Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:40

Санкциялар таасири: Мунай менен кошо баары кымбаттайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын мунай компаниясына каршы санкция салды. "Кара тизмеде" ири “Роснефть” жана “Лукойл” компаниялары бар.

Санкциялар бул компанияларга караштуу 50дөн ашык туунду ишканаларга да жайылат. Күйүүчү жана майлоочу май негизинен Орусиядан ташылып келген Кыргызстандын базарына мунун кандай таасири тийет?

Америка Кошмо Штаттарынын санкциялары бул компанияларга караштуу Орусиядагы 50дөн ашык туунду ишканага да жайылат.

Кошмо Штаттардын финансы министри Скотт Бессенттин билдирүүсүндө мындай чектөөлөр орус бийлигинин “Украинада тынчтык процессин алга жылдырууга олуттуу каалоосу жок болгону” үчүн киргизилгенин түшүндүрдү:

“Путиндин бул мааниси жок согушту токтотуудан баш тартканын эске алып, Финансы министрлиги Кремлдин согуш машинасын каржылаган эки ири мунай компаниясына санкция салды. Министрлик зарыл болсо президент Трамптын дагы бир согушту токтотуу аракеттерин колдоо үчүн кошумча чара көрүүгө даяр. Өнөктөштөрдү бизге кошулууга жана санкцияларды сактоого үндөйбүз”.

АКШ менен катар эле 23-октябрда Евробиримдик да Орусияга каршы санкциялардын 19-пакетин кабыл алды. Ал пакет да “Роснефть” жана “Лукойл” компанияларын камтыйт.

Санкцияга кабылган компаниялар менен кандайдыр бир ишкер байланыш түзүп, сатуу-сатып алуу операцияларын жүргүзгөн тараптарга да чара колдонушу мүмкүн.

Бир булакка таянсаң, каатчылыкта заманаң куурулат

Адатта Кыргызстан бир жылда 1,2 млн тонна мунайзатын (бензин, дизел отуну жана авиакеросин) керектесе, анын 90% ашуунун Орусиядан импорттойт. Мунай негизинен Омск, Орск, Ачинск заводдорунан келет. Эң ири жеткирүүчү компания “Газпромнефть” Омскидеги, “Роснефть” Ачинскидеги өздөрүнүн мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан алып келип сатат.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, соңку кездери Кыргызстанга келген мунайдын көлөмү 20% көбөйгөн. Бирок анын 5% кайра тышка, тагыраагы Ооганстанга экспорттолуп кетет.

2025-жылдын январь-август айларындагы маалыматтар боюнча, Казакстандан келген мунайдын көлөмү да олуттуу өсүштү көрсөтүүдө. Маселен, казак мунайынын импорту былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу эки эсе (92%) өсүп, Кыргызстандын жалпы мунай импортунун 1/4 (төрттөн бири) ашкан. Орусиядан келген мунайдын көлөмү өзгөрбөгөнү менен анын импорттогу үлүшү 73% чейин түшкөн.

Орусиядагы мунай компанияларына салынып жаткан жапырт санкциялар алардын мунай экспортуна да тоскоолдук жаратпай койбойт. Анын үстүнө соңку кездердеги Омск, Орск, Яйск жана Ачинсктеги мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна жасалып жаткан дрондук чабуулдар алардын ишин үзгүлтүккө учуратып келет. Мындан улам Орусиянын өзүндө мунай таңкыстыгы жаралып, экспортту чектөөгө жана бааны көтөрүүгө аргасыз кылууда.

Дээрлик бүт бойдон Орусиянын заводдорун карап отурган Кыргызстандын мунай рыногуна бул оңбогондой катуу сокку болууда. Соңку эки-үч айдан бери бензин менен дизел отунунун баасы 3-5 сомго кымбаттап кетти жана ал аз келгенсип мунай тартыштыгы күн өткөн сайын күчөп барат.

Экономикалык талдоочу Марат Мусуралиев Кыргызстан мунайзатынын импортуна көз каранды өлкө катары өз тобокелдиктерин болушунча жеңилдетип алышы керек болчу деп эсептейт:

“Европа эмне себептен “Газпромдун” кеткенин жеңил эле көтөрдү? Европа 2009-жылдан баштап катарынан үч энергопакет кабыл алды. Ошону менен бүт Европа мамлекеттеринде милдеттүү кылды: биринчиси, газды, мунайды, башка күйүүчү нерсени импорт кылганда бир мамлекетке эмес, минимум үч-төрт мамлекетке бөлгүлө деген талап кылды. Аны аткарганга милдеттүү болду. Экинчиден, диверсификация жеткирүүчүлөр боюнча эле эмес, транзит өлкөлөр боюнча да болду. Үчүнчүдөн, жеткирүүчүлөргө Европанын ичинде магистралдык жана тармактык компанияны сатып алганга тыюу салды. Кыргызстан деле Европадагыдай үч энергопакетти кабыл алышы керек. Анда биз деле жеткирүүчүлөрдү диверсификация кылсак болмок. Эгерде бир эле жеткирүүчүгө таянсак, анан ал жеткирүүчү өзүнөн өзү кыйшайып кетсе же башка себептер менен бизге газды бербей койсо эмне, шаардагы үйлөрүбүздү бүт тоңдуруп алабызбы?”.

Орусияда болуп жаткан мунай каатчылыгы күчөп, анын кесепети кыргыз базарын да шаштырып киргенден кийин өкмөт ар кай жактан альтернативдүү булактарды издеп кирди. Учурда Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Иран багыттары жөнүндө сөздөр айтылууда.

Кыргыз базарында "Роснефттин" орду кандай?

“Роснефттин” Кыргызстанда да “РН-Кыргызнефтепродукт” жабык акционердик коому деп аталган туунду ишканасы бар. Ал өлкөгө Орусиядан мунай импортун жасаган жана чекене саткан ири компаниялардын бештигине кирет.

Алып келген мунайды өзүнүн Бишкек менен Чүй облусундагы бир нече мунай бекеттери аркылуу сатат. Болжолдуу эсептер компаниянын 2024-жылдагы кыргыз рыногунда саткан мунайынын баасы 5 млрд сомго чукул болгонун көрсөтөт.

Мындан улам “Роснефттин” Орусиядагы башкомпанияларына салынган санкциялар Кыргызстандагы мунай рыногуна кандай таасир кылышы мүмкүн деген табигый суроону жаратат.

Кыргызстандагы жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаева мунай каатчылыгы кыргыз базарларында да кымбаттоолордун чынжырчасын жаратарын айтат:

"Жеткирүүлөрдүн кымбаттаганына бир айдан ашты. Күйүүчү май кымбаттаганга чейин эле эки эсе кымбаттады. Транспортчулар бааны көтөрдү. Биз эч кайда кете албайбыз, негизинен автомобилдик транспорт менен ташыйбыз да, темир жол менен аз. Айла жок төлөп жатабыз. Эми дагы көтөрүшөт дагы “күйүүчү май тартыштыгы жаралды” дешет. Биз эмне кылмак элек? Биз дагы товардын бааларын көтөрөбүз, ансыз болбойт. Бул баага таасир кылат. Курс кымбаттаса, транспорт чыгымы өссө баа дагы көтөрүлөт да. Көп товарлар боюнча биз импортко көз каранды өлкөбүз, биз тышкы өндүрүшкө көз карандыбыз”.

Буга чейин жыл башында Орусиядагы “Газпромнефть” холдингине санкциялар салынганда анын Кыргызстандагы туунду компаниялары да тизмеге киргизилген. Бирок “Газпромнефть-Азия” аталышын “Мунай Пром” деп өзгөртүп алып ишмердигин улантып кеткен.

Орусиянын Украинага каршы жүргүзгөн согушун жана анын аскердик-коргонуу комплексин колдоого багытталган иш-аракеттерге катышканы үчүн Кыргызстандагы жыйырмадан ашуун коммерциялык компания жана банк санкцияга кириптер болууда. Акыркы жолу АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандагы “Толубай банк” менен “Евразия сактык банкына” санкциялык чара жарыялады.

Шерине

XS
SM
MD
LG