Ош облусунун Алай районунда беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан эки күн өтпөй дагы бир кырсык болуп, беш адам каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук милициядан кабарлашты.
Райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 1-ноябрда болжол менен саат 01:20 чамасында Алай районунун Таш-Коро айылында оор жүк ташуучу жана жеңил автоунаа кагылышып, жеңил машиненин ичиндеги айдоочусу жана жүргүнчүлөрү каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Кырсык Ош-Эркечтам автожолунун 67-чакырымында болгону, "Хово" машинасынын 24 жаштагы айдоочусу, Өзгөн районунун Кызыл-Байрак айылынын тургуну Гүлчөнү көздөй бара жатып, автоунаасын башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткени, Алай районунун Кең-Жылга айылынын 34 жаштагы тургуну Гүлчөдөн Ош шаары багытында айдап бара жаткан “Тесла Модел 3” машинасы менен кагылышканы кабарланды.
Кырсыктын кесепетинен “Тесла Модел 3түн” айдоочусу жана машинанын ичиндеги төрт жүргүнчүсү каза тапты. Төртөө тең Кең-Жылга айылынын тургуну, баары 33 жаштагы эркек жарандар экени аныкталды.
“Ховонун” (самосвал) айдоочусу жана жүргүнчүсү дарыгерлерге өткөрүлүп берилди. Алар Өзгөн районунун Бакмал айылынан көмүр жүктөп, Гүлчөгө бара жатканын жана окуя болгон жерге келген учурда тормоз системасы иштебей калып, каршы тилкеге чыгып, жолдун түштүк тарабындагы бетон тосмону сүзүп, “Тесланы” сүзгөн сон оң капталына оодарылып кеткенин милиция маалымдады.
Айрым кабарларга караганда, каза болгон беш киши Алайда 30-октябрда жол кырсыгынын курмандыгы болгон беш кишинин тажиясынан кайтып келаткан. Бул кырсыкта каза болгондор жөнүндөгү расмий маалыматта үч киши Алай районунун Тилектеш айыл аймагынын Кең-Жылга айылынын тургундары экени, алардын улуусу 68 жаштагы айдоочусу, ал эми 56 жана 48 жаштагы эки жүргүнчүсү болгону маалымдалган. Калган эки жүргүнчү – Ош шаарынын 41 жана 37 жаштагы тургундары экени белгилүү болгон.
29-октябрда Бишкек–Ош автожолунда оор жүк ташыган машиненин айдоочусу рулду башкара албай, алдындагы унааны сүзүп, каршы тилкеге чыгып, Honda Stepwgn менен сүзүшкөн. Кырсыктан эки киши мүрт кетип, төртөө түрдүү жараат алган.
Мунун алдында эле Бишкекте өспүрүм балдар машине айдап, кырсыкка кабылган эки окуя катталган.
Быйыл өлкөдө 9 айда 6 миңден ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 636 адам каза болду, 9 миңден ашык адам ар кандай жараат алды. (DSh)
Шерине