Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Олимпиаданын эртеңи да болду...


Бразилиядагы 31-Олимп оюндарынын жабылыш аземи.
Бразилиядагы 31-Олимп оюндарынын жабылыш аземи.

Рио-де-Жанейродо 22-августка караган түнү 31-Жайкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. "Маракана" стадионунда болгон жабылыш аземи шаң менен өттү. Анда олимп оту 2020-жылда жайкы оюндар өтчү Токио шаарына берилди.

Эки аптага созулган 31-Олимп оюндары көптөгөн талаш, карама-каршылыктуу окуяларга бай болду. Анын жабылыш аземи да оюндардын мүнөзүн көрсөткөндөй катуу шамал жана жамгыр менен коштолду.

"Маракана" стадионундагы театралдык шоу дүйнөнүн бардык мамлекеттеринен келген үч жүздөй спортчунун катышуусунда өттү. Олимп оюндары аягына чыкканын Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах жарыялады:

- Бул Олимп оюндары кийинки муунга уникалдуу мурас калтырып жатат. Тарыхта Олимпиадага чейинки жана оюндардан кийинки Рио-де-Жанейро болуп кирип калат. Мен 31-Олимп оюндарын жабык деп жарыялайм.

Олимпиаданын жабылышы. Маракана стадиону.
Олимпиаданын жабылышы. Маракана стадиону.

Салтанаттуу жабылыш аземине миңдеген ыктыярчылардын жана спортчулардын жүрүшү өтүп, от 2020-жылдагы Олимп ээси Токиого өткөрүлүп берилди.

Оюндардын жабылышына ар кыл өлкөлөрдөн келген миңдеген чет элдиктер көз салды. Алардын бири португалиялык ыктыярчы иш-чарага катышуунун өзү чоң кубаныч тартуулаганын жашырган жок:

- Бул абдан укмуш салтанат болду. 2016-жылкы Олимп оюндарына катышкан спортчулардын көбүн көрдүм. Мен дал ушундай жол менен оюндарга катышып калганыма сүйүнүп турам. Мен ыктыярчы болгонума сыймыктанам.

Ал эми кийинки олимпиада өткөрүү кезегин Жапония өзүнө алды. 2020-жылы Токиодо өтчү оюндар презентациясын жапон премьер-министри Синздо Абе жасады.

Риодо жайкы оюндары даярдыктын башталышынан тарта эле ар кандай талаш жараткан талкуулар, ыңгайсыз жагдайлар, анын мурда болбогон спорттук рекорддор менен көпчүлүктүн эсинде калды.

Допинг чырына байланыштуу узак териштирүү, бразилия бийликтеринин оюндарды өткөрүү даярдыгына айтылган сындарды эске албаганда, мурда күтүлбөгөн спорттук жетишкендиктер көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты.

Пуэрторикалык Моника Пуигтин теннистен утушу, сингапурдук суучул Жозеф Скулингтин Олимпиаданын көп жолку чемпиону Майкл Фелпсти сууда сүзүүдө алтын медалсыз калтырышы бул оюндардын кызыгын арттырган окуялардан болду.

Ал эми жалпы командалык эсеп боюнча тизмеде андай деле чоң өзгөрүүлөр болгон жок.

Допинг чырынын таасири

Төрт жыл мурункудай эле алдыңкы орундарды АКШ, Британия жана Кытай ээледи. АКШ бул ирет 121 медалы менен көч башында турат.

Британия 67 медалы менен экинчи орунга татыды. Кытай алдыңкы үч лидердин катарында калганы менен байкоочулар бул жолу кытайлык спортчулар күтүлгөндөн начар жыйынтык көрсөткөнүн белгилешти.

Себеби, Кытай Бээжин олимпиадасында -100 медал алса, Лондондо - 88 медалга ээ болуп, ал эми Риодо медалдардын саны -70ке түшкөн.

Айрымдар мындай жагдайды күчөтүлгөн допинг текшерүүлөр менен байланыштырууда. Дисквалификациядан корккон спортчулар Олимпиадага катышуудан баш тартышты.

Орусия бул ирет Лондондогудай эле төртүнчү орунду ээледи. Быйыл допинг чуусуна байланыштуу орусиялык көп спортчулар Олимпиадага катышкан жок. Алардын арасында жеңил атлетчилер толугу менен четтетилген.

Пуэрто-Рико жана Сингапурдан башка тарыхтагы эң алгачкы медалын бул ирет Фиджи аралынын спортчулары да алышты. Бул мамлекеттен чыккан регби боюнча эркектер курамасы финалда Британиянын командасын 43-7 эсебинде жеңип, алдыга озду.

Спорттон кетчү чемпиондор

Бул Олимпиададан кийин спорттук карьерасынын жыйынтыктай турганын дүйнөлүк масштабдагы эки спортчу - америкалык суучул Майкл Фелпс жана жамайкалык жөө күлүк Усэйн Болт жарыялады.

Фелпс Олимпиада тарыхында эң көп медалдын ээси деген наамын дагы бир жолу бекемдеди. Анын капчыгында 28 Олимпиада медалы бар. Алардын 23ү алтын. Риодогу быйылы оюндарда Майкл Фелпс беш алтын, бир күмүш утуп алды. Усэйн Болт болсо үч Олимпиадада катары менен чуркоонун бардык түрү боюнча алтын алуу максатын койгон. Ал Бээжинде, Лондондо жана Рио-де-Жанейродо өз максатына жетти.

Усэйн Болот
Усэйн Болот

Ошентип Олимпиаданын тогуз жолку чемпиону Усэйн Болт чоң спорттон кеткенин жарыялады.

​Карьерасынын аягына чыкканы тууралуу орусиялык жеңил атлетчи Елена Исинбаева да ачыкка чыгарды.

Риодо өткөргөн маалымат жыйында Олимпиаданын эки жолку чемпиону Исинбаева жаш курагына байланыштуу Токиодогу Олимпиадага катышпасын айтты. Өз карьерасында Исинбаева 28 жолу дүйнөлүк көрсөткүчтөрдү жаңылаган.

Түркмөнстан менен Кыргызстан медалсыз калды

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүн алсак, соңку эки күндүн ичинде Өзбекстан өз капчыгын эки алтын менен толуктап, аймакта медалдын саны боюнча алдынкы орунга чыкты. Өзбекстан жалпысынан 13 медалга ээ болду.

Медалдарынын саны көбүрөөк болгон менен Казакстан бул ирет жалпы командалык эсепте 22-орунга татыды. Коңшу өлкө бул ирет буга чейинки көрсөткүчүн жаңылап, 17 медалга ээ болду. Анын үчөө алтын, беши күмүш жана тогузу коло. Тажикстан Олимпиада аяктарына бир күн калганда спорттун балка ыргытуу түрү боюнча жалгыз алтын медалга ээ болду. Бул Тажикстандын эгемен тарыхындагы жалгыз алтын медал. Түркмөнстан бул ирет да олимп оюндарын медалсыз жыйынтыктады. Олимпиадагы допинг чатагы Кыргызстанды кыйгап өтпөй, коло медалга ээ болгон Иззат Артыковдун канында кызытма табылды деген жүйө менен жетишкендиги жокко чыгарылды. Ошентип, кыргыз спортчулары байгелүү орундардын бирине да илинген жок.

Балка ыргытуу боюнча алтын медалга ээ болгон тажикстандык Дилшод Назаров.
Балка ыргытуу боюнча алтын медалга ээ болгон тажикстандык Дилшод Назаров.

XS
SM
MD
LG