар үйлөрүндө миңден ашуун адам бар. Алардын көбүнүн балдары, туугандары Орусияга иштеп кеткен.

Кифое Раупова сексенден ашты. Алты ай мурда болгон автокырсыктан абышкасы каза таап, өзүнүн колу-буту сынган. Кифое апа өгөй кызы аны карыялар үйүнө тапшырып салганын айтып берди:

- Абышкамдын кызы азыр үйүндө келин-уулу, жаш балдары бар экенин айтып, бул жакта кыштап туруумду суранды. Мен макул болдум, - дейт байбиче.

Кифое Раупова карылар үйүнө кыштаганы келгенин айтат.
Кифое Раупова карылар үйүнө кыштаганы келгенин айтат.

Тажикстанда жалпысынан мамлекеттин карамагындагы алты карыялар үйү бар. Алардын бири "Батош" - Турсунзаде шаарында жайгашкан. Бул карыялар үйүндөгүлөрдүн үчтөн биринин туугандары, балдары жоктугуна байланыштуу бул жакка келип калганын айтышса, башкаларын жакындары карабай коюшкан. Статистикалык маалыматка ылайык, мындайлардын саны жылдан жылга өсүп жатат:

- Бул жакта бардык шарттар каралганы менен жакындардын камкордугу жетишпейт. Тажикстан жаштары карыган ата-энелерине кам көрүшүн каалайт элем, - дейт "Батош" карыялар үйүнүн кызматкери Ахлиддин Хожиев.

Тажикстандын Баш мыйзамында балдары улгайган ата-энесине, жакындарына кам көрүшү керек деп жазылган. Жакында эле ата-энесин карабай, таштап кеткендерге каралган жаза дагы күчөтүлүп, үч жылга чейин абакка кесүү жазасы киргизилди. Жаза күчөтүлгөнү жыл башынан бери "Батош" карыялар үйүнөн үч адамды балдары алып кетишкен.

Маалым болгондой, Тажикстанда 1992-1997-жылдары болгон жарандык согуштан кийин карыялар үйүндө негизинен орус тилдүүлөр жашачу. Алардын көбү балдары Орусияга кетип калгандар эле. Азыр болсо улгайгандар үйүндөгүлөрдүн жарымынан көбү жергиликтүүлөр дейт Ахлиддин Хожиев:

- Биздин үйдөгүлөрдүн жарымынан көбү - тажик улутундагылар, кырк пайыздайы орустар, калгандары башка улуттагылар.

​Анткен менен карыялар үйлөрүндөгүлөр деле мыкты шарттарда жашабайт, ар ким курсагын тойгузуунун аракетин өз алдынча көрөт, айрымдары көчөдө тилемчилик кылса, башкалары пенсиясын алып жан сакташат. Бул боюнча так статистика жок.

Мындай маселе Кыргызстанда да бар экени айтылып келет. Кыргызстанда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу 17 социалдык мекеме бар. Алардын алтоо бир гана башка бараар жери жок улгайган адамдарга колдоо көрсөтүү багытында иштейт. Андай мамлекеттик камкордукка алынган адамдардын саны 782. Үй-бүлө кодексинде жумушка жарамдуу балдары ата-энесин карашы керек деген жобо жазылган, бирок ал мыйзам дайым эле толук аткарылган жери жок дешет адистер.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG