Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:10

Бишкекте окуучулар тамакка ууланып, ооруканага түштү


Шаурма тамагын жасоо учуру. Иллюстрация.
Шаурма тамагын жасоо учуру. Иллюстрация.

31-октябрдын кечинде Бишкек шаарындагы Сейтек Steam менчик мектебинде тамакка ууланганын айткан 58 адам ооруканага кайрылышкан. Алардын 54ү балдар.

Балдар күндүз мектепте шаурма жегенин айтышкан.

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, тамакка ууланып кайрылгандардын ичинен 7 бала жана 2 улуу адам ооруканага жаткырылды. Калгандары үйүнөн дарыланууга жиберилди. Алардын баарына тиешелүү дары-дармек берилди.

Учурда бул окуя боюнча санитардык-эпидемиологиялык териштирүү жүрүп жатканы кабарланды.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кафе-ресторандарда адамдар жапырт ууланган учурлар болгон.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG