Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:34

АКШ-Орусия: санкция согушу башталды


Москвадагы АКШ элчилиги жайгашкан район
Москвадагы АКШ элчилиги жайгашкан район

Орус премьер-министри Дмитрий Медведев АКШнын жаңы санкцияларын кескин айыптап, Орусияга соода согушу жарыяланганын билдирип чыкты. Орусияга кошуп Түндүк Корея жана Иранга санкцияларды күчөтө турган мыйзамга президент Дональд Трамп 2-августта кол койгон.

АКШ Конгресси жапырт колдогон санкция мыйзамына президент Дональд Трамп кол койгондон көп өтпөй орус өкмөт башчысы Фейсбук социалдык түйүнүнө сынга толгон билдирүүсүн жарыялады.

Дмитрий Медведев жаңы санкциялардан кийин эки өлкөнүн алакасы жакшырат деген үмүтү таш капканын, Орусияга толук соода согушу жарыяланганын айтты. Ошондой эле Трамптын администрациясын аткаруу бийлигиндеги ыйгарым укуктарын Конгресске берүү менен алсыздыгын көрсөттү деп сындады.

- Жаңы санкциялар темасы Трампты өз ордуна коюунун дагы бир жолу катары пайда болду. Алдыда жаңы кадамдар болот. Алардын акыркы максаты - аны бийликтен четтетүү", - деп жазды Медведев.

Орус премьери санкциялар ондогон жылдарга туруктуу бойдон кала берерин, бирок мындай чаралар Орусияны мүңкүрөтө албасын тескерисинче күчтөндүрөрүн кошумчалады.

Дмитрий Медведев
Дмитрий Медведев

Орусияга кошуп, Түндүк Корея жана Иранга санкция жарыялай турган бул мыйзам долбоору өткөн аптада Конгресстеги демократтар менен республикачылардын жапырт колдоосуна ээ болуп, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Демилгечилер соңку чарага Орусиянын АКШнын былтыркы шайлоосундагы ролу, Украина менен Сириядагы аракеттери себеп болгонун жүйө келтирген.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс 2-августта Вашингтондогу брифингде Дональд Трамп санкция мыйзамына эмне үчүн кол коюуну чечкенин түшүндүрдү:

- Президент Иран менен Түндүк Кореядагы принципсиз режимдердин жаман жүрүм-турумун токтотуу жана жазалоо үчүн катаал чараларды жактайт. Ал ошондой эле Орусиянын биздин демократиялык процесстерге кийлигишүү аракеттерине чыдабастыгын көрсөттү. Мыйзам жакшырды. Бирок Конгресс президенттин ыйгарым укуктарына аралашты. Президент улуттук биримдик үчүн мыйзамга кол койду. Биз башынан бери эле бул үч өлкөгө карата катаал санкцияларды колдоп келгенбиз.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялагандан кийин АКШ жана Евробиримдиктин экономикалык санкцияларына дуушар болгон. Мурдагы президент Барак Обама Кремл АКШнын шайлоосуна кийлигишти деген жүйө менен 35 орус дипломатын өлкөдөн чыгарган. Ошондой эле Орусиянын Нью-Йорк жана Мэриленд штаттарындагы имараттарын жапкан. Бул санкциялардын көбү президенттин буйругу менен жарыяланган.

Эми АКШ Конгресси буга чейинки санкцияларды мыйзамга айлантып, ага жаңыларын да кошту. Жаңы мыйзам америкалык компанияларга Орусиянын темир жол, кеме, металл чыгаруу жана кен тармактары менен иштешүүгө тыюу салат. Ошондой эле Орусиянын мунай өндүрүшү менен байланышы бар компаниялардын бизнесине чектөө киргизет.

Санкцияларды жеңилдетүү же токтотуу маселесин АКШ президенти эмес, Конгресс чечип калат. Президент Трамп кайсы бир санкцияны өзгөртөм десе, өз чечимин Конгресске негиздеп бериши керек болот.

Вашингтондогу Жон Хопкинс университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Хал Брандс санкция маселесинде Конгресс Ак үйдү жарга такаганын айтты:

- Эки себептен улам президенттин санкцияларга кол койгондон башка чарасы калган жок. Биринчиси - 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгү маалындагы анын администрациясы менен орус өкмөтүнүн ортосундагы ыктымал байланыш тууралуу шектенүүлөр. Эгер президент мыйзамга вето койсо, шектенүү күчөмөк жана анын саясий зыяны чоң болмок. Экинчиси, прагматикалык себеп. Конгресс бул мыйзамды ветону ашып өтүүгө жете турган добуш менен кабыл алды. Вето койсо деле болмок, бирок мыйзам анын каршылыгына карабай эле күчүнө кирмек.

Өткөн апта соңунда президент Владимир Путин АКШ конгрессмендеринин жаңы чарасына жооп кылып, Американын Орусиядагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген миңден ашык адамдын 755и кыскарат деп билдирген. Ага чейин Кремл АКШ дипломаттарына Серебряный Бор аймагындагы дачаларын жана Москвадагы кампасын колдонууга тыюу салган.

АКШ-Орусия лидерлери алгач ирет июль айынын башында Гамбургда жолугушкан.
АКШ-Орусия лидерлери алгач ирет июль айынын башында Гамбургда жолугушкан.

АКШнын санкция мыйзамындагы Орусиянын мунай-газ тармагы менен иштешүүгө тыюу салган беренеси Европа Биримдигинин сынына кабылды. Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер жаңы кол коюлган чара Орусиянын газ куурлар системасы менен иштешкен европалык компанияларга зыянын тийгизет деп билдирди.

Зыянга учурай турган газ куурларынын арасында Орусиядан Германияга көгүлтүр от жеткире турган "Түндүк Агым - 2" бар. Мындан улам Германиянын экономика министри санкцияларга каршы күрөшүүгө чакырган.

Украинанын президенти Петро Порошенко болсо АКШнын жаңы санкцияларын кубаттап, жаңы чара украин аймагын толук бошотууга салым кошот деп белгиледи.

АКШ конгрессмендери даярдаган мыйзамга Иран жана Түндүк Корея да жооп кайтарууну убада кылган. Расмий Пхеньян өткөн аптада санкцияларга жооп кылып, континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынаганын билдирген.

Кантсе да санкциялар президент Трамптын шайлоо өнөктүгү маалында Орусия менен алаканы жакшыртабыз деген убадалары оңой-олтоң ишке ашпай турганын күбөлөдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG