Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Краматорскиде Орусиянын соккусунан украиналык эки журналист каза тапты


Краматорскиде каза тапкан журналисттер
Краматорскиде каза тапкан журналисттер

Украинанын Краматорск шаарында орусиялык дрон соккусунан украиналык FREEДОМ телеканалынын эки журналисти каза тапты. Бул жөнүндө Донецк облусунун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирип, кийин телеканал кабарды бышыктады.

Маалыматка караганда, аскердик кабарчы, 43 жаштагы Алена Грамова (Губанова) жана оператор, 33 жаштагы Евгений Кармазин набыт болду, атайын кабарчы Александр Колычев жарааттар менен ооруканага жеткирилди.

Сокку болгон учурда журналисттер май куючу жайда машинада отурганын телеканалдан билдиришти.

Маалыматта Алена Грамова «Донецк жана Днепропетровск облустарынын «окуялардын очогунда иштегени» айтылат. Кармазин экөө тең Донецк облусунан болот. Грамованын кичи мекени Енакиево шаарын орус аскерлери 2014-жылы оккупациялап алган. Кармазин Краматорск шаарында туулуп-өскөн.

Украинанын Жалпыга маалымдоо институтунун маалыматына ылайык, Орусия басып киргенден бери 114 журналист иш үстүндө каза тапты.

Октябрдын башында Донбасста пилотсуз учактын соккусунан франциялык фотожурналист Антони Лалликан мүрт кеткен.

Орус тараптан да согушту чагылдырган кабарчылар арасында жоготуулар бар. Жакында Запорожье облусунда РИА "Новости" агенттигинин кабарчысы Иван Зуев окко учту.


Шерине

XS
SM
MD
LG