Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Элчилик Туладагы кыргыз айылы тууралуу маалымат берди


Туладагы кыргыз айылы.
Туладагы кыргыз айылы.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тараткан билдирүүдө Туладагы "Ала-Тоо" айылынын жашоочуларынын маселеси көзөмөлгө алынганы жазылган.

Маалыматка караганда, элчилик кызматкери Туладагы кыргыз айылы караган Заокский районунун жетекчилиги жана кыргызстандыктарга жер саткан риэлтор компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну өтүнүп кат жазган. Ошондой эле Тула облусунун жана Заокский районунун жетекчилиги менен бир нече жолу сүйлөшүүлөр болду. Алар азыр эмгек өргүүсү маалы болгондуктан, маселени терең талдап көрүп чечим кабыл алынаарын, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилээрин билдиришкен.

2016-жылдан тартып Туладагы Заокский районуна караштуу Клищино айылында кыргызстандык мигранттар 478 жер үлүшүн жеке менчикке сатып алып, айрымдары турак жай кура баштаган. Жер ээлеринин жарымынан көбү - Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар.

Быйыл 29-июнда Заокский районунун депутаттар кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарба багытында өткөрүүнү чечкен. Бул чечим кыргызстандыктардын нааразылыгын жараткан.

Буга чейин айрым орусиялык маалымат каражаттарында «Тулада кыргыз анклавы курулуп жатат» деген макалалар чыккан чыккан. Клищинодо жашаган кыргызстандыктардын турак жайларын каттоодон "Росрегистр" мекемеси да баш тарткан.

XS
SM
MD
LG