Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Өзбекстанда улуттук генетикалык карта түзүү үчүн калктын ДНКсын текшеришти


Өзбекстандын Алдыңкы технологиялар борборунун окумуштуулары улуттук генетикалык карта түзүү үчүн калктын ДНКсын текшерүү боюнча кеңири изилдөө жүргүзүштү.

Газета.uz сайты кабарлагандай, ага дени сак жана ар кандай тукум кууган ооруларга чалдыккан 250 бала тартылды. Натыйжада балдардын 86% жок дегенде бир паталогиялык генди алып жүргөнү маалым болду. Окумуштуулардын айтымында, мындай көрүнүш жакын туугандардын баш кошуусу менен түшүндүрүлөт. Айрым аймактарда бардык никелердин 25 пайызы ошондой түгөйлөрдөн турат.

Борбордун адистери белгилегендей, ырааттуу скрининг жана генетикалык консультациялар жүргүзүлүп турбаса, тукум кууган илдеттердин саны болочок муун арасында өсүшү мүмкүн.

Изилдөө жүрүшүндө өзбек калкы үчүн уникалдуу, гендердин мурда белгисиз варианттары анкыталды. Бейтаптардын жарымына так генетикалык диагноз коюлуп, максаттуу дарылоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Өзбекстандын Илимдер академиясынын вице-президенти жана долбоордун жетекчиси Шахло Турдикулованын айтымында, изилдөөдө алынган маалыматтар эл аралык базаны толуктайт, тукум кууган ооруларды аныктоо жана алдын алуу боюнча жергиликтүү базаны түзүүгө жол ачат.


Шерине

XS
SM
MD
LG