Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мүлктөрдү легалдаштыруу мыйзам долбоорунда айрым бир опурталдуу учурлар бар экенин билдирди.
Ал документ жетимдерден тартып алган мүлктү, адам, курал-жарак сатуудан жана коррупциядан түшкөн кирешени адалдаштырууга жол ачылышы ыктымалдыгын эскертти.
Өткөн айда президент Садыр Жапаров парламентте долбоордун башкы максаты мүлкүн четте жашырган ишкерлердин, мурунку аткаминерлердин акчасын өлкөгө алып келүү экенин айткан.
Дастан Бекешев президенттин администрациясы иштеп чыккан "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоору тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анда бул документти дагы бир сыйра кунт коюп окуп чыкканын, анда айрым бир күмөндүү жагдайлар бар экенин, арам акчаны адалдоого жол ачышы ыктымалдыгын эскертти.
"Чын-чынында мыйзам долбоору камкорчулук (опекун) укугунан кыянат пайдаланып жетимдерден тартып алынган мүлктөрдү, адам органдарын, адам жана курал-жарак сатуудан тапкан пайданы, сойкуканаларды ачуудан түшкөн каражаттарды легалдаштырууга, эстремизм ана терроризмди каржылоого жол ачат", - деп жазды.
Ошондой эле документте чиновниктердин буга чейинки берген декларациялары жок кылынарын жана мындан ары жарыялоо талабы жоюларын кошумчалады.
"Мындан ары кызматта турган ууруларды талкуулап, сындай албай каласыздар",- деп жазган Бекешев мыйзам долбоорду кийинки окууга чейин жокко чыгаруу үчүн өз сунуштарын берерин белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулга жуп кетер алдында бул мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырган жана ал талаш-талкуу менен коштолгон.
Негизинен парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы документти сындаган. Аталган фракциядан депутат Исхак Масалиев дагы күзгө чейин, экинчи окууда каралып жатканда бир катар сунуштар берилерин билдирди.
"Мен каршы пикиримди айткам. Себеби, ал жерде коррупция, уурдоо, шалаакылык, ыйгарып алуу деген беренелерге мунапыс жарыяланат экен. Мамлекеттин мүлкүн ыйгарып алуу, мыйзамсыз баюу дегенге эч кандай мунапыс болбошу керек деп талап кылып жатабыз. Мен буга каршымын. Биз сунуштарыбызды күзгө чейин беребиз. Экинчи окууга чейин демилгечилер, өкмөт ошолорду кабыл алса, анда мыйзам долбоорун колдосо болот. Эгерде сунуштарыбызды кабыл алышпаса, анда колдобошубуз керек".
Деген менен парламенттин экс-депутаты, мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Дастан Бекешев кооптонгон жагдайларга негиз жок деген ойдо.
"Чын-чынына келгенде бул дүйнөлүк жакшы эле тажрыйба. Мисалы, бизде көп адамдар акчасын сыртта кармашат. Анткени жалкып калышкан. Күнөөсү деле жок, болгону бул жакта байлыгын жашырып, көздөн далдоо бололу деп ойлошот. Көбү байларга карата пикир жакшы эмес деп акчасын сыртка ташыйт. Бул ошол каражаттарды кайтарып келүү аракети. Кандай жыйынтык чыгарын убакыт көрсөтөт. Азыр эми бир-эки коррупционер акчасын адалдаштырып алат, мыйзамдан кутулуп кетет деп жоромолдоп жатпайбы. Бул мыйзам аларга иштебейт. Ал жерде кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоо тууралуу сөз жок да".
Президент Садыр Жапаров өткөн айда Жогорку Кеңеште документтин максаты коррупциялык жол менен табылган акчаны адалдоо деген дооматтарды четке каккан. Бул мыйзам аркылуу мүлкүн четте жашырган ишкерлердин, мурдагы аткаминерлердин акчасын өлкөгө алып келүү деп ишендиргенге аракет кылган.
"Араңарда бул мыйзамды сындап чыккандар да болду. "Бийлик, өкмөт байларды, ичкен-жеген мурдагы чиновниктердин акчасын адалдаштырып берип жатат" деп айтышты. Ооба, өлкөбүздө 200дөн ашык байларыбыз бар. Башка өлкөлөр сыяктуу эле бизде деле миллионерлер, миллиардерлер бар. Бирок алар акчасын чет өлкөлүк банктарда кармайт. Чет өлкөлөрдө миллиард, миллиондорго заводдорду куруп жатышат. Октябрь окуяларынан кийин колдон келишинче алдын 2 миллиард, артын 100 миллион долларга чейин төктүрүп баарын алгандай болдук. Бирок ага карабай чет өлкөдө каткан акчасы көп. Бул мыйзамдын максаты ошол катып жаткан акчаны Кыргызстанга алып келип биздин банктарга салса, банктар пайда көрөт. Завод-фабрика салса иш орундары пайда болот, салыгы бизге төлөнөт. Ошол байлардын арасында колдой турган досум, же тууганым жок. Бул мыйзам долбоорун биринчи жолу кабыл алып жаткан жоксуңар. Буга чейин 2005, 2008 жана 2010-жылы, эки-үч жолу кабыл алып бергенсиңер. Бирок ал мыйзамдар иштеген эмес, анткени чийки болчу. Биздин байлар ошол мыйзамга ишенген эмес. Биз баарын тактап, мыйзам иштеп кете тургандай кылып байларды чакырып сүйлөшүп, алардын дагы кеңешин угуп анан гана силерге жиберген мыйзам. Минтип биринчи окуудан өттү. Эми дагы деле арам ойлоп жатсаңар кабыл албай деле койсоңор болот".
Мунун алдында Экономика жана коммерция министрлиги мыйзам долбоору жалпыга бирдей декларацияга өтүү алдындагы даярдык этабынын бир бөлүгү экенин билдирген.
Талдоочу Руслан Акматбектин пикиринде, бийликтин бул айткандары ишкерлерди ынандыра алган жок, ошондуктан бизнесмендер эртең эле акчасын Кыргызстанга ташыйт деп айтууга болбойт.
"Кыргызстанда көп эле нерселер бир ууч адамдарга, элитага ыңгайлуу болуп, ошолордун жакшы жашоосу үчүн жасалып жатпайбы, тилекке каршы. Ошон үчүн бизнес чынында буга барбайт. Себеби бизде өкмөт тез алмашып жатат, мыйзам иштебейт. Алар алып келген акчасын, байлыгын эч ким тартып албайт, эч ким албайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Эч ким ага ишенбейт. Биздикиндей эч ким эч нерсеге жооп бербеген шартта бизнесмен "башын канжыгага байлап", акчасын ишенип тапшыра албайт. Ошол эле маалыматтар Салык кызматына берилбешине же кылмыш топторго жетип калбашына эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан буга чейин дагы мындай демилге көтөрүлүп майнап чыккан эмес, азыр деле пайда түшпөйт. Балким биз толук билбеген, байлыгын коррупциядан тапкандар келип акчасын адалдап алышы мүмкүн".
Бийлик көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу кампаниясы бир жылга созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берилерин маалымдаган.
Мурдагы айыл чарба министри, ишкер Тилек Токтогазиев бизнесмендерди ынандыруу үчүн бир гана мыйзам жетиштүү эместигин айтты:
"Ишкерлерге шарт түзүп беребиз дешсе, анда башка чөйрөлөрдө дагы өзгөрүүлөр болушу абзел. Сот эркиндиги болушу керек. Укук коргоо органдары дагы ишин так аткаргандай болушу керек. Жалпы инвестициялык климат жакшырышы шарт. Бюрократиялык барьерлерди алып, салык жактан жеңилдетүүлөр болушу керек. Ошондо деле ишкерлер дароо ишенип кетпейт. Эки-үч жыл дыкат байкап, мүмкүн чын эле реформа болуп кетсе ошондо гана ойлонуп көрүшү мүмкүн. Арам жол менен акча тапкан ишкерлерди бул жакка алып келип эмне кылабыз? Туура, таза жол менен акча тапкан, кадыр-барктуу инвесторлорду алып келсек, Кыргызстан прогрессивдүү өлкө катары таанылат. Азыркы жасап жаткан кадамдардын баары, мыйзамдар шылуундар үчүн гана, арам акчасын адалдап алуу үчүн гана жасалып жаткандай сезилет. Ушундай жагдайларга күбө болгон, өзүнүн репутациясы үчүн кам көргөн чоң ишкерлер мындай мамлекетке эч качан ишенбейт".
Садыр Жапаров 2020-жылы октябрда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болуп турганда Кыргызстанда бир айлык экономикалык мунапыс жарыялаган.
Бул аралыкта коррупциялык жол менен табылган кирешелерди, мыйзамсыз мүлктү, жашырылган салыктарды ачыкка чыгарууга, мамлекетке кайтарууга чакырган. Андан кандай майнап чыкканы азырынча айтыла элек.