Ош: Бир үй-бүлөдөн алты кишинин өмүрүн өрт жалмады
Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде түн ортосунда чыккан өрт бир үй-бүлөдөн алты кишинин өмүрүн жалмады. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ош шаарынын мэри жана укук коргоо органдары иштеп жатат. Президент Садыр Жапаров кырсыктан жабыркагандардын жакындарына жардам көрсөтүлөрүн билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тийиштүү мекемелерге өлкөдө өрттү алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.
Шерине