30-октябрда президент Дональд Трамп Кытайдын президенти Си Цзинпин менен жолугушуу алдында Пентагонго ядролук сыноолорду жандандыруу тапшырмасы берилгенин Truth Social тармагына жазган:
“АКШнын өзөктүк куралы башкалар менен салыштарганда алда канча көп. Биз буга менин биринчи президенттик мөөнөтүм учурунда курал-жаракты модернизациялоо жана жаңылоо аркылуу жетиштик. Анын кыйраткыч күчүн эске алуу менен АНДАЙГА БАРБАЙЫН ДЕГЕМ, бирок башка арга калган жок!”
Трамп Орусия өзөктүк курал запастары жагынан экинчи, үчүнчү орундагы Кытай “артта калганын”, бирок жакынкы беш жылда кууп жетерин жазган.
Түштүк Кореядан Вашингтонго кайтып баратканда америкалык лидер “башка өлкөлөр андай сыноолорду өткөрүп жатат, биз да ошондой кылсак туура болот”, - деп билдирди. Бирок ал кайсы мамлекеттерди айтып жатканын тактаган жок.
Трамп мындай кадам глобалдык паритетти сактап туруу үчүн жасалып жатканын кошумчалады.
Москва бул билдирүүлөргө дароо реакциясын билдирип, Кошмо Штаттар андайга барса Орусия жооп иретинде өзөктүк сыноолорду жандандырарын эскертти.
Бейшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ядролук куралды сыноого мораторий жарыяланганын жана «Буревестник» ракетасын учуруу андай сыноо болуп саналбаганын билдирди.
"Бардык өлкөлөр өз коргонуу системасын өнүктүрүп жатат, муну атомдук сыноо деп эсептебеш керек. Кошмо Штаттар суверендүү мамлекет, өз алдынча чечим чыгарууга укуктуу. Бирок президент Владимир Путиндин мораторий бузулса Орусия тиешелүү чара көрөт деп бир нече жолу кайталаганын эске салгым келет", - деди Песков.
Бир нече күн мурун орус президенти алыс аралыкка учуучу, атомдук дүрмөт ташыган «Буревестник» ракетасы, андан кийин суу астында сүзүүчү, ядролук элемент менен жабдылган «Посейдон» аппараты сыноодон өткөрүлгөнүн билдирген. Орусия ядролук курал сыналганын жарыялаган эмес.
Трамп Орусиянын жээгинде америкалык суу астында сүзүүчү атомдук кемеси бар экенин эске салган. Ошондой эле «Буревестникти» сыноону орунсуз деп атап, андан көрө Украинадагы согушту токтотуунун үстүнөн иштеши керек деген комментарий берген.
Эксперттер АКШ мамлекет башчысынын билдирүүсүнүн бүдөмүк жерлерин белгилешет. Алар Түндүк Кореядан тышкары бир да өлкө учурда ядролук жардырууларды жүргүзбөгөнүн, Пхеньян да 2018-жылы андан баш тартканын айтышат. Ал эми сөз ядролук дүрмөт ташууга ыңгайлашкан ракеталар тууралуу жүрүп жатса, Пентагон андай куралды такай сынайт. Албетте, алар өзөктүк дүрмөтү жок сыналат.
Орусиялык политолог Станислав Белковскийдин пикиринде, соңку окуяларды "психологиялык тиреш" деп атаса болот, жарыша куралданууга буга чейин эле күбө болуп келатабыз:
"Путин кеминде 11 жыл бою, Крымдын аннексиясынан башталган Европадагы согушту тутандыргандан бери ядролук шантаж кылып ооз көптүрүп келатат. Батыштагы көптөгөн лидерлер уруштун ядролук согушка айланып кетүүсүнөн чочулашат. Трамп сыноолор тууралуу билдирүүлөрү менен Путинден коркпой турганын, ага ошол шантаж таасир этпесин көргөзгүсү келет...Жарыша куралдануу деген эмне? Дүйнөлүк негизги оюнчулардын заманбап куралга жапырт инвестиция салганын айтып жатсак, ооба, ошондой жарышка күбө болуудабыз. Ага Путин 11 жыл мурун баштаган согуш түрткүлөрдүн бири болду".
Вашингтон 1996-жылы Ядролук сыноолорго тыюу салган келишимге кол койгону менен документти ратификациядан өткөргөн эмес. Москва аны ратификациялаган, бирок 2023-жылы жактыруусун артка кайтарып алган. Орусия өзөктүк сыноолорду 1990-жылдан, Кытай 1996-жылдан бери өткөрбөйт.
Сөз болгон документке 187 өлкө кол коюп, 178и ратификациялаган. Анын шартына ылайык, негизги 44 мамлекет жактырганда гана күчүнө кирет. Ушу тапта 9 өлкөнүн ратификациясы жетпейт.
Ошол эле маалда 1990-жылдардын аягынан бери дүйнөдө 10 чакты ядролук жардыруу өткөрүлгөн. 1998-жылы Индия жана Пакистан экиден, Түндүк Корея 2006-2017-жылдар аралыгында алты сыноо жүргүзгөн.
Эл аралык саясатта өзөктүк сыноолор жат көрүнүш катары сыпатталып, ыктыярдуу мораторийди бузган өлкөлөрдүн беделине чоң сокку катары каралып келет.
"АКШ акыркы ядролук сыноосун 1992-жылы жүргүзгөн. Андай сыноолор коомдук нааразылык, айлана-чөйрөгө тийгизген зыян, гуманитардык кесепеттерге байланышкан сын менен коштолот. Андан тышкары өзөктүк сыноолорго каршы эл аралык кыймыл кеңейип жатат", - деп айтат Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун улук изилдөөчүсү Хизер Уильямс.
Мындай сыноо жаңы ядролук курал иштеп чыгуу, колдо бар куралды заман талабына ылайык кылып өнүктүрүү, арсеналды согушка даяр кармап туруу үчүн жүргүзүлөт.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Шерине