Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Кыш жакындаганы Орусия Украинанын энергетика жайларына чабуулун күчөттү


Харьков облусуна урулган соккудан кийин өрт тутанды. Украина, 7-октябрь 2025-жыл.
Харьков облусуна урулган соккудан кийин өрт тутанды. Украина, 7-октябрь 2025-жыл.

Суук түшүп, кыш жакындаганы орус армиясы жылдагыдай эле Украинанын маанилүү энергетикалык инфраструктурасына чабуулдарын күчөттү. Шейшембиде Чернигов, Полтава, Сумы, Харьков облустарындагы ошондой жайлар бутага алынганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Украин президенти Владимир Зеленский жооп катары каршы тараптын да энергетикалык ишканаларына урулган соккуларды комментарийлеп, орусиялыктар согуштун азабын жон териси менен сезиши керек, ошондо балким, бийлигине суроо бере башташат деп билдирди. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп Киевди алыс аралыкка учуучу Tomahawk ракеталары менен камсыздоо маселесине байланыштуу жалпы чечим кабыл алганын айтып, бирок жооп оң же терс болорун тактаган жок.

Орусиялык аскерлер 7-октябрда эртең менен Черниговдогу Прилуки шаарына сокку урганда маанилүү инфраструктуралык объект зыян тартканын райондук администрациянын башчысы Владимир Чернов билдирди. Энергетиктер 61 миң кардар электр жарыгысыз калганын маалымдашты.

Ага чейин Украинанын вице-премьер-министри Алексей Кулеба Полтава жана Сумы облустарында энергетикалык жана темир жол инфраструктуралары чабуулга кабылганын билдирген.

Натыйжада бир нече жерде өрт тутанып, поезддердин кыймылы үзгүлтүккө учурап, кийин калыбына келтирилди. Сумы аймагында дүрмөттөр турак жайларга, троллейбуска тийген.

Дүйшөмбүдө Сумы шаарындагы төрөт үйүнүн чатырына орусиялык дрон кулап, өрт чыккан. Ал маалда имаратта 35 эне, 11 ымыркай, 120 медициналык кызматкер бар болчу.

Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, аба соккусу тууралуу эскертүү берилгенде ал жактагылар баш калкалоочу жайга түшүүгө үлгүргөн.

Соңку соккуларга байланыштуу комментарий жасабаган Орусия аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келет.

Алдыңкы күнү украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын маанилүү инфраструктурасына коюлган соккулар учурунда Украинада чыгарылган ракеталар да колдонулганын билдирген:

"Акыркы күндөрү Украина пилотсуз учактарды гана эмес, жергиликтүү продукцияны да колдонуп жатат. Социалдык тармактарга чыккан видеолордон кайсы жерлерде дрондор менен сокку урулганын, кайсы жерлерде алар колдонулбаганын баамдаса болот".

Зеленский Орусиянын энергетикалык инфраструктурасына урулган соккуларды комментарийлеп, Украина карапайым кишилерди бутага албаганын, бирок орусиялыктар согуштун азабын жон териси менен сезиши керектигин, ошондо, балким, өз бийлигине суроо бере башташарын белгиледи.

Алсак, дүйшөмбүгө караган түнү Орусиянын чек ара аймагындагы Белгород облусунда энергетикалык инфраструктура жабыркаганда миңдеген кардар электр жарыгысыз калганын губернатор Вячеслав Гладков билдирген.

Буга чейин украин лидери орусиялык чабуулдардан улам Киевде электр жарыгы өчүп калса Украина да Москваны караңгыга батырууга жөндөмдүү деп айткан.

Соңку апталарда украиналык армия каршы тараптын мунай иштеткен заводдоруна соккуларын көбөйттү. Көп учурда ичкери аймактагы жайлар бутага алынган.

Дүйшөмбүнүн кечинде жергиликтүү бийлик Украинадан 2 миң километр алыс жердеги Тюмендеги ишканага үч дрон тийгенин билдирген. Жергиликтүү жашоочулар жарылуулардын добушу угулганын айтып беришкен. Чабуул кандай зыян тийгизгени тууралуу маалымат чыга элек.

Зеленский ошондой эле АКШ өкмөтүндөгү шатдаун Киевди курал менен камсыздоо жараянына таасир тийгизбегенин кошумчалады.

6-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага Tomahawk ракеталарын берүү боюнча чечимин “дээрлик” кабыл алганын билдирди. Кабар агенттиктери анын колдонгон сөзүн “кайсы бир деңгээлде”, “болжолу менен”, “жалпысынан” дегендей которуп жатышат.

Кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып америкалык лидер Киев алыс аралыкка учуучу ракеталардын ал түрү менен камсыздалабы же жокпу, ачык айткан жок. Ошол эле маалда ал куралды кандай максатта колдонушарын билүүгө кызыкдар экенин белгиледи:

"Мен кайсы бир деңгээлде чечим кабыл алдым. Мен ал ракеталар менен эмне кылышарын билгим келет. Кайсы жактарга учурганы жатышат? Менимче, ушундай суроо коюшум керек", - деди Дональд Трамп.

Трамп эскалацияны каалабаганын белгилеп, согушту токтотуу чакырыктарын кайталады.

Вашингтондун буга чейинки маалыматына караганда, украин президенти Владимир Зеленский сентябрдын этегинде БУУда Трамп менен кездешкенде Tomahawk канаттуу ракеталарды сураган, бирок ал боюнча чечим кабыл алына элек болчу. Ракеталардын ал түрү 2 жарым миң километрге чейин учууга кудуреттүү. Башкача айтканда, украин аймагынан атылса Москвага жана Орусиянын батыш тарабындагы жерлерге жете алат.

Өткөн жумада орус президенти Владимир Путин АКШ Киевди Tomahawk ракеталары менен камсыздаса согуш майданындагы абал өзгөрбөй турганын, бирок анын арты жаңы эскалацияга, Москва менен Вашингтондун мамилелеринин чыңалуусуна алып келерин эскерткен.

Кошмо Штаттар акыркы кезде Украинаны курал-жарак менен түздөн-түз камсыздабайт. Өнөктөштөр менен иштелип чыккан схемага ылайык, Вашингтон аскердик жабдыктарды НАТОнун мүчөлөрүнө сатат, алар андан ары аны Киевге берип турат. АКШдан оң жооп түшсө, Tomahawk ракеталарын украин армиясына өткөрүп берүү кандайча уюштурулары, канча жана кандай түрү жөнөтүлөрү белгисиз.

Шерине

XS
SM
MD
LG