Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:46

Москва АКШнын акча системасынан арылууну көздөйт


Орусия АКШнын валютасы менен кредиттик карта системасын колдонууну азайтат. Бул тууралуу орус тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Мындай чара АКШнын Москвага киргизген жаңы санкцияларына жооп катары кабыл алынууда.

АКШга жооп чаралар боюнча Орусия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун маеги “Международная жизнь” (“Эл аралык турмуш”) журналында 7-августта жарык көрдү.

Анда Рябков АКШнын Орусияга каршы киргизген жаңы санкцияларына кандай жооп кайтарыларына кеңири токтолгон.

Орус дипломатынын айтымында, Кремл Кошмо Штаттардын кредиттик карта системасынан жана долларынан көз карандыcыз болуу үчүн жаңы система киргизүүнү мерчемдөөдө. Башкача айтканда, Кремл мунай менен газды дүйнөлүк базарда доллардан башка валюта менен сатууну көздөп жатат.

“Антпесек биз алардын (АКШнын-ред) кайырмагында жүрө беребиз”-деп кошумчалаган Рябков.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков.

Буга чейин Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кошмо Штаттардын санкциялары орус экономикасын тескерисинче бекемдээрин айткан эле. Мындай пикирди дипломат Рябков да кайталады.

Мунай тармагы боюнча орусиялык аналитик Василий Танурков АКШнын санкциялары азырынча мунай жана газ тармагына олуттуу сокку болбойт деген ишенимде:

- Бул санкциялар мунай же көгүлтүр от өндүрүшүнө жакынкы 2-3 жылда эч кедергисин тийгизбейт деп ойлойм. Жакынкы жылдары Орусияда кадимки мунай эле өндүрүлөт, сланец же арктика мунайы чыгарылбайт. Деги эле Арктикадагы долбоорлорду баштоо азырынча Москва үчүн кымбат. Ошол себептен санкциясыз деле азырынча алар ишке кирбейт, - деди аналитик.

Анткен менен Кошмо Штаттардын жаңы чектөөлөрү орус экономикасын терең рецессияга кептейт жана өсүшүнө кедергесин тийгизет деген эксперттер арбын. Москва ошондой эле VISA, Мaster card сыяктуу Батыштын кредиттик карталарын колдонбоо үчүн бир нече ай мурун "Мир" деп аталган карта-төлөм системасын сунуштаган. Орус бийликтери бул картаны кеңири жарнамалап жатат.

Орусия Батыш мамлекеттеринин кредиттик карталарын колдонууну азайтууну көздөп жатат.
Орусия Батыш мамлекеттеринин кредиттик карталарын колдонууну азайтууну көздөп жатат.

Ошондой эле өз маегинде Сергей Рябков АКШ менен Орусия ортосунда чоң соода келишими болгон эмес деген пикирин айткан. "Ошондуктан АКШ Конгресси эки өлкө ортосундагы соода байланышын чектөөнү жеңил эле кабыл алды"- деп кошумчалаган дипломат.

Кошмо Штаттар менен Орусия ортосундагы эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү санкциялар киргизилгенге чейин, мисалы, 2013-жылы 38,1 миллиард долларды түзгөн. 2014-жылы бул сан 20,3 миллиард долларга түшкөн.

Санкциялар киргизилгенден кийинки абал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШ мамкатчысы Рекс Тиллерсондун 6-августта Манилада өткөн жолугушуусунда да сөз болду.

Тиллерсондун пикиринде, Орусиянын Америка шайлоосуна аралашканы санкцияларга түрткү болуп, эки өлкөнүн ортосундагы ишенбөөчүлүккө жол ачты.

- Орусиянын АКШдагы шайлоонун жүрүшүнө ыктымал кийлигишүүсү бул олуттуу инцидент экени талашсыз. Биз кечээ бул тууралуу министр Лавров менен болгон жолугушууда сүйлөштүк. Аларга болгон окуянын канчалык олуттуу экенин түшүндүрүүгө аракет кылдык. Мындан Америка менен Орусия эли экөө тең жапа чекти жана бул окуя эки мамлекеттин ортосунда чоң ишенбөөчүлүктү жаратты. Биз муну чечип алышыбыз керек.

Рекс Тиллерсон менен Сергей Лавровдун Маниладагы жолугушуусу.
Рекс Тиллерсон менен Сергей Лавровдун Маниладагы жолугушуусу.

​Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамга кол койгон. Жаңы мыйзам америкалык компанияларга Орусиянын темир жол, кеме, металл чыгаруу жана кен тармактары менен иштешүүгө тыюу салат.

Ошондой эле Орусиянын мунай өндүрүшү менен байланышы бар компаниялардын бизнесине чектөө киргизет. Мыйзамга ылайык, санкцияларды жеңилдетүү же токтотуу маселесин АКШ президенти эмес, Конгресс чечип калат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG