Кыргызстанда бүгүнкү күндө мамлекет коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн орноткон көзөмөл видеокамераларынын саны 4 миңди түзүүдө, алдыда алар 20 миңге жеткирилет. Бул тууралуу бүгүн 1-ноябрда Бишкекте Кыргыз милициясынын 101 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада президент Садыр Жапаров айтты.
Президент өлкөнүн бардык аймактарына 4 миңден ашуун заманбап видео камера, анын ичинде жүзүнөн тааный турган технологиялар орнотулганын, натыйжада кылмыштардын бетин ачуу кыйла ыкчамдап, коомдук тартип жана жол коопсуздугу камсыздалып жатканын кошумчалады:
"Бирок алдыда дагы чоң-чоң милдеттер, кечиктирилгис иштер турат. «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында видео камералардын санын 20 миңге жеткирүү тапшырмасын бердим. Ички иштер министрлигине кошумча штаттык бирдиктерди бөлүп беребиз", - деди Жапаров.
Ошону менен катар мамлекет башчы эл дагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринен жогорку жоопкерчиликти күтөрүн белгиледи.
"Мен сиздердин кесибиңердин оордугун, жоопкерчилигин жана тобокелдигин жакшы түшүнөм. Коомчулук милициядан ар дайым жогорку жоопкерчилик, адилеттик жана калыстыкты күтөт, ошону талап кылат. Ошондуктан ар бириңиздер “Милиция элдин кызматында” деген ыйык сөздү жүрөгүңүздөргө сактап, аны иш жүзүндө далилдеп туруңуздар!", - деди Жапаров.
Президент акыркы беш жылдан бери кыргыз милициясынын материалдык-техникалык каражаттарынын 85% жаңыланып, кызматкерлердин кийиминен баштап иш тутумуна чейин заман талабына ылайык өзгөртүлгөнүн, айлык акы эки эсе, Баткен облусунда төрт эсе жогорулаганын кошумчалады.
Жапаровдун айтымында, ушул тапта бардык аймактарда ички иштер органдарына заманбап шарттагы 35 жаңы имарат пайдаланууга берилүүдө.
Президент катышкан парад Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өттү, иш-чара мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлдү.
Кыргызстандын милиция кызматы 1924-жылдын 1-ноябрында Кара-Кыргыз автоном облусунун курамында түзүлгөн. (ZKo)
Шерине